Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 15:07

Чыңгыз Айтматовдун экологиялык этикасы


Чыңгыз Төрөкулович Айтматов.

Адамзаттын генийи – Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун өзү, ата-энеси, анын чөйрөсү, геналдуу чыгармалары жөнүндө дүйнөгө атагы чыккан чыгармачыл адамдар, саясатчылар, окумуштуулар, ал эмес акыл-эси жаңыдан гана калыптанып келе жаткан мектеп окуучулары менен бала бакчалардын тарбиялануучуларына чейин өз дараметине, түшүнүгүнө, жаш өзгөчөлүгүнө жараша чыгармаларын жатка көркөм окуулардан баштап омоктуу ойлорун билдирген эмгектерин жаратып келе жатат.

Ошондой болсо дагы Ч.Айтматовдун ой байлыгы, акыл байлыгы чалкып жаткан түпсүз улуу мухит. Ал жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин айтылып, жазылып, изилденип келген ой пикирлер, илимий эмгектер анын учу кыйрысыз ааламынын, океанынын бир эле тамчысы катары элестейт.

Айтматов жөнүндө аны окуп үйрөнүү, изилдөө жөнүндөгү аракеттер эми гана жаңы башталды. Анын келечеги адамзат пендеси, коому жашап турганда убакыттын өтүшү менен айтылып, жазылып, изилденип бүтпөгөн кенчке айланат.

Ошол аракеттер жаңы башталып жатканда эле анын көөнөрбөс акыл ой байлыгы жөнүндө өтө омоктуу эмгектер, изилдөөлөр жаралууда. Ал кишини билгендердин, көргөндөрдүн, кошо жүргөндөрдүн, чыгармаларын окуп-тааныгандардын баа жеткис эмгектери пайда болууда. Эми мындан кийин да мындан да баалуу, жаңыча ой жүгүртүүлөрдүн, изилдөөлөрдүн, илимий эмгектеринин чексиз сериялары жарала бермекчи.

Мен дагы бул улуу адамдын чыгармаларын окуган, ага таасирленген бир окурманы катары өзүмдүн адистигиме байланыштуу бир үзүм пикир айтууну туура көрдүм. Ал ой Чыңгыз Айтматовдун акыл-эсинин, адамкерчилигинин, ой жүгүртүүсүнүн экологиясы же бул улуу адамдын экологиялык этикасы.

Ал бардык чыгармаларында жаратылышты, анын элементтерин, комплекстерин, алардын экологиялык абалын илимдин ушул тармагындагы адистерден кем билген эмес. Ал гана эмес жаратылыш жөнүндөгү ой чабыттары, сүрөттөөлөрү, философиялык ой пикирлери, легендалары атайын адистердикинен ашса ашат, кем калбайт.

Адамдардын жекече жашоо тиричилигиндеги мамилелерден баштап коомдогу, адам коомундагы ар кандай жөнөкөй конфликттерден баштап дүйнөлүк масштабдагы саясатка, коомдук экономикалык формацияларга, жеке адамдын ички аң-сезими ой толгоолорунан баштап адам коомунун глобалдык масштабдагы иш-аракеттерине чейин гениалдуу түрдө акыл-эстин, аң-сезимдин татаал экологиясына чейин өтө кылдат жана чебер, чечмелеп чагылдыра алган.

Мисалы, Сейиттин эле жеке ой толгоосунан баштап тап күрөшү, коомдук түзүлүштөрдүн ортосундагы конфликттер, Улуу Ата Мекендик согуш, билим-тарбия жаатындагы ой толгоолор, гумандуулук жөнүндөгү талаш-тартыштар, булганыч, алгылыксыз, бузук акыл-эстин зыяндуу жактарын жана алардын карама-каршысындагы адептүүлүк, адамкерчилик, ак ниеттик, акылмандуулук, тазалык, түздүк, актыктын ортосундагы күрөштөрдү акыл-эстин, аң-сезимдин, ой жүгүртүүнүн таза экологиясын пайдалана алганы менен сүрөттөй алганы.

Бул ой пикирди чечмелеп отурсак, өзүнчө чоң китепке дагы сыйдыра албайбыз. Мен бул кичинекей макалада улуу гений Чыңгыз Айтматовдун жаратылышынан эле аң-сезиминин, акыл-эсинин тунуктугу, жеткиликтүүлүгү жөнүндө гана бир аз болсо да өз пикиримди билдирип койгум келди.

Демек, Айтматовдун экологиялык этикасы анын ой жүгүртүүсүндө: адамдык сапаттарга, сүйүүдөгү тунуктукка, жүрүм-турумдагы тазалык менен түздүккө, гумандуулук менен боорукерликке өзгөчо аёо сезими менен мамиле жасаган көз караштарында калыптандыра билгендигинде.

Ошондуктан анын чыгармаларынын бардыгында жашоону, табияттын татаал кубулуштары менен сырларын, ар кандай тагдырлар менен окуяларды сүрөттөп жазууда бул касиеттер менен кубулуштарды терең түшүнүү менен ой жүгүртүп, экологиялык жактан өтө таза принциптерди кеңири жана ылайыктуу пайдалана алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат.

Ушул касиеттерди ал бардык чыгармаларында өтө чеберчилик менен пайдаланган, чагылдырган. Адамдарды ошол асыл касиеттерге үндөп, багыттай алган.

Анын чыгармаларын окуган адам сөзсүз Айтматовдук образдарга кирип кеткенин байкабай калат. Анын каармандарынын терс жактарын четке кагууга, ал эми оң жактарын сиңирип алууга шыктанат. Анын классикасынын сыйкырдуу артыкчылыгы ушунда болушу керек.

Эми Айтматовдун чыгармаларындагы айрым урунттуу маселелерге тийип өтсөк:

Социализм-коммунизм менен капитализмдеги, патриотизм менен фашизмдеги, дегеле коомдук түзүлүштөрдөгү таза жана ыплас саясаттар.

Сталин менен Гитлердин, Таңсыкбаев менен Абуталиптин, Танабай менен Сегизбаевдин ж.б. саясаттан булганч жана таза жактары.

Ильяз менен Аселдин, Данияр менен Жамилянын, Абуталип менен Зарипанын, Раймаалы менен Бегимайдын, Эрдене менен Догландын, Ташчайнар менен Акбаранын ж.б. тунук сүйүү экологиясындагы акактай тазалыктар эне деген керемет.

Жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу анын бардык компоненттеринде туташ кыйроонун боло тургандыгын кылдат жана көркөм баяндаган.

Мисалы, наркобизнес менен шугулданган шумпайлардын ыплас байлыкка жетүү үчүн ар кандай маңзат жана ичимдиктер менен адамдын акыл-эсин ууландырып (Мында Базарбайдын мас болуп, аң-сезиминин бузулушу), жаратылыштын экинчи бир элементине зыян келтириши (бөлтүрүктөрдү уурдап кетиши).

Акыл-эстин, аң-сезимдин, ой-жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүнүн учкул философиялык ой жүгүртүү менен өтө таасын, абдан билгичтик менен чагылдыра алган.

Алып айтсак душмандардын өзгөчө караниеттигинен Жоломандын “маңкуртка” айланышы. Акыл-эстин экологиялык бузулушунан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын мутацияланышы сыяктуу эле чыгаан жигиттин акыл-эстин экологиясын укмуштай сүрөттөө.

Ушул сыяктуу Айтматовдун чыгармаларында акыл-эстин, аң-сезимдин, ой жүгүртүүнүн экологиялык тазалыгы, ак менен каранын, адилеттик менен карасанатайлыктын, адамгерчилик менен акмакчылыктын, тазалык менен ыпластыктын, тунук сүйүү менен көзгө чөп салган алдамчылыктын, чындык менен карөзгөйлүк ортолорундагы тунук ой жүгүртүү жана таза жыйынтык чыгаруусу өзгөчөлөнүп турат. Негизги артыкчылыктардын айрымдары ушулар. Бул кичинекей макалага Айтматовдун экологиялык этикасын батырууга эч мүкүн эмес. Ал өзүнчө терең изилдөөлөрдү, эбегейсиз көп ой жүгүртүүлөр менен илимий иштерди талап кылат. Бирок бул багытты белгилеп коюуну туура таптым.

Ар дайым эсте сакталат

(Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына)

Аруулук баткан демине,

Алп туулган кыргыз элине.

Аалымдык көркөм өнөрү,

Аманат болгон элине.

Алмашып жашоо мыйзамы,

Айланып келсе эмине.

Алп талант эле өзгөчө,

Аткарбай койбос көздөсө.

Ашкере артык жан эле,

Айкүрдөн жанбас өкчөсө.

Ал быйыл чыкмак токсонго,

А дүйнө салып өтпөсө.

Ааламдын алпы Айтматов,

Атагы чыккан таш жарып.

Атактуу баалуу эмгеги,

Айтылып калды макталып.

Адамзат жашап турганда,

Ар дайым турар сакталып.

Чыңгыз Айтматовду эскерүү

Кыргыздын күнү кулап каран калды,

Кыргыздын Айтматову дүйнө салды.

Кашайтып карегинен ажыратып,

Кайрадан Ала-Тоону күүгүм чалды.

Кантели эл садага чапмак ага,

“Канталаш” каркылдаган каргаларды.

Кудурет миң жылдарда бере бекен,

Кыргызга Чыңгыз өңдүү улуу жанды.

Тубаса кетти эколог бул дүйнөдөн,

Туу тутуп тоо-талаасын жанып күйгөн.

Туулган жер жашыл дүйнө, аалам эмес,

Ташчайнар, Акбараны кошо сүйгөн.

Түнөгү тоо, талаалар, чөл болсо да,

Түрүлгөн океандын сырын билген.

Туулса да сенден сулуу, сенден байлар,

Туулбайт го сендей асыл оңой менен.

Кимдер жеткен

Дүйнөдөн акылмандар, алптар өткөн,

Дүңгүрөп келген өңдүү түшүп көктөн.

Даанышман, акылманга теңелем деп,

Далдырап даамсыз сүйлөп, калптар өткөн.

Даңкталган бүгүнкүлөр арасынан,

Даңкына Айтматовдун кимдер жеткен.

Дүйнөдөн далай сөзмөр чечен өткөн,

Дүңгүрөп бир ажайып нечен өткөн.

Дайыны далайларды таң калтырып,

Дүркүрөп гүлдөй жайнап, озгон көптөн.

Даңкталган ошондойлор арасынан,

Даңкына Айтматовдун кимдер жеткен.

Дүйнөдө көптөр келген, көптөр кеткен,

Даңк-сыйга кээси жетпей, кээси жеткен.

Делбирлер, секетпайлар жазылса да,

Демигип көбү жолдо кала берген.

Дердеңдеп жерди баспай жүргөндөрдөн,

Демине Айтматовдун кимдер жеткен?

Дүйнөгө дагы далай шаарлар келет,

Данистеп асыл ойду көп эселеп.

Даңк үчүн дабыраган чоң жарышта,

Данектүү бирөө чыгат, бакыт жөлөп.

Даңканы Айтматовдой көрүнсө да,

Дабышы же теңелет, же теңелбейт.

Адамдыктан, Акыл-эстин экологу

Ардактуу Айтматов Чыңгыз ага,

Айтарга сөздү табуу кыйын ага.

Атак-даңк, акыл-эсти аябастан,

Ааламдан тартууланган экен сага.

Алладан келген ошол сый-урматты,

Аздектеп кайтарыпсың элге кайра.

Акылың абдан терең, тетик экен,

Ааламга шайкеш келип өтө кенен.

Асылзат жаралыпсың бул дүйнөгө,

Артыкча гениалдуу касиеттен.

“Айтматов акыл-эстин экологу”,

Ааламга анда-санда сейрек келген.

Ай-жылдар алмашылып доор өттү,

Асманда жанып-күйүп жылдыз өчтү.

“Адамдык, акыл-эстин экологу” –

Агабыз аздектеген таңды-кечти,

Айтматов бир өзгөчө ыйык адам,

А дүйнө түбөлүккө бизден кетти.

Алданып аралыкка турбас түккө,

Айыпты түртө салып мезгил жүккө.

Аттиңай аткарылбас калды өкүнүч,

Агага жолукпаган тирүүлүктө.

Аргасыз окшоп калдым бир макалга:

“Айранды ууртап ичкен күйүп сүткө”.

Айтылып акыл-эске армандары,

Алыста кала берип жалгандары.

Асылды асыл кылып жаркыратты,

Акылман Айтматовдун жазгандары.

Аралап арабызда жүрөт дайым,

Ардактуу агабыздын каармандары

Шаршенбек Алтыбаев – Нарын облустук академик Үсөн Асанов атындагы мектеп лицей-интернатынын география мугалими.

КР Эл агартуусунун отличниги.

Нарын облусунун жана районунун “Ардактуу атуулу”.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG