Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Ош: Террордук аракеттер кооптонууну кайра күчөтүп койду


Оштогу жардыруу болгон жер, 29-ноябрь, 2010.
Оштогу жардыруу болгон жер, 29-ноябрь, 2010.

Оштогу соңку кырдаал тууралуу суроолорго “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын аймактагы координатору Эркемурат Асанов жооп берди.

“Азаттык”: Ушул тапта Ош шаарында, облусунда кырдаал кандай баамыңызда? Жаңы жыл алдында элдин маанайы кандай болуп турат, чочулоолор жокпу?

Эркемурат Асанов: Эң оболу мен жалпы кыргыз журтчулугун куттуктап, келаткан жаңы жыл жалпы кыргыз эли үчүн ынтымактуулуктун, биримдиктин, кубанычтын жылы болсун деген каалоо-тилектерди айткым келет.

Эми бүгүнкү күндөгү кырдаалга кайрыла труган болсок, Ош жергесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп айтсак болот. Бирок демейдеги абалына келип калды деп айтуу али эрте. Эл арасында дале болсо баягыдай кооптонуу, этностор аралык бири-биринен шексинүү сезимдер дагы эле кете элек. Анан калса Ош, Бишкектеги соңку террордук аракеттер элди дүрбөлөңгө салып, кооптонууга алып келип койду да.

Жаңы жыл алдындагы элдин маанайы да ар түрдүү. Чынында өзүңөр билесиңер, Ош шаарында быйылкы окуяларга, абалга байланыштуу майрамдык иш-чараларга жол берилген эмес. Мектептерде, жогорку окуу жайларында, дегеле Ош шаарында майрамдык маанайды жылдагыдай байкоо кыйын.

“Азаттык”: Буга чейин “Кылым шамы” укук коргоо борбору июнда каза тапкандардын тизмесин жарыялап, алардын этникалык өзгөчөлүктөрүн, кайсы тараптан канча киши каза тапканын сандар менен көрсөткөн эле. Бул нерсе Ошто кандай кабыл алынды? “Эгер Улуттук комиссиянын, эл аралык комиссиянын иликтөөлөрүндө ушундай фактыларды көрсөтүлсө кандай болуп кетет” дегендей чочулоолор жокпу?

Эркемурат Асанов: Эми чын-чынына келгенде Улуттук комиссиянын дагы, Эл аралык комиссиянын да жыйынтыктарын эл, бардыгыбыз эле күтүп атабыз. Менин оюмча, анын жыйынтыктары чыккандан кийин ар кандай пикирлер пайда болушу мүмкүн. Эми мен аны бир тараптуу айтуудан ийменип турам...

“Азаттык”: Бирок жанагы “Кылым шамы” уюмунун тизмесиндеги этникалык өзгөчөлүктөр тууралуу маалыматка реакциялар кандай болду?

Эркемурат Асанов: Ар кандай болуп атат ал деле. Негизинен эл өзү көрүп, түшүнүп атты өз учурунда кырдаалды. Ошондуктан бул маалымат деле шартка ылайык эле кабыл алынды да.

“Азаттык”: Эми күч органдарынын иштери тууралуу айтып кетсеңиз. Азыр Ошто күч органдарына карата нааразычылыктар азайдыбы? Себеби мурда теги өзбек жарандар күч органдарына нааразы болуп атышканы айтылып кетти эле?

Эркемурат Асанов: Эгер салыштырып кетсек баягы жай, күз айларына караганда күч органдарына нааразычылыктар бир топ азайды десек болот. Анткени ИИМ тарабынан, жергиликтүү бийликтер тарабынан көрүлүп аткан чаралар кандайдыр бир деңгээлде күч органдарынын кызматкерлерине таасирин тийгизип, аларга туура багыт бергенге түрткү берди окшойт. Бирок ошентсе деле айрым учурларда “күч структураларындагылар өзбек тектүүлөргө басым жасап атат” дегендей жеке пикирлер бар. Жалпылап айтканда мурдагы айларга салыштырмалуу абал оң жагына жылып калды десек жаңылышпайм го.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG