Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Тынчтык тилеген жүрүш


Өткөн жылы болгон 7-апрель окуясын эскерип, Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү Бишкекте жөө жүрүш жасап, ага миңдеген адамдар катышты. Эскерүү иш-чарасы андан ары Ала-Тоо аянтында уюштурулган эскерүү жыйыны менен уланды.

Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү 7-апрелде саат бирде Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” ишканасынын имаратынын алдына чогулуп, 7-апрелде набыт болгондорду эскеришти.

Өткөн жылы бул күнү “Форум” ишканасынын алдында күч органдары менен элдин алгачкы кагылышуусу орун алган. Ал күндү эскерип сөз сүйлөгөндөр 7-апрель окуясынын маанисине өзгөчө баа беришип, набыт болгондордун эрдигине таазим этишти.

Ошол эле маалда “элдик жеңишти уурдатып жатабыз” дегендер да болду. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 7-апрелдеги окуяларга тескери мазмун берип жаткандар бар экенин белгиледи.

- "Мекен шейиттери" кыймылынын төрагасы “7-апрель майрам болушу керек” деп айтты. Ошондо мен "билбейм" деп айттым. Анткени 7-апрелди кара күн кылалы деп жаткандар, “7-апрелден кийин Кыргызстан такыр жок болду” деген сөзгө калтырайын дегендер көп. Ошолор азыр бакылдап жүрөт.


Эскерүү сөздөрүнөн соң бийлик жетекчилери “Форумдун” алдына шейит кеткендердин элесине арнап, чынар теректерди отургузушту.

Андан соң президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү Ак үйдү көздөй жөө басышты.

Жөө жүрүшкө катышкандардын катарында премьер-министр Алмазбек Атамбаев, президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жана башка министрлер, депутаттар болду.

Жөө жүрүшкө катышкандардын саны ар кандай эсеп менен беш миңден ашкандыгы айтылууда. Алар музыканын коштоосунда колдоруна тууларды жана гүлдөрдү көтөрүп, каз-катар тизилип баратышты.

Жөө жүрүш учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, тартип коргоо кызматкерлери жол бою тизилип, байкоо салып турушту. Бул маалда Алматы жана Чүй көчөлөрүндө унаалардын жүрүүсү токтотулду.

Жүрүшкө катышкандардын арасында Чүй боорундагы айылдардан атайын келгендер да бар экен. Ошондой эле аялдар басымдуулук кылганы байкалды.

Мындан тышкары колдоруна желекчелерди көтөргөн мектеп окуучулары да болду. Ал тургай ата-энелеринин коштоосунда наристелер да жүрдү. Адамдардын жүздөрүнөн кубануу, сыймыктануу байкалып жатты.

Жөө жүрүшкө чыккандар Ала-Тоо аянтында топтолушту. Бул жерде 7-апрелде набыт болгондорду бир мүнөт унчукпай эскеришип, маркумдарга багыштап куран окушту.

Андан соң 7-апрелге арналып уюштурулган эскерүү митинги өттү. Анда өнөрпоздор 7-апрель окуясын сахналаштырып көрсөтүштү.

Сүрөт баянды толугу менен бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG