Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты


Алыскы Алайкуу жергесинде телефондон Твиттерге катталып, смс аркылуу маалымат алуу жайыла баштады.

Сыналгы, гезит жетпеген элеттиктер үчүн кадимки эле социалдык түйүн эң ыңгайлуу маалымат булагына айланды. Бул саамалык көбүнчө айылдардагы саясатчы аксакалдар арасында популярдуу болууда.

Жашы 60ка чукулдап калган Курманбек Каракозуев аксакалдын Твиттерге туташканына 3-4 айдан ашып калды. Андан бери Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган жаңылыктар жазылган жүздөгөн смстерди акысыз алып жаткан экен:

- Твиттердин өзгөчөлүгү - маалымат алуунун ыкчам жолу экен да.Теле, радио, гезит дегендер алыскы айылга жетпей эле калып жатат. Ал эми Твиттер кайсы убакта болбосун өзүңдүн жаныңда, өзүңдүн чөнтөгүңдө жүрөт экен. Саясий-коомдук жаңылык, аба ырайы, акчанын курсун айтып атат, 7 облустун бардык жагындагы жаңылыктарды айтып атат. Радио менен телевизордогу жаңылыктар жеткиче, биз окуп, баарын түшүнүп калып атабыз. Бул эми бизге окшогон айылдыктар үчүн жакшы саамалык экен. Мына бул “Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык мамилелерине 20 жыл болду” деген жаңылык саат күндүзгү саат үчтө түштү.

Алайкуу өрөөнүнүн Күйөө-Таш айылында ушу күнгө чейин 10-15 чакты жашоочу Твиттерге туташып калды. Бул саамалык аймактын башка кыштактарында жашагандар арасында да популярдуу болуп жатат. Өзгөчө бул нерсе айылдык саясатчы аксакалдарга “майдай” жаккандай.

Күйөө-Таштын тургуну Өмүралы Тасмаев:

- Жыргап эле калдык. Социалдык түйүн деп коюшуп, бүт эле маалыматтын баары ушул жакта жатат экен. Бекер, тез арада, жеткиликтүү, кыска, башты оорутпайт. Ана окуп эле, башкалардан биринчи маалымат алып отура бересиң. Телефон кармаган кишинин баарын эле ушуга туташтырып атабыз.

Облус борборунан 250 чакырымдай алыс жайгашкан Алайкуу өрөөнү Кара-Кулжа районундагы эң катаал шарттагы аймак. Мында анча-мынча телеканалдар гана тартпаса, радио, гезиттин жетиши кыйын. Ошол себептүү элетте да Твиттерге туташуу күчөп бараткандай.

Алайкуулуктарды Ош шаарында иштеген, ал жактын кулуну Асанбек Каракозуев туташтырып турат:

- Алгач өзүм Твиттерге катталып, телефондон смс аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн туташтырдым. Анан шаарда толтура маалымат бар, бул бизге эмес, айылдыктарга ылайыктуу экенин түшүндүм. Атамды туташтырып бердим. “Эмне жаңылык?” деп элдин баары эле сурап калыптыр. Анан кийин-кийин эле көбөйүп, "меникин да туташтырып берип кой, мени да твит кыл” деп эле кайрыла баштады. Муну туташтыруу деле кыйын эмес, дистанциондук жерден эле ишке ашат. Бул жерде туруп эле ага дарек ачып, туташтырып коем. Анан ар кимди кошуп коем, болду - маалыматты алып жата берет.

Ошентип азыр Асанбек Каракозуевге телефон чалып, Твиттерге туташтырып берүүнү суранган айылдаштары көбөйүүдө. Ал өзү Твиттерде @AAsanbek дарегинде отурат:

- Бул биздин айылда, Алайкууда чын эле модага айланып баратат. Мен атама туташтырып бергенден кийин эле дароо баары кызыгып кетишти. Анда ошол эле “Азаттыктын”, ошол эле Биринчи радионун, “Кабар”, “АКИпресс” маалымат каражаттарынын твит-аккаунттарын окуй турган кылып туташтырып атабыз. Же жакшы маалыматтарды жазып турган адамдардыкын туташтырып койобуз.

Алайкуу өрөөнүндө 10 чакты айылда жалпысы болуп 25 миңдей адам бар.
Жолдун алыстыгынан мындагылар жылына кокустан эле гезит окуп калышпаса, дээрлик борбордогу жаңылыктардан оолак калышат. Теле менен радио деле анча тартпайт. Ушундай учурда Твиттерден маалымат алуу элеттиктер үчүн эң ыңгайлуу каражат болуп жаткандай. Анткени ар бир адамда азыр жок дегенде бирден телефон бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG