Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Мекендин баркын да, баасын да биле жүрөлү


Кыргызстан
Кыргызстан

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" аттуу дилбаяндар сынагын жарыялаган. Буга ылайык, "Азаттык" радиосу Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дил баяндарын webeditor@rferl.org электрондук почтасы аркылуу кабыл алат жана алардын арасынан жеңүүчүнү аныктайт. Дилбаяндарды кыргыз же орус тилинде сунуштаса болот. Сынактын жалпы шарты менен бул жерден тааныша аласыз.

Сынакка келип түшкөн кезектеги дилбаянды сунуш кылабыз. Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын А. Осмонов атындагы N10 орто мектебинин 9-классынын окуучусу Айтурган Акылова жөнөткөн.

Ата Мекен - бул ыйык сөз, ыйык түшүнүк. Кылымдар бою ата-бабаларыбыздын кан-жаны менен корголуп, апаларыбыздын жашына жуулган жер - бул, албетте, Ата Мекен.

Ар бир адамдын туулган жери, киндик каны тамган айылы, шаары ыйык. Канчалаган кооз жерлерди кыдырбайлы, ал жердин сулуулугуна суктанбайлы, баары бир өзүбүздүн туулуп-өскөн өлкөбүзгө жетпейт.

Ар бир эл Ата Мекенге жөн жеринен эле ээ болуп калбайт чыгар. Албетте, ага ээ болуш үчүн ата-бабаларыбыз кылымдар бою кырчылдашкан кандуу согуштарды баштарынан кечирди. Алардын бири Экинчи Дүйнөлүк согуш. Бул кандуу согушта канчалаган аталарыбыз, чоң аталарыбыз өмүрүн беришкен. Алардын бир гана максаты - кийинки муунга эркиндикти, жакшы жашоону тартуулаш болгон. Ушул улуу максат үчүн алар жанын беришкен. Биз аларга терең таазим кылып, ар бир кечте эскерип турушубуз зарыл.

1991-жылы Кыргызстаныбыз эгемендүү өлкө болду. Элибиз 31- августту Эгемендүүлүк күнү деп майрамдашат. 1992-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө болгон. 1994-жылы январда Өзбекстан жана Казакстан менен соода-сатык жолун ачкан. 1993-жылы Борбордук Азия боюнча Кыргызстан биринчи болуп, өзүнүн улуттук акчасын ишке киргизген. 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган жана демократиялык өлкө деп жарыяланган.

Эгемендүүлүк күнүн алгандан баштап республикабыздын экономикасы өнүктү. Көптөгөн мамлекеттер менен иш жүргүзүп, маданиятка, спортко көңүл буруп, дүйнөлүк аренага чыкты. Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсүнө бардык жаштар салымын кошуп, дүйнө жүзүнө таанытты. Келечекте мамлекетибиздин гүлдөшүн мындан да кооз элестетемин жана каалаймын.

Биздин өлкөбүздүн дагы бир сыймыктана турганы - жер астынан чыккан кен байлыктары, алтындары. Бирок кен байлыктарды кайра иштетүүчү заводдор жоктугу өкүндүрөт. Дагы бир өкүндүргөн нерсе, кыргыздын татыктуу жаштары өз өлкөсүндө эмес, чет өлкөдө иштеп калып жаткандыгы.

Мен кыргыз кызымын. Кыргыз болуп туулганыма сыймыктанам.Өз өлкөмдү сыйлоого, урматтоого, көздүн карегиндей сактоого, душмандардан коргоого милдеттүүмүн.

Мен Кыргыз мамлекетим сыймыктангандай атуул болуп, жакшы окуп, жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүп, өлкөмдүн гүлдөп-өсүшүнө өз салымымды кошкум келет. Келгиле, достор, баарыбыз өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабайлы! Жогоруда айтылган баалуулуктарды кийинки муунга татыктуу жана таза өткөрүп берели!

Айтурган Акылова, Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын А. Осмонов атындагы N10 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

XS
SM
MD
LG