Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Биздин саякат


Мен Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда дене тарбия адистигинде 5-курста окуйм. Студенттик күн бул ар бир адамдын түбөлүк эсинде калчу учур. Ошол себептен группабыз менен аны биздин өмүр таржымалыбызда калгыдай өткөрөлү деп сүйлөшкөнбүз. Андан улам ар ай сайын Ысык-Көл областынын эң кооз жерлерин кыдырууну адат кылып алганбыз. Мен биз кыдырган аймактырдын ичинен эң кызыктууларын баяндап, эс алуубуз тууралуу бөлүшүүнү чечтим.

Ар убак сапарга аттанарда группалаштар алгач Каракол шаарындагы “Бугу” деп аталган кичи базардан шаардыктардын, анын ичинен студенттердин тамагы болгон ашлян-фу менен тамактанабыз. Бизге окшогон көптөгөн кардарларды өзүнө тарткан Каракол шаарынын эң негизги кичи бизнесинин бири ашлян-фу сатуу болуп эсептелет. Алгач бул тамакты дунган эли гана жасаса азыр жергиликтүү жашоочулардын көпчүлүгү өздөштүрүп алышкан. Айта кетчү нерсе, бир адамдын аш-лянфусу экинчи сатуучунукуна окшобойт. Тургундардын айтымында, ал соусунан болот жана аны жасоону ар ким сыр тутат. Көпчүлүгүбүз бул тамакты жегенибиздин себеби, баасы студенттердин чөнтөгүнө ылайыктуу, 25 сом. Ал эми бат-бат барып жеген жерлерибиз 15-20 сомдон берет.
Жети-Өгүз.
Жети-Өгүз.



Ошентип тамактангандан кийин алгачкы жолу группалаштар Жети-Өгүз районунда жайгашкан Көк-Жайык жайлоосуна бардык. Мен өзүм бул райондон болгондугума карабастан, биринчи жолу келдим. Ал жердин кооздугун эми сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Кире бериште Жарылган жүрөк тоосу бар. Анын жанына келген меймандардын баары сүрөткө түшөт. Биз дагы түштүк. Жарылган жүрөк тоосунун артына өтүп караганда атактуу Жети-Өгүз тоосу көрүнөт. Аны алыстан караганда жети өгүзгө окшош таш бири-бирине чиркелешип кетип бара жаткандай. Ошондон улам ал бул атка ээ болгон.

Тарых сабагынан өткөн лекцияга токтолуп кетсем, бул тоолор 1968-жылдары совет почтасынын маркаларына түшүрүлгөн экен. Андан тышкары жайлоодо өзүнө тарткан Кыз чачы аттуу шаркыратма бар. Ага барып сүрөткө түшүп кайра келгиче күн да кечтеп калат. Анан достор менен шишкебек жеп, жайлоодогу меймандарга тигилген боз үйлөргө түнөп, кайрадан шаарга кайтмай.

Окуу менен бир ай алектенип, айдын аягында Каркыра жайлоосуна барып эс алууга жөнөдүк. Каркыра жайлоосу Түп районунда орун алган. Ал жерде биз үчүн кызыктуусу бул эки мамлекетти бир гана суу бөлүп турганы болду. Каркыра суусунан балык кармап, жайлоодон кымыз ичип эс алдык. Андан сырткары бул жерде тарых барактарына түшкөн Сан-Ташты көрдүк. Эгер тарыхты барактай турган болсок, бул үйүлгөн эки үймөк таштын бири согушка жөнөгөн аскерлердин саны болсо, бири кайтпай калган жоокерлердин ташы.

Ошентип Каркырадан келгенден кийин ал жерди көпкө айтып унута албай жүрдүк. Кийинки айда Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы Манжыл-Атага сапар тартык. Бул жерде жети булак орун алган. Ар бир булак өзүнчө касиетке ээ. Тургундардын айтымында, алар аллергияга, ички органдарга, нерв системасына абдан пайдасы бар. Ошол себептен элдин агымы үзүлбөй, ден соолугун чыңдоого келишет.

Манжыл-Ата мазарында жети булак менен бирге жети мазар тереги бар. Биз ал булактардын ар бирине барып көрдүк. Манжыл-Ата, Умай-Эне, Илим, Майтик-Дубана, Бала мазар, Үй-бүлө мазар, Азиз мазар болуп жетиге бөлүнөт. Бул жерди да сүрөттөргө тартып, соцтүйүндөрдүн бетин толтурдук.

Андан сырткары биздин студенттик күндүн көпчүлүгү Караколдогу “Жапайы жаныбарларды коргоо борборунда” өттү. Ал жер сүйүктүү жайга айланганынын себеби, биздин чөнтөгүбүзгө эң ыңгайлуу. Анын үстүнө жалаң 5ке окугандар гана стипендия алат деген мыйзамдан улам айрымдарыбыз стипендия албай калганбыз. А бул жерге окуудан чыгып сүйлөшүп гана басып барууга ыңгайлуу. Ал жерден үй канаттууларынан тарта аска-зоодо, какыраган чөлдө, мээ кайнаткан ысыкта жашаган жаныбарлардын түрлөрү бар.

Андан сырткары кыш айларында акча чогултуп, бир сезондо эки-үч жолу Каракол лыжа базасына барып эс алабыз. Лыжа тебүүчү жай деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте орун алган. Ал Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Союз кезинде бул жерде СССРдин курама командасы машыккан. Азыр болсо бардык лыжа сүйүүчүлөр үчүн эшиги ачык. Лыжа жайында төрт аркан жолу (канатка) бар. Алар менен бийик жерине чейин көтөрүлүп алып, кээде лыжа менен түшө албай кайра аркан жол менен түшкөн учурларыбыз да болот. Ошону менен катар бул жерде кыштын кызыктуу күндөрүн өткөрүү үчүн чана тебүүчү жайы бар. Бизге эң жакканы, чана тебүү убактысы чектелген эмес, бир чана алып бир күн кечке эс алса болот. Бул менин, биздин студенттик жашообуз!
Акыл Исаев, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти.
XS
SM
MD
LG