Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Аскер окуу жайындагы жосунсуз жорук иликтенүүдө


Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Аскер институтундагы үрөй учурган видео боюнча тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аталган окуу жайдын жогорку курсунун курсанттары жаңы келгендерди кордоп, ыплас сөздөр менен ур-соккуга алып жаткан учуру тартылган видео 18-апрелде интернет аркылуу тарап кеткен болчу.

Талдоочулар Кыргызстандын аскер жайларында ур-тепкиге алмай, мунун айынан өз жанын кыйган жана жоон тобу менен качкан учурлар тыйылбай жатканын белгилешет.

Коргоо министрлигинин билдиришинче, көргөн адамдын төбө чачын тик тургузган бул видео 2009-жылы күзүндө тартылган. Анда үчүнчү курстун курсанттары жаңы келгендерди жатаар маалда катарга тизип, башка-көзгө койгулап, жаткырып, тургузуп, жондорунан тебелеп, каалагандай зомбулук көрсөтүп жатканы тартылган.

Орус-кыргыз тилиндеги ыплас, кордук сөздөрдүн коштоосунда эки жылдан кийин эле кенже курсанттар да ушундай жорукка барарын айтып, жетекчиликке жеткирсе көргүлүктү көрөрүн эскертишкен.

Коргоо министрлигинин Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Эламановдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыр бул видеодогу уландар чекесинен аныкталып жатат:

- Буларды уруп жаткан жигиттер окуу жайды бүтүп, Куралдуу күчтөрдө аскер кызматын өтөп жатышат. Азыр биз алардын баарын аныктадык. Катарда турган балдар да ким экени билинди. Уруп аткан балдардын бирөөсүн азыр таптык. Прокуратурага бердик.

Элеманов ушул тушта аскер окуу жайында мындай көрүнүштөр тыйылды деп ишендирди. Анын айтымында, жыл башындагы биринчи курстун курсанттын өлүмүнө байланыштуу окуу жай жетекчилиги толугу менен алмашты:

- Азыр мындай факттар жок. Быйыл ошол жерден бир курсантыбыз каза болгондон кийин биз көп комплекстүү иш-чараларды өткөрдүк. Окуу жайдын жетекчилигинин баары кызматтан алынды. Баарын жаңыладык.

Бишкек гарнизондук Аскер прокуратурасы бул окуяны иликтөөгө киришти. Азырынча кылмыш иш козголо элек.

Болочок аскер адистерин даярдаган бул жогорку окуу жайда жыл башында үйүнө өргүүгө барып келген биринчи курстун курсантынын асылган денеси табылган. Улан өз жанын өзү кыйды деп айтылганы менен, курсанттын туугандары аны ур-тепкиден каза тапканын айтып даттанышууда.

Прокурорлор аскер жайларындагы зордук-зомбулукту азайтуу үчүн кылмыш жазаны катаалдаштыруу керектигин айтып жатышат. Аскер прокурорунун орун басары Данияр Эркимбаев “Азаттыктагы” маегинде ур-тепкиге алганы үчүн оор эмес жаза берилерин билдирген болчу:

- Уруп-соккондорго көбүнчө шарттуу жаза берилип жатат. Бири-бири менен элдешүү болду деп туруп көбүнчө иштер кыскарат. Гумандаштыруу деп туруп жазаларды аябай жеңил коюп койгон. Азыр Кылмыш-жаза кодексиндеги жазаларды көрсөңөр аябай эле оор кылмыштар боюнча жеңил жазалар чектелген. Бирок бул жерде ошол токмок жеген бала ден соолугунан зыян тартпастан, жалпы мамлекеттин коопсуздугуна, аскер кызматынын кызыкчылыгына чоң доо кетип жатат.

Расмий маалымат боюнча, 2011-жыла аскер жайларындагы уруп-согуу боюнча 25 факт катталган. Алардын ичинен 16 окуя боюнча кылмыш иш козголгон.

Талдоочулар аскер жайларында уруп-согуу, “дедовщина” кадыресе көрүнүшкө айланып кеткенин, аны тыюу үчүн кескин чаралар керек экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG