Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Токтогулов: Суталиновго бийлик кепилдик берген эмес


Мурат Суталинов 14-декабрда сотко өзү келип, үй камагына чыгарылган.
Мурат Суталинов 14-декабрда сотко өзү келип, үй камагына чыгарылган.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов УКМКнын издөөдө жүргөн мурдагы жетекчиси күтүүсүз пайда болуп, үй камагына чыгарылышы бийлик үчүн да түшүнүксүз болгонун айтат.

- Мына былтыр 7-апрелде элге каршы ок аткан, оор жана өтө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталып, ошол окуядан бери издөөдө жүргөн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов күтүүсүз келди. Анын качан келгени тууралуу сиздерде маалыматтар бар беле?

- Жок. Бизде андай маалымат жок эле. Биз да силердей, анын сотко келишин маалымат агенттиктериндеги кабарлардан эле билдик. Башка эч кандай маалымат болгон эмес.

- Суталинов кечээ сотко кандай күтүүсүз келсе, ошондой эле күтүүсүз чечим чыгып, ал үй камагына чыгарылды. Бул жабырлануучулардын катуу нааразылыгын жаратты. Суталиновдун үй камагына чыгарылышына президенттин пикири, мамилеси кандай болуп жатат?

- Соттун чечими биз үчүн түшүнүксүз болду. Суталинов 7-апрелге чейин Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп келген. Издөөдө жүргөн, сотко такыр келбей, суроолорго жооп берген эмес. 7-апрелде канча адам каза болгон? Суталиновдун бир эле күнү келип, үй камагына коё берилиши биз үчүн аябай түшүнүксүз болду.

Анан президенттен мамилесин сурадым. Ак үйдүн тосмосунда апрель окуяларында мерт болгон адамдардын аттары жазылган тизме турат. Президент күнүнө ишке бара жатканда, дайыма бул адамдардын аттарын көрүп, окуяларды эстейт.

- Эгер Мурат Суталиновдун кокустан пайда болушу түшүнүксүз болуп жатса, анда окуяга ачыктык киргизүү үчүн кандай чара көрүлүшү мүмкүн?

- Кечээ Башкы прокуратура кабарлады. Алар бул чечимди жокко чыгарууга аракет кылышат. Негизи бул акыркы жагдай сот системасын реформалоо канчалык керек экендигин көрсөтүп турат.

- Азыр бизге көптөгөн каттар келип жатат. Суталинов жаңы бийлик менен сүйлөшүп алган, мындан улам бошотулду деген дооматтар коюлуп жатат. Буга эмне деп айтаар элеңиз?

- Суталиновго эч кандай кепилдик берилген эмес. Берилбейт да. Суталинов келип, сотто бардык суроолорго жооп бериши керек. Элдин астында 7-апрелге чейин эмне кылганын айтыш керек. Эми Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп келген адам, акыркы адам эмес да. Негизи бүт чындыкты айтышы абзел. Эгерде күнөлүү болсо, жазасын тартышы керек. Бирок буга чейин аны менен эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.

- Ушул тапта УКМК Суталиновдун чек арадан өтүп өтпөгөнүн текшергени жаткан экен. Анын чоо-жайын чечмелеп бересизби?

- Суталинов кантип Бишкекке жетип келгенин териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук комитетине тапшырма берилген. Кечээ кечинде маалыматтарды карасам, интернет булактар жазыптыр. “Суталинов Бишкекте эле жүргөм” деп айтыптыр. Анда коопсуздук кызматтарынан болобу, милициядан сураш керек. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин кайда жүргөнүн билишкен эмес?

XS
SM
MD
LG