Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

17:49 10.10.2020

“Саясий репрессияларга каршы комитет” бирикмеси саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Садыр Жапаровду премьер-министр болуу ниетинен ачык баш тартууга чакырды.

Бирикменин 10-октябрда жарыяланган кайрылуусунда соңку окуялар өлкөдө элдин көпчүлүгү колдой турган улуттук масштабдагы лидер жоктугун көрсөткөнү, Бабанов да, Жапаров да андай боло албаганы, кырдаалды жөнгө салуу максатында экөө тең өкмөт башчылык ниетинен баш тартышы керектиги белгиленди. Андан көрө партиялык иштер менен алектенип, шайлоого катышып, мыйзамдуу түрдө премьер же президенттикке ат салышуу керектиги айтылды.

Ошону менен катар бирикме парламентке өтүү боюнча шайлоо босогосун эки же 3 процентке чейин төмөндөтүү, жаңы шайлоого “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Кыргызстан” саясий партияларын катыштырбоо зарыл экени айтылды.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан.

Жапаров 6-октябрда парламенттин чукул жыйынында өкмөт башчы болгонун жарыялаган. Бабановду “Акыркы үмүт” кыймылы премьерликке тандаган.

Эки саясатчы тең бирикменин кайрылуусуна комментарий берише элек.

17:50 10.10.2020

Жогорку Кеңештин чукул жыйынына ушу тапта 46 депутат келди, дагы алтоо ишеним катын жазып беришкен. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

6-октябрдагы чукул жыйында спикер болгону айтылган Мыктыбек Абдылдаев кеминде 61 депутат катышуусу зарыл экенин айтууда:

"Кворум чогулбаса, анда, албетте, парламент бийлик бутагы катары жок экени белгилүү болот".

Жыйын алгач эртең мененки саат 11де болору айтылган. Кийин саат 16га которулган. Андан бери дээрлик бир жарым саат өттү, жыйын баштала элек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

6-октябрда "Достук" мейманканасында депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталганы кабарланган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек саноо пайда болгон.

17:51 10.10.2020

Парламет депутаттары чогулууда

17:54 10.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG