Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

2016: Маймыл жылынын негизги жыйынтыктары


Узап бараткан жылы Кыргызстан эмнеге жетишти, эмнеден жеңилди?

Эски жыл эскирип, жаңы жыл улам жакындаган сайын кетип бараткан жылда эмне иштер бүттү, кандай жакшылыктар жашообузга жаңылык киргизди, кайсы иштерди бүтүргөнгө ниет кылып, бирок өтөсүнө чыга албадык деген сыяктуу суроолор өзүнөн өзү чыга келет эмеспи.

2016-жыл - маймыл жылы - Кыргызстан үчүн кантсе да жаман жыл болгон жок, жакшы жыл болду. Эл ичи тынч, асманыбыз ачык дегендей. Экономикабыз ыкшоо, акча каражаттарыбыз тартыш болсо да алга жылуунун айрым жышаандары сөзсүз бар.

Башкасын айтпасак да, Бишкек менен Ошту эле алалычы. Борбор калаабызда жаңы салынган үйлөр биринен сала бири курулууда, бизнес менен алектенип, эптеп оокат кылуунун жолун таап кеткен мекендештерибиздин саны улам өсүп баратат. Ош шаары деле ошол сыяктуу. Ак-Бууранын үстүнө шаардын эки тарабын бириктирген жаңы көпүрө салынып, кафелер менен ресторандардын, соода-сатык жайларынын саны өсүп, айтор, тырышкан, кыймылдаган эле эл. Эгер ушул жолдон тайбасак, дагы бир капсалаңга кабылбасак, ыркыбыз ыдырабаса, албетте, өсөбүз, өнүгөбүз­, байыйбыз.

Ырас, тышкы карызыбыз жетээр чегине жетип, дефолтко, банкротко жакындап баратабыз - муну да унутпашыбыз керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк да, Эл аралык валюта фонду да улам-улам эскертип келатат. Ушул эскертүүнү укканда, сасык саясат менен алек болуп, элдин башын айланткан жетекчилерге жиниң келет. Андан көрө, эмитен катуу чараларды көрүп, кыскартчусун кыскартып, тыйчусун тыйып, биринчи көңүлдү экономикага бурушубуз керек эле да.

Тилекке каршы, дагы эле кендирди кескен оорулар - алдым-жуттумдук, көз боёмочулук, коррупция болуп жаткансыйт. Эл башкарган аткаминерлердин деңгээли абдан түшүп кетти, азыркы акимдер менен губернаторлор кандай жол менен жана эмне деген критерий менен бийликте отурганын түшүнүп болбойт. Ошол эле көрүнүш баарыбыз үмүт менен карап отурган Ак үйдө орун алып жатат. Эгер партиялык система деген ушул болсо, саясий коалицияга киргендер каалаган кишисин жакшы-жаманына карабай жетекчи кызматка түртө берсе, алга жылышыбыз, ансыз да толуп-ташып кеткен көйгөйлөрүбүздү чечишибиз кыйын го. Ал эми партиялар эбак ичинен чирип, нака коррупция ошол жерден башталып, колу, ниети тазалар эмес, бизнесмендер менен акчасына көпкөндөр, уурулар менен кескилер толуп алганын жумурай-журт жакшы билет.

Ошону менен бирге быйылкы жылы маданият менен тарых тармагында, руханий турмушубузда бир топ алгылыктуу иштер жасалганын адилеттик менен белгилебесек болбос. Анын үстүнө быйыл 1916-жылкы Улуу Үркүнгө туура 100 жыл толду. Ошол эле мезгилде эгемен мамлекет болуп, өз тагдырыбызды өзүбүз чечкенге 25 жылдын жүзү болуптур. Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган себептүү быйылкы жылы эл ичинде да, массалык маалымат каражаттарында да, илим жана билим чөйрөлөрүндө ушул темаларда көптөгөн маанилүү сөздөр сүйлөндү, иш-чаралар аткарылды, илимий жыйындар, симпозиумдар өткөрүлдү.

Быйылкы жылдын маанилүү окуяларынын бири, албетте, Көчмөндөрдүн экинчи эл аралык оюндары болду десек жаңылбасак керек. Айрыкча Чолпон-Ата быйыл Кыргызстандын эң маанилүү руханий борборуна айланды, ал жерде эң сонун ипподром салынып, Балыкчынын жолу оңдолуп, Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки жол кимди да болсо кубанта тургандай, сыймыктанта тургандай болуп мелтиреди.

Быйылкы жылдын дагы бир маанилүү окуясы - Кыргызстандын Баш мыйзамы жаңыланганы болду. Чынын айтканда, биздин Конституциядай жыртылбаган, дубананын чапанындай жамаачыланбаган конституция дүйнөдө болбосо керек. Мындан болгону беш жыл башта чоң шаан-шөкөт менен кабыл алынган Баш мыйзам президент Атамбаевдин демилгеси менен быйыл кайра иштелди. Ушунчалык ызы-чуу, талаш-тартыш, саясий жаңжал менен өзгөртүлгөн жаңы Баш мыйзамда эмне өзгөрүү болгонун, ал өзгөртүүлөрдүн карапайым эл үчүн кымындай ысык-суугу барбы - аны ойлогон киши болгон жок. Эл да түшүнгөн жок.

Батпай аткан дүнүйөбүз барчылап, референдум үчүн миллиондогон акча короттук, саясатчылар болсо биринин абийирин экинчиси төктү. Кыскасын айтканда, жогору жактагылардын баш оорусу өзүнчө, карапайым элдин баш оорусу өзүнчө экени, бийлик жалаң өз кызыкчылыгы менен алек болсо, калайык-калк кантип кыштан чыгыштын камын ойлоп, саясаттан абдан көңүлү калганы ушул жолу айрыкча шардана болду сыяктанат.

Макул дейли, Баш мыйзам кайра оңдолду дейли, бирок ал азыркы Ак үйдө отурган 120 депутатты оңдой алабы? Депутаттык мандатты жалаң акчанын күчү менен сатып алган байлар, көпөстөр, капчыгы калыңдар, алардын арасына жымырайып кирип алган атактуу коррупционерлер элдин турмушун ойлойбу? Жок дегенде ошолордун санын эки эсе кыскартып койсок болот беле? Ошолордун жүзү кайсы да, ону кайсы?

Тышкы саясатыбыз болсо баягы эле чаң-тополоң бойдон. Бир туруп агынан жарылабыз, бир туруп тескери кетебиз. Орусия менен мамилебиз оромпой тепкен калыбында келатат. Окемдердин далыга таптап, ой-бойлогонуна алданып, Бажы союзуна кирдик эле, зыян менен чыгашадан башка эч нерсени көрбөдүк. Бирде Орусиянын орденин алып бапыраңдап, Путин менен өөп-жытташа кетсек, кайра Грузияга барып, Орусиянын саясатына акарат айтабыз. БУУда же колдогонубуз, же сындаганыбыз белгисиз, дагы өзүнчө туураланабыз. Кечээ кийинки ЕврАзЭстин Санкт-Петербургдагы кеңешмесинде да ошондой болду. Жыйынтыгында Путиндин кыргыз жетекчилигине далысын салганы ачык эле билинип калды. Негизги документке кол койдук, бирок саясий билдирүүсүнө макул болгон жокпуз.

Ошол эле көрүнүш Түркия менен кайталанууда. Бирде "абакелеп" жытташмай, бирде түштөн чочугансып, төшкө түртүшмөй. Ал эмес жакынкы кошуналар менен деле мамилебиз салкын.

Айтор быйылкы маймыл жылы маймылдай эле болду. Ошондой болсо да саясий стабилдүүлүк болуп, арабыз ыдырабаганынан шүгүр дешибиз керек.

Эмки чоң маселе болгондо да тагдыр чече турган татаал маселе - бул келе турган 2017-жылдагы президенттик шайлоо. Ушул шайлоону ойдогудай кылып уюштуруп, мыктынын мыктысын, тазанын тазасын тандаганга, акчага сатылбай, алдамчыларга алданбай добуш бергенге чамабыз жетээр бекен? Бул өтө чоң суроо. Келе турган жылда кыргыз эли үчүн мындан өткөн маанилүү маселе жок.

Ыракмат дешибиз керек, Атамбаев башынан бери кайра шайлоого барбайм, ордума киши даярдабайм, кимди болсо да эл өзү тандасын деп улам-улам айтып келатат. Журт башынын агынан жарылган бул сөзүнө ишенбегенге бизде эч бир негиз жок. Ошондуктан келечектеги мамлекет башчысы тууралуу маселеге эмитен даярдык көрүшүбүз керек. Эл аксакалдары, илим менен билимдин кашкалары, жаштар, маданияттын ишмерлери эмитен акыл калчап, президенттикке жарай турган азаматтарыбыз тууралуу ой бөлүшүбүз зарыл. Керек болсо чогулуп, пикир алышыбыз керек.

Эгер бул процесске Алмазбек Атамбаев да үн кошсо, четтен карап турбаса, андан бетер жакшы болоор эле. Келечектеги журт башы академик же профессор болбосо мейли, бирок адам болсун, колу таза, дили таза уул-кыздардан болсун. Саясатчы болсун, бирок сасык саясаттан алыс болсун. Бизнесмен болсо да мейли, бирок дүнүйөсүн Кыргызстандан ала качпаган, налогун башка жакка төлөбөй, Кыргызстанга төлөгөн, бизге иш берген, биздин экономикага салымын кошкон азамат болсун. Бир эмес, төрт президенттин этегине намаз окуп, төртөөнө тең же жакшы сөзү, же элге жакшылыгы артпаган шылуундардан, эпчилдерден кудай сактасын.

Ошентип, Маймыл жылы акырындап аягына чыгып, жаңы 2017-жыл, Тоок жылы келатат. Кытай календарында тоок дебей, Короз дейт экен бул жылды. Короз жылы эски замандын жыйынтыгын чыгарып, жакшысын алып, жаманын ыргытып, жаңы доорго чыйыр салган, күзүндө түшүмдү мол жыйнап, бала-бакыранын, үй-бүлөнүн кашында отура турган жыл болот дешет кытайлар. Ылайым ошондой жыл болсун дейли. Баарыбыздын эңсегенибиз, каалаганыбыз ушул эмеспи.

Анда эмесе эски жылда эңсегендерибиз жаңы жылда жаныбызда болсун, жаңы жыл жаңы бакыт, ийгиликтерди алып келсин деп тилейли.

XS
SM
MD
LG