Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Жети-Өгүз аза күтүүдө


Автобустун айдоочусу Жаныбек Асанов менен жубайын акыркы сапарга узатуу зыйнатында тургандар. Кабак айылы, 25-июль, 2013.
Автобустун айдоочусу Жаныбек Асанов менен жубайын акыркы сапарга узатуу зыйнатында тургандар. Кабак айылы, 25-июль, 2013.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 14 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу бүгүн аза күтүү жарыяланды.

Бүгүн райондо желектер түшүрүлүп, маданий иш-чаралар белгиленбейт. Учурда каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

23-июлда Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына бараткан кичи автобус жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөндө айдоочу менен кошо ондон ашуун адам мерт кеткен эле. Жаракат алгандардын айрымдары ооруканага жеткенде жан берип, жалпысынан бул кырсык 14 адамдын өмүрүн алды. Учурда 6 адам Караколдогу облустук ооруканада жатат, эки киши үйүндө дарыланууда.

Кырсыктаган автобус, 23-июль, 2013.
Кырсыктаган автобус, 23-июль, 2013.

Сегиз жылдан бери Каракол-Кабак каттамында жүргүнчү ташыган бул кичи автобустун айдоочусу, 43 жаштагы Жаныбек Асанов аттуу адам эле. Ошол учурда анын жанында болгон жубайы да каза тапты. Алардын артында төрт баласы томолой жетим калды.

Маркумдум агасы Жеңишбек Асанов иниси тууралуу буларды айтат:

- Инимдин кандай жүргөнүн төрт айылдын элинен сурасаңыздар болот. Сегиз жылдан бери ушул каттамда эл ташып келген. Анан кырсык да, эмнеден болгону да белгисиз бойдон калып атпайбы... Эч кандай оорусун деле байкаган эмеспиз. Төрт баласы томолой жетим калды. Үч эркек, бир кыз бар эле, улуусу жаңы эле мектепти бүткөн, кенжеси үч жашта.

Жети-Өгүздүн Чырак айылында аза күтүп отургандар, 25-июль, 2013.
Жети-Өгүздүн Чырак айылында аза күтүп отургандар, 25-июль, 2013.

Кырсыктаган автобуска Каракол шаарынан жумушунан кайткандар, шаарга базарчылап чыккан айылдыктар түшкөн экен. Алардын катарында Акжолтой Кусейинов да Чырак айылына жол тарткан:

- Эсиме келсем, үстүмдө толтура киши жыгылып жатыптыр. Мен арткы бурчунда отургам. Каракол шаарынан чыгып, Жон-Булактан өткөндөн кийин унаа жээкке чыгып кетип теректи сүздү. Автобус орто эсеп менен саатына 60-70 чакырым ылдамдыкта бараткан. Орундуктар толуп, ортосунда 6-7 киши туруп бараткан болчу... Мени эсиме келгенден кийин ошол жердеги кишилер ооруканага алып келишти. Азыр абалым кичине жакшырып баратат.

Ысык-Көл облустук ооруканасы.
Ысык-Көл облустук ооруканасы.

Бул кырсыктан кийин облустук ооруканага 10 кишинин сөөгү түшүп, оор абалдагы эки жүргүнчү ооруканадан жан берген. Оор жаракат алган дагы бир жүргүнчү эртеси күнү кайтыш болду. Каза болгон дагы бир адамды туугандары ошол жерден эле үйүнө алып кетишкен. Ошентип бул каргаша 14 кишинин өмүрүн жутту.

Кырсыкка учураган кичи автобуста айдоочу менен кошо 22 адам бараткан, унаа 16 жүргүнчүгө эсептелинген. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG