Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

2014 - мамлекетти бошоңдотуу жылыбы?


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун жактоочулары бууган Ош-Эркеч-Там жолу.
Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун жактоочулары бууган Ош-Эркеч-Там жолу.

Быйылкы жылды президентибиз Мамлекетти бекемдөө жылы деп туура эле жарыялаган эле. Тилекке каршы, иш жүзүндө бүт баары теңирден тескери кетүүдө.

Каякты караба, ызы-чуу түшүп жол тосмой, бийлик адамдарын алка-жакадан алып, милицияны ур-токмокко алмай, уруу-уруу болуп курултай өткөрмөй, акылга тетик уул-кыздарды эмес, уурулар менен паракорлорду жактап тополоң салып, сот бийлигине союл кеземей, ж.б. Эки кыргыз чогулган жерде саясат, үч кыргыз баш кошкон жерде пикет, он кыргыз чогулган жерде - же партия, же жаңы “революциячыл кыймыл”.

Учурда мамлекетчил эр-азаматтардын эмес, регионалисттер менен трайбалисттердин, колотчул саясатчылар менен уруучул-топчул лидерлердин доорону сүрүп турган кез. Карап турсаң бул өлкөдө эл-журтту бириктирип, экономиканы, мамлекетти бекемдөө аракети эмес, элди ого бетер кедейлетүүнүн, эптеп эле калкты бөлүп-жарып, Кыргызстанды мамлекет катары алсыздандыруунун, керек болсо кыйратуунун ар түрдүү айла-амалдары жасалып жаткандай туюлат.

Бул бир жагы. Экинчи жагы, бул мамлекетте ким ууру экенин, коррупциянын сормо сазына кайсы чиновник белчесинен батканын баарыбыз жадыбалдай жат билебиз, анткени чакан мамлекетпиз. Бирок аларга кичине эле иш козгосоң - анда нака ажыдаардын куйругун басканың. Же урук-туугандары кан жолдорду бууп, элди азапка салат, же саясий себеп менен мени куугунтуктады деп, жегичтер менен жуткучтар көрүнгөн жерде догурунат. Куру дегенде менчиктеп алган партиясы же партиялаштары парламентте чуу салат. Көзгө сайып көрсөтүп, ондогон үйлөрдүн фотосун, миллиондогон доллар машиналардын документин колуна карматсаң да, эч качан моюнга албайт. Акчалар өзүнөн-өзү эле самандай сапырылып, машиналар өзү эле короого келип туруп калыптыр деп карганат.

Ал эми элдин сүйлөгөнү, коомчулуктун бир ооздон айткан талабы эмне? Элдин бир эле талабы бар - уурулардын алкымын тыйып, жегичтердин жемсөөсүн какшытуу, бүт баарын курортко эмес, түрмөгө тыгуу, сот жообуна тартуу.
Ал эми бийликчи? Ырасын айтсак, аны алакан чаап мактай турган себептер азырынча абдан эле аз. Бирок кандай болсо да бийлик го, анын айтканын аткарбасак да болбойт. Антпесек мамлекет тарайт, тартип жоголот, ар бир колот же аймак өз билгенин жасап, бийлик бара-бара деградацияга тушугат, мыйзам тепселип, өлкөнү башкаруу тетиги Ооганстандагыдай “талаа командирлеринин” колуна өтөт.

Айтор, бүгүнкү күндөгү биздин жалпы акыбалыбыз абдан эле алгылыксыз. Элдин тили менен айтсак, киши күлгүдөй, экинчи жагынан карасаң, мышык ыйлагыдай. Бул акыбалды кандайынан болсо да оңдоп, азыркы туңгуюктан эптеп жол таап чыгып кетпесек, келечегибиз бүдөмүк, перспективабыз жок экени шексиз. От дегенден ооз күйбөйт го - эгер бул ызы-чуулар токтобой, акыры баягы шойкомдордун артынан эл дагы ээрчисе, адетибизче Ак үйдү көздөй жасалчу “Чоң казаттын” жолуна кайрадан түшсөк, сырткы дүйнө бизге биротоло кол шилтейт. Үстүбүзгө үйрүлүп эмес, бизден үркөт да качат. Туристтер эмес, алыстагы туугандарыбыз бизден четтейт.

Эми Алайдагы эл аралык трассаны бууган туугандарга, ошондой эле бийликтеги чечим кабыл алчу жолдошторго карата эки ооз сөз. Келдибековбу, Кеттибековбу - эгер чын күнөөсү болсо, жазасын алыш керек. А бирок чын эле догдурлар кепилдик кылган оорусу болсо, операция жасалса, гумандуулукту көрсөтүп, үй камагына чыгарып койгондон эч нерсе деле астын-үстүн болуп кетмек эмес.

Экинчиден, Келдибековдон өткөн уурулар менен кескилер, чыныгы колу кандуу гангстерлер азыр нака Ак үйдүн үстүңкү кабаттарында, парламенттин ичинде отурат же ошол тегеректе жүрөт. Ал жөнүндө гезиттер жаза берип чарчады. Дагы жазат. Бир гана үмүт - алардын да кезеги бир күнү келет, келбей койбойт, анткени кыңыр иш кырк жылда болсо да ачыкка чыгат. Ошон үчүн көктөн түшө калгансып, өтө эле өжөрлөнө бербей, аз да болсо элдин талабын угуп, мыйзамдын чегинде ишти улантышса туура эле болмок. Абалды курчутуудан азыр эч ким утпайт. Бийлик да утулат, биз да утулабыз. Эң негизгиси, Кыргызстан утулат, мамлекет утулат.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG