Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

10:05 25.12.2019

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

10:05 25.12.2019

Мамлекет башчынын жыйыны бүгүн, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. 2018-жылдагы басма сөз жыйыны 19-декабрда өтүп, журналисттер мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов, парламент депутаты, иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, камактагы саясатчылар жөнүндө суроолорду беришкен.

10:10 25.12.2019

Быйыл журналисттерге жыйын өтчү залга мобилдик телефон алып кирүүгө уруксат берилди. Буга чейинки жыйында телефон менен кирүүгө уруксат берилген эмес.

Жыйында журналисттерге суроо берүү кезегин кол көтөргөнүнө жараша президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева аныктай турганы белгилүү болду.

Буга чейин микрофондун жанына кезекке туруп же журналисттер өздөрү түзгөн тизме менен суроо берилчү.

10:19 25.12.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG