Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 9-январда эртең менен саат 8:00дө башталды.
Бул убакыттан тарта президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш. «Жымжырттык күнүндө» эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.
Буга чейин БШК президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өнөктүгү учурунда мыйзам бузуу үчүн 10 адамга жалпы суммасы 55 500 сомдук жаза айып салынган.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдады.
Шайлоо мыйзамдарын бузган 10 адамдын ичинде президенттикке айрым талапкерлер, талапкерлердин штаб башчылары, үгүтчүлөрү жана башкалар бар. Жаза айып салынгандардын басымдуу бөлүгү үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзгөнү үчүн айыпталган. Мындан тышкары үгүт иштерине жашы жете элек балдарды тартканы үчүн да бир талапкердин аймактагы шайлоо штабынын башчысына жаза айып салынды.
Талапкерлерге шайлоого катышуучуларга тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн Коомдук телеканалдын башкы директору Бахтияр Алиевге карата Кодекстин 42-беренеси («Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу») боюнча иш каралып, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. Шайлоо менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум да болот. Референдумда мамлекеттик башкаруунун: президенттик, парламенттик түрлөрү, ошондой эле бардыгына каршы түрү жарандардын тандоосуна коюлат.
Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. Шайлоого жана референдумга үгүт иштери 15-декабрда башталган.