Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 23:29

Мектепке «Электрондук кезек» сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте биринчи класска баланы «Электрондук кезек» аркылуу кабыл алуу долбоорунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул маселе шаардык депутаттардын талкуусуна алынып, сын-пикирлер айтылды.

Баланы мектепке «Электрондук кезек» аркылуу орноштуруу системасы алгач Бишкек шаарында иштей баштады.

Бул жараян эки этап менен жүрүп жатат. Биринчиси 15-февралда башталып, 15-майда жыйынтыкталды. Анда балдарды жашаган жерине жараша микроучасток боюнча каттоо жүрдү.

Ал эми 16-майдан 15-августка чейин экинчи этапта ата-энелер баласын катталган же жашаган жерине карабастан каалаган мектепке орноштура алат.

Биринчи этаптын алгачкы жыйынтыктары шаардык кеңеште талкууланып, «Электрондук кезек» долбоору сынга кабылды.

Ата-энелердин арыз-муңу мурдагыдан да көбөйгөнү, коррупциялык схемалар күчөгөнү, негизги түйшүк жашаган жери тууралуу маалымкаттан чыгып жатканы айтылды.

Долбоорду өкмөттүн тапшырмасы менен техникалык жактан ишке ашырып жаткандардын дарегине сын айткан КСДП фракциясынын депутаты Алмазбек Уланов жүздөгөн маалымкаттар жасалма болуп чыгышы ыктымал экенин билдирди:

«Тилекке каршы, силердин программа болбогон нерсе экен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2-3 учурду аныктап чыгар. Бирок бир эле мектептен жүздөгөн фактыларды аныктаса болот. Бул резонанс эмей эмне?»

Негизги талаш тандалма деп эсептелген бир нече мектептин тегерегинде чыгууда. Депутаттардын пикиринде, биринчи этапта айрым ата-энелер ошол мектепке тиешелүү микроучастокто жашабаса да пара берип, «жашайт» деген жасалма маалымкат ала коюп, балдарын орноштуруп алышкан.

Жашаган же катталган жери тууралуу маалымкат алуу маселеси ички миграциядан улам Бишкекте эч жерде каттоосу жок жүргөн миңдеген тургундардын балдары үчүн да актуалдуу.

Шаардык кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Рысбай Аматов белгилегендей, жаңы конуштардагы бул маселе чечилбей келатат.

«Болжол менен 7-10 миңдей үйдүн макамы жок, - дейт ал. - «Кызыл китеби» жок. Аларда жашаган үй-бүлөлөр катталган эмес. Маалымкат алуу проблема. «Электрондук кезекке» тургузуу туура нерсе, бирок биз ага толук даяр эмес экенбиз. Көп балдар кыйналып калып жатат».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баланы мектепке эч тоскоолдуксуз кабыл алуу максатында өкмөт Бишкек мэриясы жана ЮНЕСКО уюму менен бирге ишке ашыра баштаган «Электрондук кезек» долбоорунун техникалык жагына жооптуу адис Төлөгөн Аматов депутаттардын кооптонуусуна негиз жок деп эсептейт.

Анын айтымында, бул ыкма катталганы эмес, жашаган жери тууралуу гана маалымкат талап кылганы менен айырмаланат жана дал ушул талап ички мигранттардын балдарынын укугун коргоого багытталган.

«Биринчиси – коррупциянын алдын алуучу долбоор, - деди ал. - Экинчиден, мектепке экзамен тапшырбастан, бекер кирүү. Үчүнчүдөн, адамдын кийлигишүүсүнө жол бербөө. Бул жагынан 100% кепилдик бере алабыз. Ал эми маалымкат жасалмабы же жокпу - аны тиешелүү органдар териштириши керек жана бул үчүн аймактык башкармалыктар жооптуу. «Катталган жери боюнча гана кабыл алынат» деп койсок, анда Чүйдөн келдиби, Баткенденби, Оштонбу же Ысык-Көлдөн болобу - алар мектепке кире албай калмак. Ошондуктан биз жашаган жери тууралуу гана маалымкат керек деген талап койдук. Мейли, ижара батирде жашаса дагы ал баланын мектепке кирүү укугу бар».

Мына ушул жагдай адам жашаган жери боюнча каттоого турушу керекпи же жокпу деген талкууга жем таштады.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

Соңку он жылдан бери Кыргызстанда «Менин баламды мектепке кабыл алгыла» деген акция өткөрүлүп келет. Анын демилгечиси, «Балдарды коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова маалымкат үчүн пара талап кылган учурлар болсо дароо тиешелүү органдарга кайрылуу керек болорун, бирок каттоого алуу институту жоюлбашы зарыл экени айтты:​

«Ар бир бала билим алууга укуктуу экендиги мыйзамда жазылган. Бирок маалымкат алууда маселе жаралган учурлар болушу мүмкүн. Эгер кимдир-бирөө акча талап кылса, баланын мектепке орношуусуна тоскоолдук кылса, сөзсүз укук коргоо органдарына арыз жазып даттаныш керек. Ал эми каттоо тууралуу айтсак, бул система керек. Себеби андай болбосо мектептин жанында жашаган бала да ошол жакка орношо албай калышы ыктымал».

Бишкекте жалпысынан мамлекетке караган 90дой мектеп бар. Аларга быйыл «Электрондук кезек» аркылуу биринчи класска 17 755 бала кабыл алынышы керек. 22-майга карата 7 772 баланын документи жактырылып, мектепке кабыл алынды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG