Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Аскерде дагы бир кырчын өмүр кыйылды


Аскерде каза тапкан Бектурсундун апасына аскер бөлүгүнүн өкүлү көңүл айтууда, 18-июнь, Базар Коргон.
Аскерде каза тапкан Бектурсундун апасына аскер бөлүгүнүн өкүлү көңүл айтууда, 18-июнь, Базар Коргон.

Жалал-Абаддагы Ала-Бука чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Бектурсун Бөрүбай уулу табышмактуу жагдайда каза тапты.

Эки күн мурун “өзүн-өзү атып, каза болду” делген чек ара кызматынын катардагы жоокери Бектурсундун сөөгү 18-июнда жерге берилди. Анын жакындары өзүн-өзү атып алды деген жүйөөгө ишенбей турушат.

Жыйырма жаштагы Бектурсун Бөрүбай уулу Жалал-Абаддагы мамлекеттик университеттин дене-тарбия институтунда окуп жүрүп, былтыр ноябрда өз ыктыяры менен аскерге кеткен. Чымыр денелүү баланын “жоокердик милдетти өтөп бүткөндөн кийин аскер наамын алып, аскер бөлүктөрүндө, же күч түзүмдөрүндө иштесем” деген асыл максаты болгон.
Маркум Бектурсун Бөрүбай уулунун сүрөтү.
Маркум Бектурсун Бөрүбай уулунун сүрөтү.


17-июнда анын атасына аскер бөлүгүнөн “өзүнө-өзү кол салып, ооруканага бараткан жолдо жан берди”, - деп телефон чалышкан. Кечээ анын сөөгү Базар-Коргон районундагы өзү туулуп-өскөн Коткор айылында жерге берилди.

Боз үйдө аны жоктоп, күйүт тарткан апасы Саадат Исраилова уулу менен эки күн мурун эле телефон аркылуу сүйлөшкөнүн үшкүрүнө эскерип отурду:

- Бир уул, үч кызым бар, эң чоңу ушул уулум болчу. Эки күн мурда эле: “Апа, мен эки-үч күндө чоң энемдин айттыгына барып калам”, - деген эле. Мактоо грамотасын алдым деген эле. Он жетисинде саат он боло электе командири атасына чалды. Өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейбиз. Ким өзүн-өзү атып алат?.. З-курста окуп атып, өз ыктыяры менен аскерге кеткен. “Апа, мага аскердик наам керек, ошон үчүн арыз жазып коюп кеттим, офицер, же милиция болом, аскер окуусуна окуйм”, - деген. Кербенден Ала-Букага которулганына тогуз күн болгондо ушул окуяга кириптер болуп отурат.

Бектурсундун өлүмү туугандары үчүн табышмактуу болууда. Себеби аскер бөлүктөгү жетекчилер менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, баланын тайэжеси Темиркан Исраилова алардан эки башка сөз уккан. Алардын бири өзүн-өзү атып алып, ооруканага жетпей жан бергенин айтса, экинчисинен “аскер күзөтүндө (постто) жалгыз туруп, каза болгону” тууралуу укканы аны күмөн санатат. Ошондуктан ал Бектурсундун өлүмүн терең иликтөөнү жана анын ата-энесине материалдык жардам берүүнү сөөк чыккан үйгө көз көрсөтүп, бата кылганы келген район акими менен Ала-Бука чек ара отрядынын командиринен талап кылды:

- Инимди “өзүн-өзү атып алды” деп айтышпасын. Сөөк чыгаардан мурун баланы эскерип, бир аз митинг өткөрүп, элдин алдында баланын кандай экенин айтып коюш керек эле. Ал өзүн-өзү өлтүрө турган бала эмес болчу. Октун изи жок, аны сөөгүн жууп чыккан туугандары да айтты. Денеси жөн эле шиш менен сайып алгандай. Менин талабым - акыйкат изилдеп, күнөөлүүлөрдү таап, жазалап бергиле.

Ала-Бука чек ара отрядынын башчысы Замирбек Надырбеков жоокердин өлүмүнүн себептери боюнча жогорку жетекчиликтин уруксаты жок эч нерсе айта албасын билдирди. Окуяны аскер прокуратурасы иликтөөдө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева Бектурсундун өлүмү жеке мүнөзгө байланыштуу болгонун алдын-ала иликтөө көрсөткөнүн маалымдады:

- Кызматтык иликтөө боюнча, каза тапкан жоокер менен башка жоокерлердин арасында уставга дал келбеген жорук-жосун болгон эмес. Катардагы жоокер кызмат өтөгөн аскер бөлүгүндө аскерге бир жылда чакырылган, 1994-жылы туулган балдар болгон. Алдын-ала маалымат боюнча, ал жоокер өз турмушуна байланыштуу катуу кыжалат болуудан улам өзүнө-өзү кол салган.

Бектурсунду аскерге Жалал-Абад шаардык комиссариаты чакырган. Шаардын аскер комиссары Таалай Атабеков жоокерлер жогорудай кокустуктарга кабылбоо үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгуу зарылдыгын айтат:

- Окуяны биздин гарнизондун аскер прокуратурасы изилдеп жатат. Жыйынтыгы качан чыгаарын айта албайм. Эми бул жерде мамлекеттик чоң программа керек, аскерлердин психологиясын тарбиялай турган. Азыркы балдар кичине бирдеме болсо эле көтөрө албай, үйүндө проблема болсо деле өзүнчө сыгылып, өзүн-өзү бирдеме кылышы мүмкүн.

Мындан эки жыл мурун дал ушул райондун Шыдыр айылынан аскерге жиберилген бир бала да чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп, өзүн-өзү асып алып, жарык дүйнө менен коштошкон болчу.

Бектурсун Бөрүбай уулунун өлүмү Кыргызстанда быйыл аскерлердин арасындагы үчүнчү өлүм болду. Январда мындай окуя Канттагы аскер бөлүгүндө болгон. Февралда болсо Кой-Таш айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн эски казармаларынын биринде асынып алган аскердин сөөгү табылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG