Кыргыз кыздарынын башка мамлекетке барып алданып же сатылып кеткени тууралуу жаңылыктарга таң калбай деле калдык.
Сабатсыздыкпы же бири-бирибизге болгон ишенимдин күчтүүлүгүбү, же өз тагдырыбызга кайдыгер карайбызбы айтор соңку жылдары чет өлкөгө жакшы жашоо издеп барып, шылуундардын колуна түшкөндөр жок эмес.
Ошол себептүү, мен бүгүн дүйнө кыдырууну самаган замандаштарга азыноолак кеп-кеңеш бергим келди.
1. Өзүңүзгө таандык паспорт, ID, айдоочу күбөлүк ж.б. документтерди эч кимге бербеңиз. Аларды сизден тартып алууга эч кимдин акысы жок. Сиздин ким экениңизди күбөлөндүргөн документ сизде гана болушу керек.
2. Чет өлкөгө чыгардан мурда ошол өлкө жана анын эли тууралуу Интернеттен маалымат алыңыз. Саякатчылардын ошол өлкө жөнүндө жазган пикирлерин, жергиликтүү жашоочулардын кулк-мүнөзүн билип алсаңыз ашыкча болбойт.
3. Эч ким тааныбаган чет өлкөгө кетип баратканда сиздин кайда бара жатканыңызды, ким тосуп аларын, кай жерде жашарыңызды досуңуз, үй-бүлөңүз билиши керек.
4. Алыс жерге узак убакытка кете турган болсоңуз, догдурга көрүнүп, ден соолукка кам көрүңүз. Жугуштуу оорулардан сактануу үчүн эмдөөдөн өтүүгө убакыт табыңыз. Күнүмдүккө керектүү дары-дармектерди унутпаңыз.
5. Паспортуңуздун көчүрмөсүн бекем сактап, катып жүрүңүз. Эгер паспортту жоготуп алсаңыз, көчүрмө сизди ашыкча убаракерчиликтен куткарат.
6. Сумкаңызга, чемоданыңызга сак болуңуз. Өзгөчө документтер салынган сумкаңызды көздүн карегиндей сактаңыз.
7. Жаныңызда күнүмдүккө керектүү гана документтерди алып жүрүңүз. Калганын мейманканага же ишенимдүү жерге сактап коюңуз.
8. Турист экениңизди билгизбеңиз. Жергиликтүү элден өзгөчөлөнүп кабат-кабат алтын тагынып, жалтырак-жултурак кийинбеңиз.
9. Саякат учурунда ашыкча эмоцияны көргөзүүдөн сак болуңуз. Бир нерсеге өтө суктануу, таң калуу уурулардын же ичинде котур ташы бар адамдардын көңүлүн бурушу ыктымал.
10. Адашып кеткен учурда полиция кызматкеринен гана жардам сураңыз.
11. Тааныбаган адам тамак, суу же ичимдик берсе албаңыз. Тамак-ашты байкап жеңиз. Ар кандай дары-дармек кошуп коюшу мүмкүн.
12. Ызы-чуу же түшүнбөстүктөр болгон жерден тезирээк кетүүгө аракет кылыңыз.
14. Чет жерде жүргөндө бирөө менен урушуп, чатак чыгаруу өзүңүзгө гана зыяндуу.
15. Мейманканада жеке буюмдарыңызга сак болуңуз. Шылуундар чемодандарды алмаштырбайт же уурдабайт деген кепилдик жок.
16. Мейманканада эшикти ичинен бекитип отурганды унутпаңыз.
17. Мейманканада буюмдарыңызды ачык таштабаңыз, бекитип же сейфке салып коюңуз.
18. Бейтааныш адамдарды бөлмөңүзгө чакырбаңыз. Зарыл болсо алар менен сыртта жана эл көбүрөөк жерде жолуккан оң.
19. Кайда баруу, кайда туруу жана башка пландарыңызды бейтааныш адамдар менен бөлүшпөңүз.
20. Социалдык тармактарга башка өлкөгө кетип жатканыңызды жарыялоонун кажети жок. Себеби, сиз жок кезде үйгө ууру кириши ыктымал.
Аялзатына керектүү кеңештер
1. Кыз-келиндер эки-үч адам менен чогуу саякаттаганы жөндүү. Бул зордуктоо, тоноо ж.б. кооптуу көрүнүштөрдөн сактайт.
2. Динди бекем туткан мамлекеттерге барганда ошол жердин талабына ылайык кийинип, адеп-ахлакты сактаңыз.
3. Шаардын ичиндеги же эл көп жердеги мейманканадан бөлмө алууга аракет кылыңыз.
4. Таксиге түшкөндө абайлаңыз, көп мамлекеттерде аялдардын алдыңкы орунда отурганы туура эмес ой-пикирлерди жаратат. Сиз жалдаган такси бейтааныш адамга токтой турган болсо, ал машинадан тезинен түшүп кеткениңиз оң.
5. Сактык үчүн кээ бир аялдар нике шакегин тагып алышат жана жалгыз саякаттап жүргөнүн эч кимге айтпайт.
6. Бар, түнкү клубдарга барганда ичимдик же тамак-аш башкача даамданса, андан дароо баш тарткан оң. Кээде сизге кара санаган адамдар тузакка оңой түшүрүү үчүн дары-дармек кошуп коюшу мүмкүн.
7. Эркектер көп жүргөн жерге барганда абайлаңыз.
8. Эгерде сиз өзгөчө жардамга муктаж болсоңуз анда алдын ала мейманканага, аэропортко жана саякат компанияңызга айтып коюңуз.
Айтиева, @ai_robot блогер
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.