Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Темир Сариев ЕАЭБге кирүүнүн оош-кыйыштары, жалпы экономикалык жагдай тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараянына ошол кездеги премьер-министр катары жетекчилик кылган Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, “Ак-Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев «Азаттыктын» Прагадагы студиясына келип, экономикалык жагдай тууралуу суроолорубузга жооп берди.

"Азаттык": Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн аптада жылдык маалымат жыйынын өткөргөн маалда жергиликтүү журналист: "Эмне үчүн Евразия экономикалык биримдиги бардык мүчө өлкөлөргө бирдей иштеп, баарына бирдей пайдалуу болбой жатат? Мисалы, кыргызстандык дыйкан-фермерлер ошого ишенип алып банкрот болуп калышты" деген суроо берди. Сизге да ошол суроону берсек туура болчудай.

Путин Кыргызстан, АКШ, Сирия тууралуу

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Москвада жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстан, АКШ, Сирия, өлкөнүн өзүндөгү актуалдуу маселелер туурасында суроолорго жооп берди.

Темир Сариев: Биз Евразия экономикалык биримдигине кирип жатканда баары эле майталкан болбойт деп айтканбыз. Ал жерде иштеш керек. Анткени атаандаштык абдан күчтүү рынокко кирип жатабыз. Биринчиден, биз базарды ачып жатабыз, атаандаштык абдан чоң болот. Биз аны жеңүү үчүн даяр болушубуз керек. Тилекке каршы биздин өнөр жайыбыз, өзгөчө айыл чарбасы – майда товардык өндүрүшкө негизделген. Кичинекей көлөм менен чоң рынокко чыгуу кыйын. Чоң логистикалык, сатып алуу борборлорун түзүү зарыл, бул багытта иштер былтыр башталган.

Экинчиден, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу талабы бар. Биз эмне үчүн өндүргөн нерсебизди сата албай жатканыбыздын экинчи жагы товардын сапатына кепилдик берилиши керек. Биз муну далилдешибиз керек, ал үчүн атайын лабораториялар керек. Чынын айтканда, Кыргызстанда абдан жакшы азык-түлүк товарлары өндүрүлөт. Бирок аларды кардарга жеткирүү жолу бизде начар. Карап көрсөңүздөр, бул жагынан Орусия, Казакстан өнүгүп кетти. Алар базарларда азыраак эле сатып, негизинен азык-түлүктүн бардыгы тең супермаркеттерге барат. Андай жерлерге товар атайын кутучуларга оролуп даярдалып, мөөр басылып, анан сатыкка түшөт. Базарда отуруп, 3-5 килограммдан сатам деген болбойт. Мына ушундай чоң сапаттуу рынокко чыгууга бизде даярдык жок болуп калды.

"Азаттык": Даярдык жок туруп күчтүу атаандаштыкка туруштук бере албасыбызды билсек, балким бул биримдикке кирбей турган бизге пайдалуу болмоктур?

Темир Сариев: Евразия экономикалык биримдигине киргенде биз төрт эркиндикти алганбыз. Биринчиден, адамдардын ээн-эркин жүрүшү. Бул жагынан маселе жок. Мына, Орусиянын Борбордук банкы берген маалыматта Орусиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү быйыл өсүптүр, ал эми Тажикстан менен Өзбекстандыкы салыштырмалуу азайды. Биздин атуулдарыбыз эркин басып, эркин иштеп, медициналык, социалдык жактан коргоого ээ болуп калышты.

Экинчиден, тейлөө эркиндиги. Машиналардын, анын ичинде оор жүк ташуучу машиналардын жүрүүсү, тейлөөнүн башка түрлөрүнүн: туризмде, баалуу кагаздар алкагында тейлөө эркиндиги. Бирок бул тармактарда дагы биздин көлөмүбүз кичине болуп жатат, маселенин баары ошол жерге байланган.

Үчүнчүсү, капиталды жүгүртүү эркиндиги. Мунун пайдасын биз келечекте көрөбүз деп ойлойм.

Төртүнчүсү, товар ташуу, алып өтүү эркиндиги. Бизден помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштен маселе жок. Азык-түлүктөн маселе сүт менен этке такалат. Анткени ветеринардык лабораториялар салынбай турат. Биз Евразиялык биримдик тааныган, сертификациядан өткөн лабораториянын бирин түштүккө, экинчисин түндүккө салышыбыз керек болчу. Ошол ишти аткаруу созулуп кетти. Бул маселени чечсе болот эле.

"Азаттык": Улуттук экономикабызды кантип өнүктүрөбүз деп келечекти көздөй карасак -- аны эмгек мигранттарын көбөйтүп, алардын акчасына жан багууга багыттай албайбыз да. Кандай багыттагы ишканаларды ачып, кайсы тармактар аркылуу экономикабызды бутуна тургуза алабыз?

Темир Сариев: Биздики чакан жана абдан мобилдүү экономика. Андагы артыкчылыктуу багыттар аныкталган. Экономикабызды тез өнүктүрүп, кыска мөөнөттө көтөрүп кетчү багыттар бар. Бул айыл-чарбасындагы кайра иштетүү, текстиль (кийим тигүү) тармагы.

Узак мөөнөттү, көбүрөөк акча талап кыла турган тармактардан энергетика, машина куруу, чакан жабдыктарды чыгара турган өнөр жай багыттары. Албетте, буга көлөмдүү капитал жана технология керек. Аларды да чыгарсак болот.

Мындан башка бизде IT технология же жогорку технологиялардын паркы абдан перспективдүү багыт деп алганбыз. Туризмдин дагы чоң потенциалы бар. Анан эң негизгиси - адам ресурсу. Биздин адистерге дагы чоң ишканаларда иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп берсек болот. Дагы бир багыт - бизде билим алууга жана адистикке даярдоого талап бар. Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн бизге келип окуп, диплом алууга кызыкдар миңдеген жаштар бар.

"Азаттык": Сиз айткан ар бир тармакты өнүктүрүүдө Европада, маселен, эл аралык, глобалдашкан ишканалар гана дүйнөлүк базарда алдыга чыгып кетип жатышат. Сиз жогоруда санаган тармактарга инвестиция канчалык тез келсе ошончолук өнүгүү тез жүрөт эле. Инвестиция эмнеге келбей жатат?

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Темир Сариев: Биринчиден, албетте, саясаттагы жана экономикалык эрежелердин туруктуулугу керек. Мен премьер-министр болуп иштеп жүрдүм, андан мурда экономика министри болдум. Мүмкүн бүгүнкү күндө үч-төрт ири мекеме менен түз келишим түзүп иштешкенибиз туурадыр. Биз демократия, ачыктык деп баарын тендер аркылуу кылабыз дегенибиз жакшы. Бирок ал жерден көп учурда биз кепилдик бере албай калып жатабыз. Анткени тендер менен алынгандан кийин эле ар түрдүү күчтөр бул туура эмес, муну кайра кайтарыш керек деп чыгышат. Мунун баары инвестициялык климатка балта чапкандай эле терс таасирин тийгизип жатат.

Инвесторго туруктуулук жана ишеним керек. Ишенимди камсыздоо үчүн бийликтин туруктуулугу керек. Мисалы чет элдик ишкер, чоң компания келип, министр, премьер-министр, аким-губернатор менен жолугуп, таанышып иш баштайт. Эми көнө баштаганда ал жетекчилерди алмаштырып салса алар кайра келип, кайра башынан баары менен жолугуп таанышышы керек. Ага кайра бир жылга чейин убакыт өтүп кетет.

Экинчи жагынан биз административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүбүз керек. Биз бир тобун жөнөкөйлөштүрдүк, бирок бүгүнкү күндө бийлик тез-тез алмашкандыктан даярдыксыз адамдар министрликке, жергиликтүү бийликке келип калып жатышат. Мына алар да өзүнүн зыянын тийгизип жатат. Ишкер адамдар, чоң компаниялардын башчылары менен бир тилде сүйлөшө албай, эмне жөнүндө сөз болуп жатканынан түшүнүгү да жок. Бул дагы тоскоол болот. Эң негизгиси -- иштеш керек. Эртеден кечке чейин жанды сабап, 12-15 саат иштеп, бийликке келген адам натыйжа бер аларын өзүнүн иши менен далилдеши керек.

Мамлекеттик органдарда бекем тартип орнотуу зарыл, антпесе иштен натыйжа чыкпайт. Жетекчи адамдарда иш, анын натыйжасы үчүн абдан чоң жоопкерчилик сезими болушу керек. Мына ушул үч нерсе орносо, кыска мөөнөттүн ичинде экономиканы жандантып алмакпыз деп ойлойм.

Маектин калган бөлүгүн бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" архиви: Бажы биримдигине баратабыз. 16-сентябрь, 2014-жыл
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG