Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

“Ата-Бейиттеги” белгисиз адамдын ысмы такталды


7-апрелде жакындарынан айрылгандар "Ата-Бейитте", 16-ноябрь, 2011.
7-апрелде жакындарынан айрылгандар "Ата-Бейитте", 16-ноябрь, 2011.

7-апрелдеги калабада окко учуп, бирок аты-жөнү белгисиз болуп келген жарандын тек-жайы аныкталды.

Ал Кара-Балта шаарынын тургуну 1957-жылы туулган Дүйшөнбек Чалбаев болуп чыкты. Ал жерге көмүлдү делген Маралбеков Максымбеков тирүү экендиги, Орусияда иштеп жүргөндүгү өткөн жылы белгилүү болгон. Анын уулу Эрлан Максымбековго мамлекет берген 1 млн. сомду жалган документтердин негизинде алып кеткени үчүн издөө жарыяланган.

Азыр “Ата-Бейиттеги” Дүйшөнбек Чалбаевдин сөөгү жаткан жайдагы таштын бетинде “бул жерде белгисиз адамдын сөөгү жатат” деп жазылып турат.

Чалбаевдин уулу Руслан Чалбаев өз иликтөөлөрүнө жана издөөлөрүнө таянып, ал жерде атасынын сөөгү жатканын буга чейин эле ишенгенин, бирок тиешелүү органдар аны тастыктаган документтерди талап кылганын билдирди.

Ал “ортодогу “шылуундар” болбогондо атамдын сөөгүн ошол кезде эле таап, тиешелүү жөрөлгөлөр менен жерге берет элем” деп үшкүрөт. Руслан буга чейин белгисиз деп саналган бейиттеги таштын бетине атасынын ысмын жаздырууну биринчи максаты катары көрөт:

- Эң биринчи максатым ошол. Аты-жөнүн жазайын деп канчадан бери жүгүрүп жүрдүм го. Мен мурда эле ишенип жаткам. Бирок болушпай эле экспертиза кыл дешти. Акыры экспертиза кылдым, ал туура чыкты. Жанагы “шылуун” болбогондо, мен деле атамды таап алмакмын. Ошол “шылуундун” айынан таппай калбадымбы.

Дүйшөнбек Чалбаевдин жубайы Айгүл Исмаилова да быйыл 7-апрелде окко учкандардын эки жылдыгын эскергенде “Ата-Бейитке” барып куран окуткан. Ал белгисиз бейит жолдошунуку деп ишенип жатканын, бирок толук далилдер менен тастыктала электигин “Азаттыкка” айткан болчу.

ДНК Алматыда жасалды

Чалбаевдин жакындары аны алгач аты-жөнү белгисиздердин катарынан гана издей беришкен экен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Эмил Жамангуловдун айтымында, сөөктү аныктоо оор болду. Ал ДНКнын жыйынтыгы дээрлик жүз пайыз туура чыкканын белгиледи.

- Сөөктү эксгумация кылбадыкпы. Башында жер тоң болуп, жазды күттүк. Сөөктү алгандан кийин аны экспертизада сактадык. Анан акча маселеси да турду. Анткени биз экспертизаны Казакстандан кылдык да. Кийин өкмөт акча бөлүп берип, аны Алматыга барып жасаттык. Уулу Руслан Чалбаевден канын алганбыз, атасынын болсо, тишин, бут сөөктөрүн алган элек. Жыйынтыгында: 99,99 пайыз дал келди, дээрлик жүз пайыз.

Маралбектин таржымалы

2010-жылы 7-апрелде окко учкандардын айрымдарынын сөөгү 10-апрелде “Ата-Бейитке” жерге берилген. Алардын катарында Маралбек Максымбеков деген жаран да бар эле. Анын уулу Эрлан Максымбеков мамлекет тарабынан берилген 1 млн. сомдук жардамды да алган. Бирок бир жылдан кийин Маралбек Максымбековдун тирүү экендиги, Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүргөндүгү дайын болуп, ордуна ким көмүлдү деген суроо коомчулукта талкуу жараткан болчу.

Ал эми милиция анын уулу Эрлан Максымбековго алдамчылык үчүн кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов буларга токтолду:

- Жалган маалыматтарды топтоп берип, 1 млн. сомду алып кеткени боюнча кылмыш иши козголгон жана издөө жарыяланган. Бул боюнча Орусиянын укук коргоо органдарына да маалымат берилген. Биздин оюбузча, ал Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда жашырынып жүрөт.

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев Дүйшөнбек Чалбаевге да буга чейин 7-апрелде окко учкан азаматтарга белгиленген сый-урмат көрсөтүлүп, жакындарына материалдык жардам берилиши керек дейт.

- “Ата-Бейитке” анын ысмын жаздыруу, сүрөтүн илдирүү жана башка иш-чаралар бар. Батир жана миллион сомду берүүгө да көмөк көрсөтөбүз. Президенттин жардыгынын негизинде анын жакындары миллион сомун жана батирин сөзсүз алат.

2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдында 87 адам окко учуп, жүздөгөн адамдар жараат алган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда сот иштери уланууда. Ал боюнча жалпысынан 28 адамга айып коюлуп, Курманбек Бакиев баштаган бир канча адам качып жүрөт.

XS
SM
MD
LG