Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Күрөш: Кыргызстан алтынчы медалды алды

Кыргызстандыктар Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон спортчулардын алгачкы тобун тосуп алышты.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбандары эки алтын, бир коло, эркин күрөштөн бир күмүш, бир коло, грек-рим күрөшүнөн бир күмүш байгеге ээ болушту.

Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), күмүш байгени эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг), коло байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Алибек Осмонов (65 кг) алды. Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, күмүш медал тагынды.

9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) да килемге чыгып, байгесиз калышты. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

Мелдеш 10-октябрда аяктайт. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 15 балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу. Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган Айсулуу Тыныбековадан кийинки экинчи спортчу. Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу.

00:19 10.10.2021

23:46 9.10.2021

23:24 9.10.2021

Норвегияда өтүп жаткан Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алды.

Ал 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, 3:9 эсебинде жеңилди. 1-айлампада Шаршенбеков үч упай менен алдыга чыккан. 2-айлампада тогуз упай молдовалык балбандын эсебине жазылды.

Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңген.

Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байге алышкан. Ал кезде Шаршенбеков 55 кг, Чобану 60 кг салмакта күрөшкөн. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу.

Бул дүйнө чемпионатында Шершенбеков төрт беттеш өткөрдү. Алгач белорустук Максим Кажарискини 2:0, Ираклий Дзимистраишвилини 5:2, жарым финалда азербайжандык Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңген.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2016-ж.). Жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын күмүш байгелерин алган (2017-ж.). Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу күмүш байгеге ээ болгон (Бишкек, 2018-ж., Нью-Дели, 2020-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. Токио Олимпиадасынын катышуучусу (7-орун).

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Норвегиянын Осло шаарындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында таймаштарын жыйынтыкташты. Бүгүн, 9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) килемге чыгып, байгесиз калышты. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

15:19 9.10.2021

Чемпион кыздар Бишкекте

Кыргызстан чемпион кыздарын тосуп алды

Айсулуу Тыныбекованын алтын медалы.
1/9 Айсулуу Тыныбекованын алтын медалы.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Намысты бийик көтөргөн үч кыз.
2/9 Намысты бийик көтөргөн үч кыз.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынан үч балбан барды. Үчөө тең байге менен кайтты.
3/9 Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынан үч балбан барды. Үчөө тең байге менен кайтты.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан.
4/9 Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Мээрим Жуманазарова: Бул жеңишке даяр болчумун. Кыргыз элимди кубанычка бөлөдүм. Ийгиликтин сыры деле жок болсо керек. Жакшы машыктыруучу жана талыкпаган эмгек болушу керек. Жаштар алдына туура максат койсо баарына жете алат.
5/9 Мээрим Жуманазарова: Бул жеңишке даяр болчумун. Кыргыз элимди кубанычка бөлөдүм. Ийгиликтин сыры деле жок болсо керек. Жакшы машыктыруучу жана талыкпаган эмгек болушу керек. Жаштар алдына туура максат койсо баарына жете алат.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.

Айсулуу Тыныбекова: Акыркы бир айда жакшы даярдана алган эмесмин. Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым. Биринчи мелдеш кыйын болду. Жандүйнөм, булчуңдарым ооруп турган, батыраак бүтсө экен деп жаттым. Режим кармабагандыктан салмагым да түшүп кетти. Бир ай спорт режиминен чыгып кетсең кыйын экен. Жаңылыштык, коркунучтук болгон жок. Адам ичинен өзүнө ишенсе баарына жетет, ишеним болбосо күчтүү болсо да жеңе албайт.

Мындан кийин машыга берем, бирок азыр ички дүйнөмдүн тынчтыгын каалап турам. Алдыдагы Олимпиадага даярданышым керек.

Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

6/9

Айпери Медет кызы: Дүйнө чемпионатына алтын медал алам деп баргам. Спорт деген спорт экен. Коло алдым. Акыркы мелдеште эстон кыз менен күрөштүм. Утуп келе жатып акыркы 30 секундада утулуп калдым. Машыктыруучуларга рахмат, буюрса алдыдагы беттеште сиздерди сүйүндүрөм деген үмүттөмүн.
7/9 Айпери Медет кызы: Дүйнө чемпионатына алтын медал алам деп баргам. Спорт деген спорт экен. Коло алдым. Акыркы мелдеште эстон кыз менен күрөштүм. Утуп келе жатып акыркы 30 секундада утулуп калдым. Машыктыруучуларга рахмат, буюрса алдыдагы беттеште сиздерди сүйүндүрөм деген үмүттөмүн.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең жеңишке жеткен биринчи балбан.
8/9 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең жеңишке жеткен биринчи балбан.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Спортчуларды "Манас" аба майданынан жакындары жана спорт ышкыбоздору тосуп алышты.
9/9 Спортчуларды "Манас" аба майданынан жакындары жана спорт ышкыбоздору тосуп алышты.
Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG