Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

12:32 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Образдуу айтканда Раим деп жатпайсыңарбы, андайлар ондоп-жүздөп чыгат. Бажы кызматында иштегендердин жөнөкөй жашаганын көрдүңөрбү? Биринен бири ашат. Райымбек Матраимовдун маселесин мага чейинки коррупционерлердин саясий технологдору мага жабыштырганга аракет кылып жатат. Эл да талап кылып жатат, силер дагы бердиңер. Дагы билгениңер болсо келгиле. Бул тууралуу айткандар келип, юридикалык жактан бекемдеп берсин. Азыр ошол процесс жүрүп жатат. Менин маалыматым боюнча эки депутат, Райымбек Матраимов өзү, Ширин Айтматова тергөөгө келип кетти. Бул боюнча маалыматтар 13 мамлекетке жөнөтүлдү. Кандай саясий иш болбосун мен аркылуу чечилиши керек. Бажы кызматын толук фискалдаштырып, санарипке өткөрүп жатам. Орусиянын президентинин жардамы менен жасап атам бул ишти. Менде "кошелектор" жок. Алты жерге сканер койдурдук. Аны койдуруу да оңойго турбады. Эркечтемга да, Торугартка да камера коюлду. Бажыдан өткөн жүктүн баары ачык көрүнүп тургандай кылабыз. Салык кызматын да санариптештиребиз. Күчтөп болсо да киргизебиз. 

 

12:24 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Бажы көйгөйү эл аралык маселеге айланып кетти. Мен коррупцияны жоё албасам да, аны кыскартуу аракетин көрүп жатам. Органда иштегендер таза болсо, коррупцияны жеңүү оңой. Таза болбосо жеңүү кыйын. Бул көйгөйдү санариптештирүү жолу менен жеңүүгө аракет кылып жатам. Элетке барганда эл бетке айтып, коррупция менен күрөшүү талабын коюп жатышат. Бажы тармагы бизде эле эмес бардык өлкөлөрдө кирешелүү тармак. 90-жылдардан бери майталкандын, коррупциянын уюгу болуп келген. Менин максатым - бажыда болобу, салыкта болобу ошол "кошелекторду" жоготуу. Мен да тарыхты көрүп жатам. Кийин эл алдында жүзүм жарык болсун. 

12:20 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо калыс, адилет болот. Эл кимге добуш берсе, ошол адамдар келет. Шайлоого жакын бардык саясий күчтөр аракет кыла баштайт. Бардык мүмкүнчүлүктү колдонушат. Бирок мен шайлоону калыс өткөрүүгө аракет кылам. Мен азыр партияда эмесмин. Мурдагы партиялаштарымды көрүп жүрөгүм сыздайт. Алар мага "эмне кылабыз?" деп келип жатат. Мен аларга "мага ишенбегиле, мурдагыдай каражат бере албайм. Өзүңөр аракет кылгыла" деп айтып жатам. 9% чек боюнча маселени келе жаткан жылы карап чечебиз. Болбосо бул маселе саясатчыларды, коомду бөлө тургандай. Парламентте каралып, чечилиши керек. 

12:15 25.12.2019

5-каналга, "Азаттык" радиосуна, "Кабар" агенттигине микрофон берилди. 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG