Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Апрель окуясына жети жыл

2010-жылдагы Апрель ыңкылабына жети жыл толду.

Апрель элдик революциясынын күнү Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустук, райондук борборлордо да белгиленди.

22:08 7.4.2017

7-апрелдеги эскерүү акциясы борбор калаада уюштурулуп, бийлик өкүлдөрү "Ата-Бейит" тарыхый мемориалдык комплексинде куран түшүрүштү.

Апрель шейиттерине куранды муфтий Максат ажы Токтомушев окуду. Жогорку бийликтеги жоон топ адамдар менен келген президент Алмазбек Атамбаев жети жыл мурдагы апрель революциясында дүйнөдөн кайткан баатырлардын эстелигине гүлчамбар коюп, андан соң борбордук аянтты көздөй сапарын улады.

Жети жыл мурун Ак үйдүн жанынан ок жеп, жараат алган Дуулат Дүйшөналиев үчүн революция кечээ эле болгондой. Ал ошол жылы эл Бакиевдин саясатына тумчугуп, көтөрө албай калганда митингге чыкканын айтты:

- Менин атайын митингге барып катышайын деген ниетим жок эле. Ок атылып жаткан учурда жараат алган балдарды ооруканага ташып жаткам, бир маалда мага да ок тийди. Ошондон бери азыркыга чейин балдак менен жүрөм. Бийлик элге ок атат деп ким ойлоптур? Бирок балдарыбыздын каны текке кеткен жок. Жети жыл мурдагыга караганда свет өчпөй, жолдор салынып, акырындап оңолуп келатабыз.

"Ата Бейитке" куран түшүргөнү келгендер арасында жолдошу Эмилбек Ниязалиевден айрылган Сагын айым дагы отурду. Кандуу окуя анын түгөйүн алып кеткенден бери, мамлекет балдарын окутуп, жумушка орношууда көмөк көрсөтүп жатканын жашырбайт. Бирок сексенден ашуун адамдын өмүрү кыйылса да, аткаминерлер сабак албады деп сындады:

- Сексен баланын өлүмү актала элек деп ишеничтүү айта алам. Ошол эле светти төлөп келе жатпайбызбы. 7-апрелде эл электр баасынын кымбаттаганына каршылык билдирип чыкпады беле. Бийликтегилерди карасаң бири-бирине көө сыйпап, күнүгө чырылдап жатышат. 120 депутат бири-бирине аң казып отуруп баары шылдың болушту. Менин үмүтүм бир гана жаңы муунда, азыркы саясатчыларга ишенбейм.

Апрель ыңкылабы майрамга айланабы?

7-апрелде кырчындай өмүрлөрдөн айрылып, кайгыга батканы менен, баатырлардын улуу тилектери ишке ашып, азыр Кыргызстан өзгөрүп, өнүгүп жатканын президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кайрылуусунда белгилеп өттү. "7-апрелден кийин жергебизге көптөн күткөн тынчтык, туруктуулук келди" деген президент, эгемендүү Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөнүн белгиледи. Мындан ары бул күндү аза күтүү күнү эмес, улуттук майрам катары тосуу керектигин айтты.

Президенттин сөзүнөн кийин шаардык мэрия 7-апрелди майрам катары борбордук аянтта тосту. Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсалов бул күндү майрамдоого али эрте деген пикирде.

Тарыхчы, окумуштуу Рыскул Жолдошев бул күндү майрам катары белгилөө үчүн апрель революциясынын маани-маңызын коомчулукка терең түшүндүрүү керек деди:

- Бул күн майрам болбосо да, Кыргызстандагы эскерүү датасы сөзсүз болот. Жүзгө чукул кишинин каны төгүлүп жаткандан кийин эскербей койгонго болбойт. Аксы окуясында Акаевге каршы чыгып жети киши каза болгонун баарыбыз билебиз. Ал күндү бүгүнкү күнгө чейин эскерип келебиз. Андыктан апрель окуясы дагы элдин эсинде кала берет, себеби бул тарыхый окуя. Ал эми бул күндү жалпы майрамдоо бул келечектин иши деп айтаар элем.

Апрель ыңкылабын эскерүү иш-чарасы өлкөнүн бардык облус борборунда уюштурулуп, аймактарда да куран окулуп, концерттик программа менен катар революция катышуучуларына сый-тамак берилди.

​2010-жылы апрель революциясы Талас, Нарын шаарларындагы элдин бийликтин башкаруу режимине нааразылык иш-чараларынан кийин башталган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги 6-апрелде бир нече оппозициялык саясатчыларды камакка алган. Аларды бошотуу талабы менен чыккан эл 7-апрель күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан. Бийлик куралсыз элге ок чыгарып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жараат алган. Бул күндөн кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан.

Ал эми туура бир жыл мурун президенттин буйругу менен 7-апрель "мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес" деп жарыяланган.

21:49 7.4.2017

Майрамга айланган эскерүү (сүрөт баян)

21:48 7.4.2017

Уулдар унутулбайт

Апрель окуясы: уулдар унутулбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

16:34 7.4.2017

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG