Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Жалал-Абаддагы 7-апрель...


Ак үй, Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл.
Ак үй, Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында болгон окуянын таасири Жалал-Абад облусуна да тийген. Бирок Бишкектегиден айырмаланып, облус аймагында ок атылбай, бийлик элдин колуна тынч өткөн.

Ал күнү облустун Кербен шаарына таң эртеден баштап, бийликти өзгөртүүнү каалаган жарандар Аксы районунун борборундагы “Алтын казык” кинотеатрынын тушунан тоолуу айыл-кыштактарга өтчү жолго топтоло баштаган. Жүздөн ашуун адам колдоруна түрдүү мазмундагы талаптар жазылган кызыл тасмаларды көтөрүп алып, райондук бийликтин имаратын көздөй жөө жүрүш жасаганын көрүп турганбыз.

Бирок жөө жүрүш менен келаткандар райадминистрацияга жете электе, алдынан Аксы районун ошол убакта башкарып турган аким Талант Орозов жана башка мамлекеттик кызмат адамдары тосуп чыккан. Алар жөө жүрүшчүлөрдүн талаптары менен нааразылыгына себеп болгон жагдайларга кызыкмыш болуп, жергиликтүү бийлик имаратынын алдына барууга жол бербей тургандыгын билдиришкен. Нааразы адамдар ошол убактагы бийликтин иш-аракеттерине макул болбосун айтышкан. Митингчилердин алдында жүргөн таанымал оппозиционер Топчубек Тургуналиев жана башкалар акимге кызматын тапшырып, эл тарабына өтүүнү сунуш кылган.

Анткен менен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Талант Орозов кызматын тапшырууга эч кандай негиз жок экенин жана топтолгон адамдардын талабы эмес, мамлекет башчынын жардыгы менен гана кызматты тапшырарын билдирген. Эгер президент аны кызматтан бошотуу тууралуу жардыкка кол койгон болсо, анда дароо ишин тапшырарын айткан. Мындан кийин Топчубек Тургуналиев аны кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга үндөгөн. Бирок аким жана аны коштоп турган бийлик адамдары мындай талапты аткаруудан баш тарткан.

Ошондон кийин жөө жүрүшкө чыккандар аким менен анын айланасында жүргөн мамлекеттик кызматтагы адамдарды жөөлөп өтүүгө аракеттенип, улам артка сүрүп отурушту. Топтолгон адамдардын райадминистрацияга көздөй жүрүшүн колдоруна калкан менен желим союл кармаган, каскачан милиция кызматкерлери да токтотууга аракет кылышты. Бирок андан майнап чыкпады. Акцияга чыккандар алардын тосмосун жарып өтүштү.

Милиционерлер Аксы райондук бийлик имаратынын маңдайындагы жолго улам-улам көздөн жаш агызчу дүрмөттөрдү ыргытып турушту. Бактыга жараша алар жарылган жок. Райадминистрациянын кире беришинде митингчилер менен милиция кызматкерлери жана бийлик адамдары кыйла убакыт бою тирешип турушту. Эки топтун жөөлөшүүсү түшкө дейре уланды. Түш ченде митингчилер тосмону жарып өтүп, райондук бийлик имаратынын ичине кирип кетишти. Милиция кызматкерлери алардын жолун торогону менен нааразыларга кол көтөрүп, ички иштер бөлүмүнө сүйрөп кеткени жок.

Ал эми Топчубек Тургуналиев башында турган митингчилер райадминистрацияга киргенден кийин акимдин кабинетин ээлешти. Ал жерде жыйын курушуп, район башчысынын милдетин кимге тапшыруу маселесин чогуу-чаран талкуулашты. Ал арада “Жалал-Абаддан куралданган спецназ келе жатыптыр. Азыр райондун Кызыл-Жар айылына жетиптир. Бир же жарым сааттан кийин Кербен шаарына келет окшойт” деген каңшаар желдей тарады. Бирок митингчилер ага көңүл бурбай, райондук администрациянын имаратында отура беришти. Бир нечу убакыт өз ара кеңешкенден кийин бир чечимге келишти да, экинчи кабаттан жерге түшүп, администрациянын алдында тургандарга Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчылыгына ошо жылдары райондун Кара-Суу айыл өкмөтүн башкарган Кадыркул Өмүрбеков эл тарабынан шайлангандыгын жарыялап, мамлекеттик тууну бийик көтөрүп, бийлик элге өткөндүгүнүн белгиси катары “ураалаган” үндөрү айлананы жаңыртып турду.

2010-жылдын 7-апрелинде мен “Азаттыктын” Жалал-Абаддагы кабарчысы болуп иштечүмүн. Таңдан каш карайганча Аксыда жүргөм. Күндүзгү саат он бирден кечке чейин Ак үй алдында болуп жаткан окуялар тууралуу кабар келип турду. Бишкектеги тааныштар көп сандагы адамдар Ак үй алдына баратканын, кийин ок атылып, түшкө чейин жыйырмадан ашык адам курман болгонун, кечке дейре өлүм саны көбөйүп кеткенин кабарлап турушту.

2010-жыл 7-апрель түнкү саат ондордо Ноокен жана Базар-Коргон райондук администрациялары да “Ата Мекен” партиясынын жергиликтүү мүчөлөрүнүн колуна өткөндүгүн жана Базар-Коргон райондук администрациясынын убактылуу башчысы болуп Асылбек Текебаев дайындалганын өзү телефон аркылуу кабарлаган болчу. Кийин ал оорунун айынан каза болуп, аты райондун борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлду.

Облустук бийликти ошо жылы К. Масиров башкарып турган. Ал кызмат ордунда түн оогончо отурган. Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүн ошо кезде башкарган Асан Шакиров жана апрель окуясынан кийин келген бийликтин жактоочулары К. Масиров менен сүйлөшүү жүргүзүп, облус губернаторунун кызматын тапшырууга үндөшкөн.

8-апрель түнкү саат эки-үчтөрдө губернаторлук кызмат орунга жергиликтүү бийлик адамдарынын коркутуп-үркүтүүсүнө карабай, “Эрк” партиясынын мүчөсү Асан Шакировду отургузушкан. Ал бир топ күндөрдөн кийин губернаторлук кызматты чет өлкөдөн кайтып келген белгилүү оппозиционер Бектур Асановго өткөрүп берген. Ал эми Жалал-Абад шаардык мэринин кызмат милдетин аткаруу “Эрк” партиясынын шаардагы координатору Медер Үсөновго жүктөлгөн. Ал да бир нече күндөн кийин мэрдик кызматты өз ыктыяры менен тапшырган. Анын ордуна Москвада иштеп жүрүп кайткан ишкер Максат Жээнбеков дайындалып, ал Жалал-Абад шаарын кыйла жыл башкарган.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG