Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:24

Айтматовдун жарыгы


Иллюстрациялык сүрөт.

Чыгармалары дүйнөлүк классикага айланган алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эл-журт – коомчулук биле бербеген кызыктуу маселелери, албетте, көп болсо керек. Ушул өңүттөн алганда "Азаттык" жарыялаган "Мен билген Айтматов" деген темасы орундуу да, негиздүү. Муну менен Ч.Айтматовдун элге белгисиз дагы далай кызыктуу сырлары, жаңылыктары ачылышы толук мүмкүн.

Мен билген Айтматов чыгармалары менен менин кан-жаныма өтүшүп кеткен улуу инсан. Себеби мен бул улуу жазуучунун китептерин кенедей кезимен окуп, ага таасирленип чоңойдум. Анын ар бир чыгармасын чыдамсыздык менен күтүп, аларды окуганда сууга чаңкап турганда таза, мөлтүр, тунук булакка жолуккандай, руханий дүйнөмдүн суусунун кандырууга далбас уруп, чыгармаларын ачкөздүк менен сугунуп, төгүп-чачып аптыга жуткансыйм.

Андан жан дүйнөмө тынчтык бербеген суроолорго ачык айкын жоопторду таап, дүйнөгө, коомго, турмушка Дүйшөндүн, Алтынайдын, «Ак кемедеги» Баланын, Майсалбектин, Танабайдын, Бостондун, Даниярдын, Эдигейдин, Найман-Эненин, Арсендин көзү менен карап, ошого ченеп, өлчөп, баа берүү деңгээлине көтөрүлдүм.

"Кылым карытар бир күн" чыгармасындагы ырайымсыз душмандын кулак угуп, көз көрбөгөн кыйноосуна тушугуп, өзүндөгү эң чоң артыкчылык болгон акыл-эсин алдырган Жоломандын маңкуртка айланышы эт жүрөгүмдү мыкчып, эзип, төрт күн бою уктай албай, көзүмөн жаш токтобой, китептин барактарын суулап, бир окуган жеримди кайра-кайра окуп, эсенгиреп калгам. Ошондо мен эркиндиктин жана азаттыктын нарк-насилин, барк-баасын кең-кесири түшүндүм. Анын ар бир чыгармаларынын ушундай таасири менин жаран болуп калыптанышыма, билимге, илимге кызыгуумдун артышына, ийгиликтердин жаралышына салымын кошту. Мен буга бир-эки мисал келтиргим келет.

Быйыл, 2018-жылы Түркия мамлекетинин Анталия шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жалпы түрк тилдүү мамлекеттер катышкан Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык симпозиумга чакыруу келип, катышып келдик. Анда Ч.Айтматовдун чыгармалары бир нече түрк тилдүү мамлекеттердин чыгаан илимпоздору тарабынан, маселен: М.А.Гусейинов “Творчество Ч.Айтматова и кумыкская проза 1960-1980-х годов”, С.Ф.Сагитовна “Рецепция творчества Чингиза Айтматова у татарской аудитории”, “Переводы творчества Чингиза Айтматова на татарский язык”, Н.С. Васькив “Мотив “запрещенной” любви в творчестве Чингиза Айтматова”, Айваз Моркоч “Түрк дүйнөсүнүн жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө ойлор” (түрк тилинде) деген сыяктуу бир топ илимий темада макалалар окулуп, кызуу талкууга айланды.

Албетте, Айтматовдун атын өз жериңде укканга караганда бөтөн жерде укканың бир башкача сезимди жаратат. Андагы сезимди бир ооз сөз менен айтып жеткирүү такыр мүмкүн эмес. Мен да Айтматов жөнүндөгү макаламды сыймыктануу менен баяндап, соңунда кубанганымдан жетине албай, “биз жазуучунун туулуп-өскөн жеринен келдик” дедим. Жыйындын катышуучулары жапырт тура калып кол чаап жиберишти...

Симпозиумдун катышуучулары Ч.Айтматовдун үй-бүлөсү, Шекер айылы, чыгармалары, айрыкча, каармандары тууралуу кызыккан суроолорун биринин артынан бирин берип жатышты. Алгач кыргыздын бир пендеси болуп барган жаныбыз Айтматовдун арты менен симпозиумдун чордонундагы улук бир жаранга айлангансыдык. Себеби ошондон баштап конференцияга катышуучулардын бизге болгон мамилеси, көз караштары өзгөрүп – “Ч.Айтматов менен бир өзөндүн суусун ичип, бир калаада жашаган силер кандай бактылуусуңар!» – деп суктанышып, өздөрүн Айтматов менен сүрөткө түшүп жаткандай, улам бири биз менен сүрөткө түшүп жатышты. Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болгон Айтматовдун аты менен Түркиядагы ошол күндөр, ошол мүнөттөр биз үчүн болуп көрбөгөндөй кучак жеткиз кубаныч, бакыт тартуулады.

Анталия шаарындагы Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган симпозиумдун жыйынтыгында илимий темабыздын актуалдуулугу баса белгиленип, Кыргызстандан барган эки окутуучуга (А.Акынбекова, Г.Сатаева) “Алтын медал” тапшырышты. Буга кантип кубанбай коёо аласың да, мындай кубанычты кантип айтпай тура аласың!

Бул ийгиликтер, албетте, түрк тилдүү мемлекеттердин Айтматовго болгон сый-урматынын арты менен жаралганын сезип турдук.

Өз жерибизге келип, ийгиликтерибизди облустук гезит бетине жарыяладык. Мындан көп өтпөй Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекеси "Манас ордо" комплексинде да өттү. Бул жерден да илимий эмгектерибиз бааланып, Калманбетов Манас агайыбызга “Айкөл Манас” ордени, сөз кылып жаткан авторго “Коомдук Манас академиясынын академиги” сыйлыгы тапшырылды.

Чыңгыз Айтматов Кыргыз элине жана дүйнө элине жасаган нар көтөргүс эмгеги менен бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып, улуттун башка улуттан айырмаланган улуу касиеттүүлүгүн көрсөткөндүгүнөн, көзү өтсө да, бүгүнкү күндө ар бир кыргыз жаранына жарыгын чачып турат.

Натыйжада Айтматовго мен дагы карыздармын жана милдеттүүмүн.

Ал менин жан дүйнөмдө, акыл-эсимде кыймылдаткыч күч катары жашай берет.

Ф.и.к.,доцент А.У.Акынбекова

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG