Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Турникте тулкусун ойноткон чеберлер


«Workout Open Fest - 2020» мелдешинин жеңүүчүсү Владислав Тимошенко.
«Workout Open Fest - 2020» мелдешинин жеңүүчүсү Владислав Тимошенко.

Бишкекте «Workout Open Fest - 2020» деген аталышта көчө гимнастикасы боюнча мелдеш өттү. Бул баш калаада карантин чаралары жумшартылгандан кийинки ачык асман алдында өткөн алгачкы мелдештердин бири. 

Владислав Тимошенко турникте асынган абалда чимириле айланып, кызыктуу көнүгүүлөрдү жасап жатат. Ал Бишкекте өткөн көчө гимнастикасы боюнча «Workout Open Fest - 2020» мелдешинде өзүнүн эң мыкты көнүгүүсүн аткарып жаткан учуру.

Спортчунун аракети текке кетпей, ал көнүгүүлөрдү мыкты аткарганы үчүн жогорку упай алып, мелдештин жеңүүчүсү болду.

Владислав Тимошенко мелдеш учурунда.
Владислав Тимошенко мелдеш учурунда.

«Мен жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин, - деди жеңүүчү. - Жок дегенде үчүнчү орунду ээлесем абдан жакшы болмок деп кыялданып жаткам. Азыр жеңишиме абдан кубанып турам. Мелдеш оңой болгон жок. Күчтүү атаандаштар көп болду».

Ал эми мелдештин күмүш байгесин Нуртилек Калыев утуп алса, үчүнчү орунду Тыныстан Жыргалбеков ээледи.

«Workout Open Fest - 2020» мелдеши болсо Бишкектеги жаңы ачылган ден соолук жана эс алуу багында өттү.

Таймаш учурунда ар бир спортчуга бир мүнөт берилет. Ошол убакытта спортчу турникке асынган абалда мүмкүн болушунча көп жана ылдам көнүгүүлөрдү жасашы керек. Канчалык татаал көнүгүүлөрдү жасаса, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.

Турнирде калыстык милдетти аркалаган, көчө гимнастикасы боюнча улук машыктыруучу Эмир Мырзабеков мелдеште мыкты спортчулар көп болгонун айтып, буларга токтолду:

«Мелдеш батл форматта өттү. 16 спортчу эки-экиден бөлүнүп, бири-бири менен мелдешти. Жеңилгени мелдештен четтеп, жеңгени кийинки айлампага өтөт. Стрит воркаут эки түргө бөлүнөт. Биринчиси - динамика. Мында спортчу турникте айланып, күнгө окшош элементтерди жасайт. Экинчиси - статика. Буга күч колдонуучу көнүгүүлөр кирет. Спортчу турникти колу менен кармап, бутун асманга көтөрүп же бир колдоп, дагы башка көнүгүүлөрдү жасашы керек. Бул аябай оор. Биз ушулардын баарын карайбыз. Актёрдук чеберчилик, динамика, статика жана элементтерди туура аткарып жатабы - баарына көз салдык. Мыкты спортчулар көп, тандаш кыйын эле болду».

Буга чейин өлкө боюнча мелдештин онлайн тандоо айлампасы өтүп, анда 50 катышуучунун ичинен финалдык беттешке 16 спортчу тандалган.

Кыргызстандын көчө гимнастика федерациясынын президенти Тамирлан Богатырев мелдештин финалына эл аралык калыстар Интернет аркылуу түз эфирде көз салып турганын билдирди:

Тамерлан Богатырев.
Тамерлан Богатырев.

«Эл аралык стрит воркаут уюмунун жетекчиси Денис Минин, Армения, Украина, Казакстан жана Чили мамлекеттеринин стрит воркаут федерацияларынын өкүлдөрү мелдештин жүрүшүнө баа беришти. Бул карантин чаралары жумшартылгандан кийинки масштабдуу мелдештин бири. Биз бардык санитардык эрежелерди сактадык».

Стрит воркаут же көчө гимнастикасы - Кыргызстандагы жаңы көрүнүш. Мында спортчу турникке асынган абалда түрдүү көнүгүүлөрдү жасайт.

Спорттук медицина боюнча адис Иса Бичанов жалпы элди сергек жашоого тартууда стрит воркаут баа жеткис спорт экенин белгиледи:

Иса Бичанов.
Иса Бичанов.

«Көчө гимнастикасы - жалпы элге жеткиликтүү спорт. Бул спорт менен каалаган жерде, каалаган учурда, ар кайсы жаш курактагы адам машыкса болот. Спорттук медицина жагынан алып карасак, бул адам эң аз жаракат ала турган спорт. Мында адам өзүнүн денеси менен иштегендиктен, дээрлик жаракат албайт. Бул спорт жалпы элдин саламаттыгын чындоодо абдан жакшы спорт. Ал эң биринчи ден соолукту жана дене түзүлүшүн оңдоого арналган. Каражат, экипировка, атайын шаймандар талап кылынбайт».

Акыркы жылдары Кыргызстанда көчө гимнастикасы менен машыккандар көбөйгөн. Көчө гимнастика федерациясынын маалыматы боюнча Бишкектин өзүндө эле 2000ден ашык киши бул спорт менен күн сайын машыгат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG