Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Мурашевге картөшкө үчүн «кара көлөч» тийди


Нурбек Мурашев.
Нурбек Мурашев.

Улуттук ишкерлер клубу дүйшөмбүдө жыйын куруп, өкмөт мүчөлөрүн баалады.

Ишкерлердин добушу менен айыл чарба министри Нурбек Мурашев эң төмөн баага татып, «кара көлөч» сыйлыгына арзыды. Мурашев буга чейин да көп жолу сындын бутасында болгону белгилүү.

Нурбек Мурашев 2016-жылдын аягында айыл чарба министри болуп дайындалган. Адеп кызматка келгенде эле Өзбекстанга картөшкө экспорттоорун айткан эле. Бирок министр дал ушул маселеге байланыштуу сындан башы чыкпай келет. Былтыр Өзбекстан Кыргызстандан жарытылуу картөшкө сатып албай, өлкө ичинде анын баасы кескин түшүп кеткен. Өндүрүмү ороосунда чирип жатканын айтып, дыйкандар эмгиче даттанып жүрүшөт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбүдө чогулган жүздөн ашуун ишкер дал ушу картөшкө маселесине байланыштуу Мурашевдин ишине өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан эң төмөн баа берди. Анын белгиси катары «кара көлөчтүн» статуэткасы тапшырылмак болду.

Шейшембиде министр Мурашев өзү журналисттерге жыйын куруп, антирейтинг сыйлыгын ала элек экенин билдирди. Ал Улуттук ишкерлер клубунун жетекчиси Сергей Пономаревду чакырганын, бирок ал келбегенин белгиледи:

«Себеби, бизге ошол ишкерлер тарабынан сунуштар болсо туура кабыл алып, келечекте алар менен чогуу иштешели дегем. 2019-жылы айыл чарба азыктарын жакшы экспорттоо боюнча сунуштарын беришсе туура кабыл алып, ошол боюнча иш алып баралы деген ойлор бар».

«Министр Мурашев кызматына канчалык татыктуу?» деген маселе буга чейин далай көтөрүлгөн. Мурашевди мыкты кадрыбыз деп көрсөткөн «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов чет өлкөдө экен. Фракция мүчөсү Акылбек Жапаров министрге баа берилерин айтты:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Бул биздин партияга, фракцияга аброй алып келбейт. Ошондуктан бул жөнүндө сүйлөшүүбүз керек. Ал жаш министр эмес, үч жылдан бери иштеп калды. Тажрыйбасы бар. Ошондуктан мындай баа алгандан кийин мен анын маселесин караштыруу жөнүндө сунуш киргизем. Анан фракция лидери, фракция качан чогулат, көрөбүз да».

Ошол эле учурда кеп жалаң эле министрдин өзүндө эмес деген пикирлер да бар. Түздөн-түз карапайым дыйкандар, малчылар менен иштешкендиктен буга чейин «дегеле Айыл чарба министрлигинин өзүн жоюп, агенттикке же кызматка айлантыш керек» дегендер көп эле болгон.

Алардын бири – дыйкан жана ишкер Тилек Токтогазиев. Ал министрликтин ишин, тагыраагы пландоо, чарбаны иликтөө, прогноздоо ишин жүргүзүүгө жеке компанияларды эле тартса болорун айтат. Муну менен ал Айыл чарба министрлигине бөлүнүүчү 1,7 млрд. сомду максаттуу пайдалануу зарыл деп эсептейт.

Ишкер картөшкө кризисин азык-түлүк өндүрүүчү дүйнөдөгү ири «Nestle» сыяктуу эле корпорациялар менен түз иштешип чечүүнү сунуш кылды:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Так план мындай: барып «Nestle» менен келишим түзүш керек. «Заводдоруңарды Кыргызстанга салгыла, 3-5 жылдан кийин силерди картөшкөнүн порошогу менен камсыз кылабыз» деш керек. Алар ошол азыкты өзүнүн идишине салат, сыртына «Nestle» деген өзүнүн брендин чаптайт. Элестеткиле, биз «Пятерочка» сыяктуу түрдүү дүкөндөр түйүнү менен сүйлөшпөйбүз. Орустарга жалдырап «картөшкөнү алып койчу» дебейбиз. Компания өзү киргизип берет. «Nestle» Түндүк Кореядан башка дүйнөнүн бардык өлкөсүндө иш алып барат. Биздин дүкөндөрдө деле отуз пайыз товар ошолордуку. Иштегенге жараша дүйнөлүк лидер менен иштешсек, менимче биз эч кандай коркутуп-үркүтүүгө жол бербей калабыз. Казакстан чек араны улам-улам эле жаап коюп атпайбы».

Ал арада Айыл чарба министрлиги реформалык кадам катары «фермердин паспорту» деген онлайн-система киргизип жатканын билдирүүдө. Анда айдоо жеринин аянты 25 сотыхтан көп чарбакерлер катталып, ал жер тилкелеринин абалы, эмне эксе болору, кандай жер семирткич же дары себүү максатка ылайык экендиги мониторинг кылынары, маалыматтар бир порталга топтолору айтылды.

Министр Мурашев система үч айдын ичинде ишке кирет деп, кийинки жылы Улуттук ишкерлер клубунун оң баасы «Алтын кол алышуу» сыйлыгын алууга убада берди. Ал эми быйылкы «Алтын кол алышуу» сыйлыгы Бизнес-акыйкатчы институтун киргизгени үчүн экономика министри Олег Панкратовго ыйгарылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG