Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Ооган согушунда жоголгон ноокендик тирүү чыкты


Орозалы Кочкоровдун мурунку жана азыркы сүрөттөрү.
Орозалы Кочкоровдун мурунку жана азыркы сүрөттөрү.

Ооган согушунда дайынсыз жоголгон жана жакындары өлдү деп эсептеген Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды.

1983-жылы туткунга түшкөн кыргыз жоокери азыр Чакчаран шаарында жашап жатканы, эки баланын атасы экендиги айтылып жатат.

Ооган согушунун ардагерлер кеңеши жакынкы күндөрү аны Тышкы иштер министрлиги аркылуу туугандары менен көрүштүрүүнүн жолун издөөдө.

Ооганстанда 36 жыл мурда дайынсыз жоголгон Орозалы Кочкоровдун тирүү экендиги тууралуу маалымат былтыр Орусиянын телеканалдары аркылуу берилген.

Бир туугандар Акбаралы, Аскаралы жана Орозалы Кочкоров (оң жак четте)
Бир туугандар Акбаралы, Аскаралы жана Орозалы Кочкоров (оң жак четте)

Ооган согушунун ардагерлеринин Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров билдиргендей, алар орусиялык куралдаштары аркылуу маалыматтын чын-төгүнүн такташкан.

- Биздин республикалык кеңеш Орусиядагы кызматташтар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын жардамы менен дайынсыз жоголгон куралдаш досубуздун тек-жайын аныктадык, - деди ал. - Учурда Орозалы Кочкоров Ооганстандын Чакчаран шаарындагы департаменттердин биринде электрик болуп иштеп жатыптыр. Ошол жакта үйлөнүптүр, эки баланын атасы экен. Атын Нурмухаммед деп өзгөртүптүр. Ооган жеринен СССРдин жоокерлери чыгарылгандан бери бир топ убакыт өтсө да ал жакта согуш басыла элек. Сырткы дүйнө менен таанышуу таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан досубуз биз менен байланыша албай, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан кабарсыз деп ойлойбуз.

Орозалы Сартбаев
Орозалы Сартбаев

Орозалы Кочкоров - Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси. 1981-жылы 18 жаш курагында Ооганстанга аскерге чакырылып, 1983-жылдын жаз айларында барымтага алынган бойдон дайынсыз жоголгон. Ал тууралуу ооганчы ардагер Орозалы Сартбаев буларды айтты:

- Биздин эки жылдык аскердик кызмат мөөнөтүбүз аяктап, Кыргызстанга кайтарга жакын калганда болгон окуя. 1983-жылдын 17-апрели болсо керек. Аскердик тил менен айтканда «дембел» болгон учурда алар согуш талаасындагы аракеттерге катышат эле. Ооганстандын Герат шаарына жакын жерде Өзбекстандын Самарканд облусунун тургуну менен бирге Кочкоров күтүүсүз барымтага алынган. Ал жерди совет аскерлери тазалап жатканда Орозалы Кочкоровдун башына кийген панамасын, белине таккан курун табышкан. Кийин аны Ноокендеги ата-энесинин колуна тапшырганбыз. Ошол учурдан тартып ал дайынсыздардын катарына кошулуп, табылбай жаткан.

Солдон оңго: Аскаралы жана Орозалы Кочкоровдор.
Солдон оңго: Аскаралы жана Орозалы Кочкоровдор.

Ооганстанда Орозалы Кочкоров менен кошо №371 полкто кызмат өтөгөн Абдулхамид Мансуров аны менен акыркы мүнөттөрдө көрүшүп, фотоаппаратына сүрөткө тартып алганын эстеди:

- 1981-жылы 4-апрелде Ооганстанга аскердик кызмат өтөөгө бирге чакырылганбыз. Ал жерде мен №371 полктун 3-батальонундагы жетинчи ротада, Орозалы тогузунчу ротада кызмат өтөгөн. Палаталарыбыз жакын болуп, такай жолугушуп турчубуз. Мен дайыма жанымда өзүмдүн фотоаппаратымды алып жүрчүмүн. 1983-жылдын апрель айларынын биринде Герат шаарында жетинчи жана тогузунчу рота биригип дивизиялык рейд өткөрүлгөн. Ал жыйынтыкталган соң дем алуу убагында Орозалы Кочкоров мага келип: «Досум, эки көгүчкөн кармап алдым, бир сүрөткө тартып койбойсуңбу», - деп суранып калды. Анын суранычы боюнча ошондо ушул сүрөттү тарткан болчумун. Биз ал жерден кеткен соң эки сааттан кийин 9-ротадагы балдарды барымтага алып кетишкени боюнча маалымат тарап калды. Ошол бойдон аны көргөнүм жок.

Аскаралы Кочкоров
Аскаралы Кочкоров

Кочкоров 1963-жылы Ноокен районунун Сакалды айылында туулган. Ал дайынсыз жоголгон соң убагында каза болгондордун катарында тажыясы да өткөрүлгөн. Ооганчы жоокердин бир тууган агасы Аскаралы Кочкоров уулун зарыгып күткөн ата-энесинин да көзү өтүп кеткенин айтты:

- Бир тууганымдын тирүү экендигин укканыбызда ыйлап, аябай жаман абалда болдук. Ал учурдагы сезимдерди айта албайм. Азыр аны менен жолугууну зарыгып күтүп жатабыз. Апам менен атам да баласын күтүп, күйүттүн айынан каза болду окшойт. Апам 1997-жылы, атам 2005-жылы кайтыш болду. Орозалы үй-бүлөдө бир туугандардын арасынан жетинчиси, балдардын арасында төртүнчүсү. Айылдагы мектепти 9-класска чейин окуп, андан соң Бишкек шаарындагы окуу жайынан электрик багытындагы кесипке ээ болгон. Анын дайыны чыкпаган соң тийиштүү органдар «катардагы жоокер Орозалы Кочкоров согушта курман болгон деп эсептелсин» деген тыянакка келишкен.

Ооган согушунда курман болгон советтик жоокерлерге тургузулган эстелик, Жалал-Абад
Ооган согушунда курман болгон советтик жоокерлерге тургузулган эстелик, Жалал-Абад

Сакалды айылындагы бир көчөгө Орозалы Кочкоровдун ысмы ыйгарылган. Жыл сайын 15-февралда анын аты эскерилип келген. Учурда ооган согушунун ардагерлер кеңеши ооганчы жоокерди туугандары менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу жолугуштурууга аракеттенүүдө.

1979-жылдын 27-декабрында советтик аскерлер Ооганстанга «интернационалдык милдетти аткаруу» деген жүйө менен кирген. СССР аскерлерин чыгаруу жараяны 1988-жылы 15-майда башталып, 1989-жылы 15-февралда аяктаган.

Кыргызстандан ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алган. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. Дайынсыз жоголгон төрт жоокердин бири Орозалы Кочкоров болчу.

12-февралда агасы Аскаралы Кочкоров Тышкы иштер министрлиги аркылуу Ооганстандагы иниси Орозалы Кочкоров менен биринчи жолу телефон аркылуу байланышат. Бул үчүн бүгүн ал Бишкек шаарына жөнөп кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG