Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

“Ар-намыста” бийлик талаш күчөдүбү?


"Ар Намыс" партиясынын атчандар жүрүшү, Байтик айылы, 2010-жылдын 8-октябры
"Ар Намыс" партиясынын атчандар жүрүшү, Байтик айылы, 2010-жылдын 8-октябры

“Ар-намыс” фракциясынын өкүлдөрү дале мунасага келе элек. 14-сентябрда партиянын өкүлдөрү курултай өткөрүп, үч депутатты партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алышты.

Феликс Куловдун жетекчи болушуна каршы болгон фракция өкүлдөрү бул чечимдерди четке кагып, курултайдын мыйзамдуулугунан күмөн санашууда.

12-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын 15 депутаты Феликс Куловду фракция жетекчилигинен бошотуп, анын ордуна депутат Камила Талиеваны шайлашканын билдиришкен.

Курултай өттү, чечимдер кабыл алынды

“Ар-намыс” фракциясындагы кош бийлик маселесин чечүүгө партиянын саясий кеңеши, делегаттар да киришип, 14-сентябрда курултай өткөрүштү. Анын жыйынтыгында, партиянын максаттарына туура келбеген аракеттери үчүн деген себептер менен Токон Мамытов, Анвар Артыков жана Акылбек Жапаровду партиянын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды.

Феликс Куловдун фракцияны жетектешине каршы болгон калган депутаттарга ойлонууга убакыт берилди, дейт “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев:

- Анвар Артыков менен Токон Мамытовдун партия менен фракциядан чыгарылышын колдодук. Экинчиден, Бакыт Жетигенов менен Дастан Бекешов өздөрүнүн буга чейинки каршы добуштарын чакырып алышты. Аны да эске алдык. Он бир депутатка 22-сентябрга чейин убакыт бердик. Эгерде алар туура эмес кылдык деп айтса, анда алар партия ичинде калат. Бирок бул Акылбек Жапаровго тиешелүү эмес. Биз Жапаровду да катарыбыздан чыгарууну чечтик.

12-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын 15 депутаты чукул жыйын өткөрүп Феликс Куловду фракция жетекчилигинен бошотуп, анын ордуна депутат Камила Талиеваны шайлашкан. Жетекчини алмаштыруу фракциядагы жаңылануу жараяны менен түшүндүрүлгөн.

Токон Мамытов
15 депутаттын бири, партиядан чыгарылды деген Токон Мамытов курултайдын чечечимин мыйзамсыз деп баалады. Мындан тышкары фракциянын көпчүлүк өкүлдөрү чогулуп, Феликс Кулов баштаган айрым депутаттарды фракциядан чыгаруу сунушу жакын арада талкууга алынарын ачыктады:

- Мен партиядан чыгарууга эмне негиз болгонун түшүнбөй жатам. Мына фракцияда 25 депутат болсо, 15 депутат чогулуп алып, чечим кабыл алып жатса, бул чечим кыргыз элине, “Ар-намыс” партиясына каршыбы? Биз фракция жөнүндө жаңы жобо кабыл алдык. Анда жыл сайын фракция башчысы бир жылга шайланып, жыл сайын алмашылып турсун деп чечим кабыл алдык. Экинчиден, партиянын курултайын өткөрүүгө канча убакыт керек? Бир күндүн ичинде курултай өткөрүлбөйт. Ошону үчүн бул жыйынтык мыйзамсыз.

Жагдай кандай чечилет?

25 депутаттан турган “Ар-намыс” фракциясында жаз айларынан бери пикир келишпестиктер байкалууда. Ушул жылдын апрель айында фракциянын он депутаты парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Биримдик жана өнүгүү” коалициясына кошулуу ниетин билдиришкен.

Феликс Кулов
Буга чейин фракцияны жетектеп келген Феликс Кулов "Ар-намыстын" айланасындагы соңку жагдайларды мындайча түшүндүрөт:

- Биздин ички ишибизге башкаруу коалициясынын өкүлдөрү кийлигишип кетишти. Алар ушундай интригаларды кылышты. Биз партиянын иши боюнча өзүбүз чечим кабыл алабыз.

Натыйжада “Ар-намыс” фракциясындагы кош бийлик качан соңуна чыгаары белгисиз. 15 депутаттын добушу менен фракция жетекчиси болуп шайланганы айтылган Камила Талиева буларга токтолду:

- Кесиптештеримдин мени сунуштаганын кабыл алдым. Аларды кабыл алып, чечимин сыйлайм. Себеби көпчүлүккө баш ийем. Бул абдан жоопкерчиликтүү кызмат. Ар бир депутаттын үнүн угуп, ар бир депутаттын үнү менен эсептешкенге даярмын. Ар бир депутаттын үнүн укпай, ошонун эсебинен айрым жаракалар кетип калып жатат.

“Ар-намыс” фракциянын ичиндеги соңку жагдайларды айрым адистер парламенттик республикада боло жүрчү көрүнүш катары сыпатташууда.

“Азия полиси” борборунун эксперти Элмира Ногойбаева пикир келишпестиктер дээрлик бардык фракцияларда байкалып келгенин, бул жагдайлар парламенттик башкаруудагы атаандаштык күрөшүнүн негизи экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG