Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:28

Өкмөт чөнтөк телефондон пайда көргүсү келет


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет жаткан ташылып келүүчү чөнтөк телефондордун ар бири үчүн чек арадан 100 сомдон төлөм алуу демилгеси көтөрүлүп жатат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин коомдук талкууга койгон долбооруна ылайык, өлкөгө ташылып келген ар бир телефонго IMEI-код коюлуп, каттоого алынат. Комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев буларды билдирди:

Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

- Бул биздин жарандарыбызга тиешелүү эмес. Жаңы чөнтөк аппараттарды чек арадан алып өтүп жатканда аларды ташып келаткан фирмалар каттоодон өткөрүп киргизишет. Фирма төлөйт. Эч кандай кызыкчылык жок. Аткезчиликке жол бербеш үчүн гана жасалууда. Телефондордун баасы көтөрүлбөйт. Арзандашы мүмкүн, бирок кымбаттабайт. Сумма Экономика министрлигинин эң төмөнкү көрсөткүчүнүн негизинде аныкталды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет долбоордун максатын аткезчилик менен ташылып келген чөнтөк телефондоруна бөгөт коюу, өлкөгө канча уюктук аппарат кирип жатканын көзөмөлдөп, телефон уурдоонун мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Бул мыйзам ишке ашып калса, бир жылдан кийин буга чейин кирген телефондор да милдеттүү түрдө катталышы мүмкүн. Талапты аткарбаган чөнтөк телефондорун колдонуучулардын аппараты өчүрүлөт. Ошондой эле бардык жарандарга чөнтөк телефондорун онлайн каттатып алууга шарт түзүлөт. Бул жобо 2017-жылы Жогорку Кеңеш уюктук аппараттарды каттоо боюнча кабыл алган мыйзамдын негизинде сунуш кылынып жатат.

Мындай сунуш туурасында телефон ташып иштеген компаниялар бир пикирде эмес. Бир топ жылдан бери сырттан чөнтөк телефондорун алып келип иштеген ишкер Ислан Турганбаев мындай деди:

- Албетте, мен аппараттардын каттоого алынышын колдойм. Мында уурдалган телефондорду аныктаганга шарт түзүлөт. Бул бизде чоң маселе болчу. Бирок баарын жакшылап ойлонуп чыгыш керек. Демилгечилер 100 сомду ташып келгендерге төлөтүүнү сунуш кылып жатышат. Мен муну туура эмес деп ойлойм. 100 сом деген баа кайдан чыкты? Менин оюмча аппарат колдонула баштагандан кийин 30-50 күндөн кийин каттоого алынышы керек. "Дароо каттоого алынсын" деген туристтерге да ыңгайсыз болуп калат.

Ал эми жөнөкөй тургундар чөнтөк телефонун каттатуу тууралуу демилгени ар кандай кабыл алып жатышат. Маселен, Жакшылык Матанов бир жолу 100 сом төлөп, телефонун уурдап кетүүдөн сактоону туура деп эсептейт:

Жакшылык Матанов.
Жакшылык Матанов.

- Кымбат баалуу телефон алып жаткан киши үчүн аппаратынын коопсуздугун сактоого жакшы. Учурда мен билгенден ИИМдин кырк пайыз кызматкери телефон издөө менен алек. Ага мамлекеттен канча чыгым кетип жатат? Азыр эми эң арзан деген телефон 3500 сом. Сатып алып жатканда телефон кап жана башка майда нерселерди кошкондо 100-150 сомдой кошумча акча коротобуз. Ошого 100 сом кошуп каттатып койсок эч нерсе болбойт.

Матанов коомчулуктун нааразы болуп жатканын элдин бийликке болгон ишеничинин аздыгынан көрөт.

Бирок жарандык активист Валентина Пахмандын пикиринде, чөнтөк телефонду каттатуу жеке адамдын маалыматтык коопсуздугуна шек жаратат. Андыктан бул милдеттүү түрдө болбошу керек.

Бул адамдын өз эрки менен болсо жакшы болмок. Кеп 100 сомдо же мен шектүү иштерди кылганымда эмес. Болгону мага мамлекеттин аңдуусу жагымсыз.

- Мамлекет сага басым кылып жатса, өзүңдү ыңгайсыз сезет экенсиң. Биз сим-карталарды каттоодон өткөргөнбүз да. Ошол жетиштүү. Эми мен өзүм каражат коротуп сатып алган телефонду каттатышым керек экен. Мен билгим келет. Бул эмнеге керек жана каттоодогу телефондор менен өкмөт кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот алат? Мен телефонду уурулардан өзүм сактай алам, мага мамлекеттин кереги жок. Эгер мен муктаж болсом, сөзсүз “урматтуу мамлекет, менин кымбат телефонумду коргоп бер жана менин кайда экениме көз сала тур” деп арыз менен кайрылмакмын. Бул адамдын өз эрки менен болсо жакшы болмок. Кеп 100 сомдо же мен шектүү иштерди кылганымда эмес. Болгону мага мамлекеттин аңдуусу жагымсыз, - дейт Пахман айым.

Учурда өлкө аймагында 7 миллиондон ашуун телефон аппараттары колдонулууда. 2014-жылдан тартып Кыргызстанда киргизилген эрежелерге ылайык уюктук телефондорго сим-карталарды паспорт менен гана сатып алса болот. Ал токтом боюнча оператор менен сатып алуучунун ортосунда келишим түзүлөт. Адистер "муну менен коопсуздук жагы оңолуп, кылмыштуулук кыйла азаят" деп түшүндүрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG