Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Транспорт тармагында олуттуу өсүш болду


Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы.
Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүн кармап турган жагдайлар дагы деле бар. Ал эми Кыргызстанда былтыр жүргүнчүлөрдүн саны кескин өстү. Бишкек Фондулук биржасынын өткөн жумадагы соода көлөмү 22 миллион сомдон ашты. Бул ирет ушул жана башка экономикалык жаңылыктар тууралуу кеп кылабыз.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүнө бөгөт койгон тобокелдер жоюла элек. Бул тууралуу эл аралык Moody's рейтинг агенттиги 2014–2015-жылдарга карата божомолунда жарыялады. Агенттиктин кабарлашынча, орто жана төмөн кирешелүү өлкөлөрдө тобокел факторлору көбөйгөнү менен, өнүккөн "Чоң жыйырмада" экономика туруктуу өсөт.

"Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалары өскөн сайын инвесторлор өздөрүнүн акчаларын жай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн чыгарышы толук ыктымал", – деди Moody's агенттигинин башкы серепчиси Колин Эллинс. Ал "Орусиянын жалпы дүң өнүмү 2014-жылы 1.5%–2.5% өсөт, Сочидеги XXII Кышкы олимпиада орус экономикасына эч кандай олуттуу салым кошпойт" деген пикирде.

Быйылкы Дүйнөлүк футбол мелдешинин расмий кубогу жана тобу.
Быйылкы Дүйнөлүк футбол мелдешинин расмий кубогу жана тобу.
​Аны менен бирге Бразилияда быйыл өтүүчү дүйнөлүк футбол мелдеши жана 2016-жылкы Рио-де-Жанейродогу XXXI Жайкы олимпиада оюндары Бразилиянын экономикасынын өсүшүнө эч кандай жылыш алып келбейт. Түштүк Американын эң ири өлкөсүндө экономикалык өсүш басаңдап, инфляция күч алууда дейт рейтинг агенттиги.

Бразилиянын жалпы дүң өнүмү быйыл 2%–3% өсөт. Келээрки жылы болсо ал 3% өсөт деп боолгоду Moody's. Белгилей кетчү жагдай, Түштүк Американын 40% жалпы дүң өнүмү Бразилияга таандык. Эгер бразил экономикасы жабыркаса, анын кесепеттери чөлкөмдөгү бардык 13 өлкөгө тиет.

Ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалары туруктуу өсүүгө өттү. Американын экономикасы 2%–3% жана Британиянын өсүшү 3% болот деп боолгоду агенттик. Каржы каатчылыгынан катуу жабыркаган Греция, Ирландия, Испания жана Португалияда дефляция коркунучу сакталууда. Бул кырдаал жөнгө салынбаса, Евробиримдикте жаңы кризис тутанышы мүмкүн деп эскертти Moody's.

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдүн санын кескин өстү

Былтыр Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү ташыган жүргүнчүлөрдүн саны кескин өстү. Муну менен бирге бюджетке түшкөн төлөмдөрдүн көлөмү да көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги менен Улуттук статистика комитети кабарлады. Эң олуттуу өсүш автожол жана авиакаттамдарда байкалды. Былтыр жалпысынан республика боюнча 619 миллион жүргүнчү ташылды. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 15 миллион адамга көп.

Жүргүнчүлөрдүн саны боюнча эң чоң өсүш Ош областында байкалды. Былтыр аталган областта жана Ош шаарында 40 миллиондон ашык жүргүнчү ташылган. Адистердин белгилешинче, өлкөдө автобус каттамдары жанданып, көбөйө баштады. Муну менен бирге жүргүнчүлөрдүн агымы да олуттуу өстү. Кыргызстандыктар былтыр 10 миллиарддан ашык чакырым жол жүрүшкөн. Жүргүнчүнүн чакырымдары (пассажиро-километр) менен өлчөгөндө республиканын жарандары аба аркылуу 501 миллион чакырым жана машине менен 272 миллион чакырым жол жүрүшкөн.

Нарын аба майданы.
Нарын аба майданы.
Былтыр тарыхта алгачкы жолу Кыргызстандын аэропорттору үч миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи. Аны менен бирге жергиликтүү авиаишканалардын өлкөнүн бюджетине кошкон салымы көбөйүп, курчуп бара жаткан атаандаштыктын айынан жол кире баалары арзандаган.

Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов "Азаттыкка" билдирди.

Мурдагы жылы авиажүргүнчүлөрдүн саны 26% өссө, былтыр 41% өстү. Аба аркылуу жүргүнчү ташууда атаандаштык курчуп, айрым багыттарга билет баалары төмөндөдү. Мисалы Бишкек – Ош, Бишкек – Москва жана Ош – Москва каттамдарына жол кире кыйла арзандады. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн сайын, авиаишканалардын бюджетке чегерген төлөмдөрү дагы өстү. Мурдагы жылы авиакомпаниялар салык жана социалдык коргоо төлөмдөрү түрүндө казынага 450 миллион сом которсо, былтыр ал сумма 507 миллионго жетти.

Статс-катчы Максатбек Дыйкановдун айтымында, бул тармакта быйыл дагы олуттуу өсүүгө толук шарттар бар.

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы аптада 50 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1320 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 16 центке түштү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы – 4 канада доллары 92 центти түздү. Чийки мунай төрт долларга түшүп, баррели 93 доллардан сатылууда.

Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада кескин өсүп, 22 миллион 132 миң сомго жетти. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча "Дос-Кредобанктын" жети эмиссиясы 21 миллион 391 миң сомго жетип, алдыңкы сапка чыкты.

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу тармагы өнүгүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG