Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13
Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент коррупцияга каршы күрөшкө нааразы

24-январда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөшө албагандар кызматтан кеткиле

Президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукта коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жана Мамлекеттик каттоо кызматына сын-доомат көп экенин билдирди.

Ал мындан башка да мекемелерге бизнес коомчулук нааразы экенин айтты.

Президент айрым органдарда коррупцияга каршы күрөштө жылыш бар экенин кошумчалады жана жемкорлукка каршы күрөштү жарандык коом, эл колдоп жаткандыктан аны жоюуга жакшы шарт түзүлгөнүн билдирди.

- Реформа кылып жатабыз деп айтып жатасыңар. Аны айтыш оңой, бирок ишке ашырыш, сөз менен ишти айкалыштыруу кыйын. Муну ыйманы бар, эрки жана ыйманы бар, баласынын, өлкөнүн келечегин ойлогон гана жетекчи кыла алат. Укук коргоо органдарынын жетекчилери өзүңөрдүн ичиңердеги коррупция менен күрөшүүгө көңүл кош мамиле кылып жатасыңар. Коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланыш керек. Министр, губернатор, акимдер өзүлөрү таза болмоюнча муну ишке ашырыш кыйын. Ошондуктан колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле да. Колунан келген адамга орун бошоткула.

Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Жээнбеков: Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат

Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Президент буга чейин кабыл алынган чечимдерди аткарууга жетиштүү убакыт берилгенин кошумчалады.

- Чечимдердин аткарылышы белгиленген мөөнөттөн бир нече айга чейин созулуп кеткен. Айрым учурларда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле болууда. Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат, - деди Жээнбеков.

Президент Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбагандарга жана алардын аткарылышына «саботаж» жасоого аракет кылгандарга карата чара көрүлөрү тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилери кабардар экенин эскертти.

Сооронбай Жээнбеков Финансы полициясын сындады

Президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) «Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбай жатат» деп сындады:

- Резонанстуу иштер боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялап туруу Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралган. Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) резонанстуу иштер боюнча маалымат берип жатат. Финансы полициясы болсо «иш жашыруун» деген шылтоо менен маалымат бербей жатат. Эмне, силердин иштер УКМКныкынан да жашыруунбу? Же ИИМдикинен да жашыруунбу? Жалпыга маалымдоо каражаттарына эмнеге маалымат бербейсиңер?

 

Жээнбеков: Алмаматовдун ишине Башкы прокуратура жана сот өзү аралаш

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептей турганын билдирди:

- Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Алмаматовду издөө уланып жатканын буга чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлаган.

Ал Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрындагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу.

Алмаматовду камакка алыш үчүн жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес.

Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааны каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG