Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Өкмөттүн талкууга түшкөн буйругу


"Манас" аба бекети
"Манас" аба бекети

Жаңы жылдан баштап чет өлкөгө учкан ар бир жарандан 15 доллардан алынат. Буга чейин 10 доллардан төлөнүп келген. Өкмөт аны 5 долларга көбөйтүү аэропортторду колдоону көздөйт деп айтууда.

Буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев 10-декабрда кол койду. Буга улай өкмөт чет өлкөдөн Кыргызстанга келген туристтерден да 10 доллардан алууну караштырып жатат.

Коомчулукта бул маселелер кызуу талкууга түшүп, өкмөт "Манас" эл аралык аэропорту башында турган өлкөдөгү аба бекеттердин каржылык абалын элдин эсебинен чечкени жатат деген сындарды жаратты.

Доллар менен кошо төлөм өстү

Азыр ар бир чет өлкөгө учкан жүргүнчүдөн 10 доллардан алынат, жаңы жылдан баштап ага дагы беш доллар кошулат. Өкмөт бул каражатты 2007-жылы Жапониядан алган 50 млн. доллар насыяны төлөөгө жана аэропорттогу жабдууларды жаңылоого жумшайбыз деп турат.

“Манас” эл аралык аэропортунун төрагасы Эмир Чукуев мындай чечимди кабыл алуудан мурда 120 өлкөнүн тажрыйбасы изилденип, көпчүлүк мамлекеттерде аэропорттон чогултулган акча 10-40 долларга чейинки сумманы түзөрүн айтты.

- Бүгүнкү күндө мисалы, Бишкек-Москва багыты боюнча учкан жүргүнчүлөрдүн билетине 7-8% гана кошулууда. 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүктүрүү стратегиясында “Манас”, “Ош, “Ысык-Көл”, “Баткен”, “Исфана” аэропортторун реконструкциялоо жана модернизациялоо тапшырмасы коюлган. Көпчүлүгүндө күндүз гана самолет учуп-конууга мүмкүн болгондуктан, түнкүсүн да тейлөөнү камсыз кылуу үчүн жарык берүүчү жабдыктарды орнотуу зарыл.

Сынга кабылган өкмөттүн буйругу

Өкмөттүк буйруктун көчүрмөсү.
Өкмөттүк буйруктун көчүрмөсү.

Коомчулук өкмөттүн буйругун анын көчүрмөсү социалдык түйүндөргө тарап кеткенден кийин гана билип калды. Күн соңунда гана буйрук тууралуу расмий маалымат берилди.

Коомдук ишмер, өз учурунда авиация менен байланышкан бизнести башкарган Бегалы Наргозуев өкмөттүн 15 доллар тууралуу буйругун ар бир жүргүнчүнүн чөнтөгүнө кол салуу катары баалады. Айрыкча бул акыркы тыйынына билет алып Орусияга акча тапканы бараткандарга дароо сезилет дейт ал.

- Биздин элдин төлөө жөндөмдүүлүгү төмөн да. Бизде учуп жаткан жүргүнчүлөрдүн 80-90% мигранттар. Алар акчаны карызга алып, билет сатып алышат. Эми ошолордон 15 доллар тоноп калуу уятсыз иш деп эсептейм.

Мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов "Манас" аба майданы бүгүнкү күндө чыгашалуу болуп жатышын андагы ишти уюштуруунун начардыгына байланыштырат. Анын пикиринде, эл аралык аба майдан акыркы 10 жылда АКШнын транзиттик борборунан түшкөн ижара акы менен жашап келген. Транзиттик борбор чыгарылган бир жылдан бери 60 миллион доллар казынага түз, 300 миллион доллар кыйыр тейлөө аркылуу түшпөй калгандыктан, "Манас" аэропорту элдин эсебинен жашаганга өтүүдө дейт экс-депутат:

- Биздин аэропорт башынан эле терең кризисте жүрөт. АКШнын базасы келгенден кийин гана аэропорт оңоло баштаган. Бирок биздин аэропортко президенттер өз кишисин гана коюшат. Бакиевдин учурунда Бакыт Сыдыков турду, Атамбаев келгени ал жакка Албек Ибраимовду койду. Булар эч нерсе кылган жок, ал эми америкалыктар ал жактан кеткенден кийин абал абдан эле начарлап кетти. Өкмөт аэропортко мыкты менеджер алып келгендин ордуна элди мыкты тоной турган адамды алып келип, туура эмес экономикалык сунушту киргизип жатат.

Өкмөт: учуп келгендер да төлөгүдөй кылабыз

Өкмөт азыркы учурда өлкөгө кирген туристтерден да 10 доллардан алуу маселесин карап жатканын 16-декабрда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев парламентте айтты:

- Ушул тапта өлкөгө тыштан келген турист, коноктордон 10 доллардан алуу маселесин Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте карап жатабыз. Бул эл аралык норма, көпчүлүк өлкөлөр колдонушат. Алсак, Египет дагы өз аэропортторунда 10 доллардан чогултат. Биз да ушундай кылып жергиликтүү аэропортторду өнүктүрсөк болот.

Министрдин орун басарынын бул сөзү да элде карама-каршы пикир жаратты. Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров өкмөт алгач алган насыяларды кайда жумшаганы тууралуу отчет бериши керек дейт.

- Өкмөт так айтпай жатпайбы, демилгени негиздөөчү документтер болушу керек да. Биз бир жагынан визасыз каттамды жарыялап, анан кайра аэропортко кире бериште эле 10 доллардан алсак, бул өлкөнүн туристтик жагдайына шек келтирет.

“Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун курамына облустардагы 11 аэропорт кирет. Алардын бешөө эл аралык маанидеги аэропорттор. Көпчүлүгүндө күндүз гана самолет учуп-коно алат.

XS
SM
MD
LG