"Юристтерди даярдаган окуу жай эми кантип программисттерди даярдайт?" деп эми программисттер нааразы.
Кыргызстандын программисттер ассоциациясы бир жылдан бери өз күчү менен IT академиясын негиздеп, окутуу программасында теорияга эмес, практикага басым жасап, ар тармактуу адистерди даярдап келет.
Кыргызстанда акыркы жылдары программалык камсыздоо тармагы ылдам өнүгүп жатат. Кыргызстан программисттер ассоциациясынын демилгеси менен 2011-жылы өлкөдө Жогорку технологиялар паркы ачылган. Анткен менен эксперттер программалык камсыздоо жаатындагы адистердин тартыштыгын негизги көйгөйлөрдүн бири катары белгилейт. Дал ошол себептен улам 2015-жылы Программисттер ассоциациясы кесиптик лицейдин базасында бир жылдык курс сунуш кылып, адистерди даярдап чыгарган IT академиясын түптөгөн. Кийин алар академияны кеңейтүү максатында өкмөткө жардам сурап кайрылган. Бирок түшүнүксүз себептен улам өкмөт IT академиясын Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын астында түзүүнү чечкен.
Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров өкмөттүн токтомун негизсиз жана түшүнүксүз деп эсептейт:
- Биз түшүнбөй калдык. Эмне себептен юристтер программисттерди өстүрөт? Аларда кесиптик ресурстар барбы же жокпу? Ошого биз түшүнбөй калдык.
Азиз Абакиров адистерге болгон муктаждыкты IT өндүрүмүнүн экспорту көбөйүп жатканы менен түшүндүрөт:
- Биз программисттерге муктажбыз. Азыр Жогорку технологиялар паркы АКШдагы Силикон өрөөнүнө экспорттойт, Европага, Казакстанга, атүгүл Жапонияга чейин экспорт жасайт. Биздин экспортубуз эки эсе көбөйүп жатат. Ошондуктан биз программисттерге муктажбыз. Беш жыл бою университеттер даярдап жатышат, бирок ал аздык кылат.
Кыргызстандын программисттер ассоциациясы IT академиясын Юридикалык академиянын алдында түзүү демилгесине нааразы. Алардын айтымында мындай кадам кесиптик билим берүү системасынын идеясына каршы келет.
Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын жетекчиси Ширин Муканбетова каалоочулар эми кайсыл IT-академиядан билим алууну өздөрү чечет деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:
- Биз ишибизди өзүбүзчө уланта беребиз. Эл балдарын Юридикалык академиянын же Программисттер ассоциациясынын программисттерине окууга береби, өзү чечиши керек. Программисттерди мугалим болууга көндүрүү кыйын. Алар көбүнчө публикага чыгууну каалашпайт. Биз аны башыбыздан өткөрдүк. Азыркы академиядагы мугалимдер идеяны жактырганы үчүн сабак берүүгө макул болушкан. Ал эми Юракадемия мугалимдерди кайдан табары белгисиз.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков Юридикалык академиянын алдында ачыла турган IT академия “Таза коом” өнүгүү стратегиясынын алкагында ачылып жатканын айтып, ал азыркы иштеп жаткан IT академиядан башка багытта иш алып барарын белгиледи.
- Булар биз иш алып барып жаткан өнөктөштөрүбүздүн бири эле да. “Таза коом” старт алгандан кийин биз бардык жерди санариптик трансформациялоону көздөп, окуу жайларга "идеяңарды, сунушуңарды бергиле" деп кайрылганбыз. Ошонун негизинде Юракадемия "бизге шарт түзүп бергиле, биз да ошол багытта кол кабыш кылалы, имарат маселесин чечип бергиле" деп кайрылышкан.
Былтыр академиядан 44 бүтүрүүчү канат кагып, алардын баары жумуш менен камсыз болгон. Быйыл академиядан билим алып жаткандар эки эсе көбөйгөн. Азиз Абакировдун айтымында, кыргызстандык программисттер жумуш менен гана камсыз болбостон, дүйнөлүк рынокто да чет элдик адистер менен атаандашып, ийгилик жаратып келет.
Учурда Кыргызстандын программисттер ассоциациясында 30дан ашуун компания катталган. Анда жалпысынан 350дөй программист эмгектенет.