Жогорку Кеңештин профилдик комитети “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абалды талкуулады
Ага Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев чакырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин аталган улуттук авиакомпаниянын акциясынын 49 пайызын сатыкка чыгарылган. Мамлекеттик жалгыз авиакомпанияны сатып алууга германиялык, индиялык жана болгариялык инвесторлор кызыкдар экени айтылган. Эл аралык ишкерлер авикомпаниянын акцияларынын кеминде 51 пайызын алууну сунуштаган. Жарандык авиация агенттиги компания сатылса, Кыргызстандын "Аба кодекси" бузула турганын айткан.
Мамлекеттик мүлк фонду берген маалыматка ылайык, көз карандысыз баалоо компаниясы "Эйр Кыргызстандын" сатыкка коюлган 49 пайыз акциясын 188,8 миллион сом деп баалаган. 2016-жылдын 6-сентябрында арыз түшпөгөндөн улам инвестициялык сынак өтпөдү деп табылган.
Кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе "банкрот болобуз" деген кооптонууларын айтып келет. Кыргызстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин “кара тизмесинен” да 2006-жылдан бери чыкпай турат. Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши сапарга аттанат.