Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Кызганыч аралашкан кылмыш иши


Темирлан Алиев.
Темирлан Алиев.

Ак-Суу районунда былтыр сөөгү талаадан табылган 21 жаштагы тургунду ким өлтүргөнү белгисиз болууда.

Буга чейин милиция “жигит өзүнө кол салды” деген жыйынтыкты айтып келген. Ага нааразы болгон маркумдун жакындары жигиттин сөөгүн каздыртып, кайрадан экспертиза өткөргөнгө мажбур болушкан. Окуядан бери 1,5 жыл өтсө да, иш тергөөдө турат.

2017-жылдын 10-июнь күнү Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 21 жаштагы тургуну Темирлан Алиевдин сөөгү ошол эле райондун Жол-Колот айыл аймагынан, жол жээктен алыс эмес жерден табылган. Ал 9-июнда Боз-Учук айылынан чыгып, Караколду көздөй кеткени айтылып, эртеси жакындарына “каза болду” деген суук кабар келген.

Темирландын апасы Кенжегүл Усубалиева уулунун классташтарынын айткандарына таянып, окуя тууралуу буларды айтып берди:

Кенжегүл Усубалиева.
Кенжегүл Усубалиева.

- 9-июнда кечинде чыгып кетип, эки-үч классташына чалып, “мени Ак-Сууга жеткирип койгула, ал жактан Эрнисттин машинесин алып Караколго барам” дептир, Эрнист биздин бир тууган жээн болот. Санжар аттуу классташынын “Жигулисине” отуруп, Ренат жана Саламат деген балдарды салып, Ак-Сууга жөнөшөт. Ак-Сууга келип жээнибиздин машинесин алып, эки машинеге бензин куюшат да, ошол жерден Темирлан “Жигулиден” өзү айдап чыккан жээнинин “Субару” үлгүсүндөгү автоунаага капка оролгон бир нерсе салат, балдар сурашса, Темирлан “мылтык” деп айтат. Балдар каякка бараарын сураса, Темирлан “балдар чакырып, жанымды койбой жатышат” дейт. Ошону менен Темирлан Караколго кетип калыптыр, тиги үч бала артынан “Жигули” менен барганын айтып жатышат. "Анан Караколго кирип кетти, биз артынан барып таппай калдык" деп жатышат. Эртеси күнү биз эртең менен уктук. Ошону менен 12-июнда жерге коюлуп калды.

Темирлан Алиевдин күмбөзү.
Темирлан Алиевдин күмбөзү.

Темирланды ким эмне себептен өлтүргөнү табышмак бойдон калууда. Темирлан өлөөрдөн бир ай мурун келинчегинин телефонунан Тахир Югазиев аттуу адам менен жазышканын таап алып, ошондон өч алуу максатында май айында Тахир жана анын жанындагы жигиттер менен жолукканын досторуна айтып берген.

Темирландын апасы Кенжегүл баласын ошолор өлтүрүп коюшу мүмкүн деп шек санап жатат.

- Балам келиндин почтасы аркылуу кирип, СМСтерин окуп калыптыр, - дейт ал. - Анан жолугушуп, сүйлөшөйүн десе Тахир 17-майда келип, алыстан көрүп эле кетип калыптыр. 18-майда Темирландын сөөгү табылган жерге төрт бала кара машине менен барып: “Алиев Темирлан сенсиңби?” дейт, балам: “Ооба” десе, бирөө чөнтөгүндөгү телефонун алып, баскылап, бир нерселерди өчүрүптүр, дагы бири мойнуна бычак такаптыр. Анан ары жактан машиненин жарыгы көрүнгөндө: “Эмкиде башкача сүйлөшөбүз” деп баламды коё беришиптир.

Милиция болсо 12-июнда факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен иш козгогон.

Милиция башында бул жигитти бирөөлөр өлтүрдү деп, көп өтпөй “өзүн өзү аткан” деген бүтүм чыгарганына таң калып жатканын Темирландын эжеси Чолпон Урсеитова айтты:

Чолпон Урсеитова.
Чолпон Урсеитова.

- Милиция кызматкерлери “үч күндүн ичинде табылат, бул киши колдуу болуптур” деп айтышкан. Анан үч күндөн кийин эле “өзүн өзү атыптыр” деген тыянак чыгара башташты. Биз экспертизага бергенде “Темирландын колунун узундугу 78 см, өзүн өзү атканга жетет” деп чыгарып бериптир. Ал эми биз сөөктү эксгумация кылганда колу жетимишке чейин эле өлчөмдө экен. Ошону жокко чыгарып, 78 см. деп чыгарып беришти.

Бир топ күмөн санаткан жагдайлар болгондуктан Темирландын ата-энеси сөөктү эксгумация кылдырганга уруксат берген. Эксгумация 2018-жылдын 18-июлунда болот. Көз каранды эмес экспертизаны Темирландын жакындары чакырышкан.

Эксперттер баланын башында жарака бар экенин жана далы сөөгүнүн талкаланганын көрсөтүшкөн. Бирок Кенжегүл Усубалиеванын айтымында, милиция ал жыйынтыктарды иштин карамагына кошкон эмес.

- Ал жерге эжелери, теңтуш балдары, кошуна-колоңдордон эркек кишилер турушту, - дейт ал. - Мына ошол күбөлөрүбүз бар. Сүйлөшүүлөрдө айтыптыр, "башында жарака бар" деп көрсөтүптүр, "далысында да жарака бар экен, далысы сынган" дептир. Анан эксгумация болгон соң ошолорду экспертизанын жыйынтыгына жазбайт. Буларды жогору жактан басып жатканы, мунун баары сүйлөшүлгөнү белгилүү болуп турат. Баары жасалма.

Темирландын жакындары “Тахир аттуу баланын ИИМде тааныштары болуп, ошол себептен бул жактагы милиция кызматкерлери андан шек саноого батынбай турушат” дешет.

Милиция маркумдун жакындарынын дооматтарына макул эмес. Иш бир жылдан ашык убакытка созулуп кеткенин анын өкүлдөрү кошумча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы менен түшүндүрүшөт.

Ал эми маркумдун өлүмү үчүн жакындары күнөөлөп жаткан Ырдык айылынын жигиттери ал өлгөн учурда башка жакта жүрүшкөнү аныкталган, дейт Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Сталбек Усубакунов.
Сталбек Усубакунов.

- Жабырлануучу тарап, өлгөн жигиттин келинчегинин тааныштары, курсташтары "ал жигиттин өлүмүнө шектүү" деп арыздарында көрсөтүшкөн. Бул жагдайлар изилденип чыкканда ал балдар Темирлан өлгөн күнү ал жакта болгон эмес. Алибиси бар экени аныкталган.

Темирландын апасы айтып жаткан көз каранды эмес эксперттердин тыянагы эмне себептен эске алынбай жатканын Усубакунов андай экспертиза юридикалык күчкө ээ эмес экендиги менен түшүндүрдү. Бирок ал ошол жагдайларды эске алып, кайрадан мамлекеттик кошумча экспертизалар дайындалып, учурда Ысык-Көл облустук милициясынын тергөө бөлүмү тергөө иштерин улантып жатканын айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG