Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги сейил бактардын жери менчикке берилип кеткенин айтты. Борбор калаада жети бакты калыбына келтирүү иши жүрүп жатканын билдирди.
- автор Бакыт Асанов
"Элдик медианын" журналисти саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу сурап, шайлоонун алдында ага убада кылган 25 суроо качан берилерине кызыкты.
Буга Сооронбай Жээнбеков "25 суроону менин бергеним туура эмес болот. Аны тергөө органдары берсин" деген жооп узатты.
Бабановдун мисалы чоң саясат менен бизнестин аралышып кеткенинин эң чоң үлгүсү экенин айтты.
"Бабанов шайлоодо мага негизги атаандаш болгон, кийинки өлкөдөн чыгып кеткен. Ага да менин атымды аралаштырганга аракет кылышты. Анын партия лидерлигинен кеткенин сыртта жүрүп уктум. Ал киши тууралуу башка сөздү айтканым туура эмес болуп калат", - деп сөздү жыйынтыктады.
"Пирамида" каналынын журналисти президентке жакында Ташкентте өткөн жыйында көтөрүлгөн суу маселеси боюнча суроо берди.
- Борбор Азияда үч мамлекетке сууну биз беребиз. Биздин суу берип жаткан гидротехникалык курулмаларды чогуу пайдалануу, ким канча көлөмдө суу алса, ошончо төлөшү керек деген маселени койдум. Казакстан Таластагы Киров суу сактагычы үчүн мурда 75 миң теңге төлөп келсе, аны 150 миң теңгеге чейин көтөрдүк. Бул Кочкордогу Орто-Токой суу сактагычына, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына (Кассан-Сай) да тиешелүү, - деп жооп берди Сооронбай Жээнбеков.