Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Бакыт Бешимов АКШдан айбаттуу үн катты


Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов аны күч менен жок кылуу аракети болгондуктан өлкөнү убактылуу таштап кеткени жөнүндө АКШда жүргөн жеринен саясий билдирүү таркатты.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов АКШдагы Жон Хопкинс Борбор Азия-Кавказ институтундагы жолугушууда (15-сентябрь) кыргыз бийлигинин Орусиянын жашыруун кызматынын ыкмасына салып коркутуп-үркүтүүлөрүнүн айынан чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирген.

28-сентябрда депутат билдирүү таратып, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч келтирчү аракеттер болгонун ачыктады.

“23-июлда К.Бакиев шайлоону биротоло жок кылып, мамлекеттин цивилизациялуу демократиялык багытта өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жойду. Өлкөнү бүгүн легитимсиз кылмыштуу бийлик башкарып жатат. Мен мындай бийликти тааныбайм”, - деп жазат Бешимов.

Парламенттин этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Динара Молдошеванын “Азаттыкка” билдиришинче СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов 1-сентябрдан тарта парламент жыйындарына катыша элек.

Эреже боюнча депутат жүйөөлүү себепсиз 30 же андан ашык жумүш күндөрү ичинде парламент жыйындарына катышпаса, өзүнүн мандатын тапшырышы милдет.

Бул себептен аталган комитет жакынкы күндөрү сентябрь айы боюнча жыйынтык чыгарып, бул маселени күн тартибине коюшу мүмкүн.

- 1-сентябрдан тарта пленардык жыйындарга катыша элек. Биз фракциясынан сурайбыз. Эгер эч кандай жүйөөлү себеби жок катышпаса, анда биз бул нерсе боюнча өзүбүздүн чечимибизге келебиз,-деди Д. Молдошева.

Депутат Бешимов бүгүнкү билдирүүсүндө “Жогорку Кеңеш депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик укуктан ажыратуу менен кылмыштуу саясатты аткарып, мыйзам чыгаруу органын биротоло курутту” деп жазат.

Убагында президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү демилгесин көтөрүп, бирок ал депуттар тарабынан колдоо таппагандыгына нааразы Бешимов парламенттин Кадыровго байланыштуу чечимин "моралга сыйбайт" деп сыпаттаган.

Чыныгы оппозицияга азыр болуп көрбөгөндөй оор болуп турат, тилекке каршы ал бардык тараптан «чымчыламайга» алынып жатат. Бирок оппозиция каталарга жол берип атса да, өз элине жакшылык кылайын деп атканын түшүнүү зарыл. Криминалдуу бийлик менен күрөшүп оппозиция тобокелчилдикке барууда”, – деген Бешимов оппозициянын аракеттерин татыктуу баалачу кез келерине ишеничи бар экенин билдирген.

Жергиликтүү талдоочу Орозбек Молдалиев президенттик шайлоонун алдындагы БЭКтеги ырк келишпестик эл арасында оппозицияга аброй алып келбегенин айтып, Бешимовду оппозицияга карата айтылган сындарга чычалообого чакырат. Серепчи депутатка карата чындап кол салуу уюштурулганынан да күмөн санайт:

- Албетте, Кыргызстандын чыгып кеткен адам эч убакта Кыргызстандагы бийликти мактабайт деңизчи. «Бийлик аябай жакшы эле, мага сонун мамиле кылып атты эле, бирок биякка келдим» десе бул логикага туура болбой калат ко. Мен Бешимовго кол салуу аракети болбойт деп айта албайм. Бирок күмөн санап турам да.

Анткен менен саясат тануучу Марс Сариев депутат Бешимов шайлоодо БЭК атынан бирдиктүү талапкердин шайлоо штабын жетектегени үчүн катуу кысымга алынды деп эсептейт. Талдоочу ошондой эле СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов Алмазбек Атамбаев менен болгон келишпестиктерден улам сыртка кетти деген версияны четке кагат.

- Жок. Ал себеп боло албайт. Атамбаев менен сөз таба алышпаса да, ал анын өмүрүнө коркунуч келмек эмес. Штабдын жетекчиси болгон үчүн шайлоо бүткөндөн бийлик Бешимовду аябай эле кысымга алды. Коркунуч болду. Ошол себеп болду кеткенге.

Башында “дарыланганы кетти” деген Б. Бешимов ушу күндөрү АКШдан саясий баш паанек сураганга ниеттенип жатканы тууралуу да каңкуу кептер бар.

Бийликти далай жолу кескин сындап келген депутат Бакыт Бешимовдун ага каршы кол салуу аракеттери даярдалып жатканы жөнүндө буга дейре “Азаттыкка” мындай деп айтканы бар:

- Азыркы бийлик ушундай саясатты жүргүзүп жатат. Мага түшкөн маалыматка караганда, мен Оштон кайтып келатканда мага атайын авария уюштурулуп жатыптыр. Азыркы учурда өзүнүн саясий атаандаштарына бийликтин ичинде жүргөн бир топ адамдар алардын өмүрүнө кол салганга даяр. Ошондуктан мен буга таң калбайм. Мындай саясатты токтотуу керек.

Бешимов соңку билдирүүсүн “Менин тандоом өзгөрүүсүз калат: демократия, эркиндик жана мамлекеттин мыкты келечеги – бул менин жолум” деп бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG