Сооронбай Жээнбеков: Элди таза суу менен камсыз кылуу иштери менин жеке көзөлмөлүмдө. Мөөнөтүм бүткөнчө бул иштерди аткарганга аракет болот.
Президент Жээнбеков ишмердигинин негизги багыттары 2040-жылга чейинки стратегияда камтылганын, алар Кыргызстандын кызыкчылыгын сактоо, экономиканы өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөш, аймактарды өнүктүрүү экенин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков: Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 70% жакыны бүттү. Аймактагы жөө басууга мүмкүн болбогон жолдорду оңдоого каражат бөлүндү. 141 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлдү. Эки жылда 800 чакырымдай жол оңдолду.