Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгын моюнга алды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин буга чейин болгон үч жыйынында кабыл алынган чечимдер өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан улам толук аткарылбай калды деп эсептейт. Ал бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып мамлекеттик кызматкерлерде аткаруучулук тартип жок экенин айтты. Премьер-министрдин жыйында өкмөт санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимдеринин 85% аткарылганын, ал эми тоо-кен тармагы боюнча 50% ашыгы аткарылганын билдирди:
- Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык.
Жээнбеков айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды
Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кенешинин кезектеги жыйынында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу ордунан жылбай турганын сынга алды. Мамлекет башчысы өкмөт чечимди кабыл алууну бир жылдан ашык создуктурганын белгиледи.
- Мамлекеттик органдар бул үчүн күнөөнү бири-бирине шылтап жатышат. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат. Мунун кесепетинен, Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими аткарылган эмес. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат. Натыйжада, мүлктү башка бирөөнүн атына каттоо мүмкүнчүлүгү жоюлган жок, - деди ал.
Президент Коопсуздук кеңиши кабыл алган чечимдерди аткарбаганы үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилерин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.