Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

17:55 10.10.2020

18:06 10.10.2020

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин чукул жыйыны фракция лидерлеринин кеңешүүсүнөн кийин башталмай болду. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, лидерлер менен өзүнчө жыйындар залына кирип кетти.

Алгач саат 11ге белгиленген жыйындын убактысы саат 16га которулган. Бирок саат 18ге чейин жыйын баштала элек болууда.

18:19 10.10.2020

Мыктыбек Абдылдаев: Саясатчылардын арасында ар кандай сөздөр чыкты. Айрымдары легитимсыз болуп калды дешти. 6-октябрда кырдаал татаал эле. Ошону эске алып милдетти моюнга алып, кол коюп бергем. Бүгүн мен эске алып мен өз эрким менен отставкага кете турган болдум. Менин ордума Мирлан Бакиров иш алып барат.

18:21 10.10.2020

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров төраганын милдетин аткармай болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG