Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Ысык-Көл оюндарына 150 спортчу катышат


15-августта Бишкекте сууда сүзүүдөн президенттин кубогу турнири башталды. Быйылкы Ысык-Көл спорт оюндарына 6 өлкөнүн спортчулары келет.

15-августта кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Астана шаарында өткөн Futures мелдешинин чейрек финалына чейин жетип, бирок ийгилик жарата албады.

Данияр Дулдаев орусиялык Александар Игошин, Геннадий Ушаков жана анлиялык Грегори Хоуну жеңип алган. Чейрек финалда украиналык Денис Молчановго утулуп, оюндан четтеп калды.

Жуп болуп ойноодо кыргызстандык Данияр Дулдаев менен казакстандык Даниил Браун өнөктөш болуп, Мерт Динг (Түркия) менен Станислав Никульчиковду (Казакстан) жеңип алышкан. Кийинки айлампада алар орусиялыктарга алдырып коюшту.

Парижде дзю-додон дүйнөлүк таймаш болот

15-августта Киевде соңуна чыккан дзю-до боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык улан-кыздар ийгилик жарата алышпады.

Ошондой болсо да Кыргызстандын дзю-до боюнча тандалма командасы 23-августта Парижде баштала турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дзю-до федерациясынын башкы катчысы Марс Акеров “Азаттыкка” билдирди.

- Дүйнө чемпионатында өлкө намысын Ислам Баялинов (66 кг), Алишер Мантабетов (73 кг), Алимбек Жусупов (81 кг), Елена Исакова (57 кг) жана Динара Кахарова коргойт.

Бир жарым жылдан бери Франциядагы дзю-до академиясында билим алып жатышкан кыргызстандык үч балбан Азат Кубакаев (73 кг), Чыңгыз Мамедов (90 кг) жана Юрий Краковецкий (100дөн ашуун) да командага кошулуп, Лондон олимпиадасында жолдомо алуу үчүн упай топтоого аракет кылышат.

Ушул тапта кыргызстандык бир дагы спортчу 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алыша элек.

Ысык-Көл меймандарды чакырат

Быйыл 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин өтө турган XI эл аралык Ысык-Көл оюндарына 6 өлкөнүн спортчулары катышууга макулдук беришти. Бул туурасында Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Канатбек Арпачиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Кытай, Орусия, Түркмөнстан, Азербайжан, Тажикстан жана Украина Ысык-Көл оюндарына катыша тургандыгын билдиришти.

Мындан тышкары Өзбекстан жана Казакстандын да спортчулары катышаары күтүлүүдө. Жалпысынан чет өлкөлөрдөн 150гө жакын спортчу келе турган болду.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарында 16 спорттун түрү боюнча таймаш болот.

Сууда сүзүү спортуна көңүл бурулат

"Сууда сүзүү - өлкөдөгү массалык спорт түрү болушу керек", - деди мамлекет башчысы Роза Отунбаева Президенттин кубогуна арналган турнирдин ачылыш салтанатында.

Мамлекет суучулдарга шарт түзүп бере албай жатканын моюнга алып, бирок эл аралык мелдештерде өлкөнүн туусун бийик көтөргөн спортчулар менен сыймыктанарын да белгиледи.

- Биз сууда сүзүү спортуна чоң көңүл бурушубуз керек. Ал кыргызстандыктар үчүн спорттун массалык жана жашоого маанилүү болуп калышы зарыл. Тилекке каршы эгемендүүлүктүн 20 жыл ичинде биз сүзгөндү үйрөнгөн жокпуз. Борбордо эл аралык талаптарга ылайык бир дагы сүзүү бассейнибиз жок. Бизде сонун Ысык-Көл көлүбүз бар, ошондуктан спорттун бул түрүн өнүктүрүү - учур талабы, - деп мамлекет башчысы эсептейт.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Шейшекул Бакировдун пикиринде, сууда сүзүү боюнча Президенттин кубогуна мелдеш биринчи ирээт өткөрүлүүдө.

"Бул турнир сууда сүзүү спортунун жанданып, эл аралык бассейндердин салынышына өбөлгө болмокчу".

Быйыл өлкөнүн сууда сүзүү спорт ийримдерине 75 жыл толду. Бирок ушул жылдар аралыгында эл аралык талаптарга жооп берген бир да бассейн курулган эмес. Кожомкул атындагы спорт сарайынын 50 метрлик бассейни 20 жылдан бери иштебей турат.

Эгемендиктин 20 жылдыгына карата өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Президенттин кубогунун мелдештерине Кыргызстан менен Казакстандын токсонго жакын спортчусу мөрөй талашууда.

Жеңүүчүлөр 19-августта анык болот.

Азия чемпиондугу үчүн таймаш

Бишкекте 2-сентябрда Азия кикбоксинг федерациясынын демилгеси менен континент аралык чемпиондун наамы үчүн мелдеш өтөт.

Мөрөй талашууга Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышып, 4 рейтингдик таймашуу күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын спортчуларынын 8 раунддан турган титулдук мушташуу да болмокчу.

Азия чемпиону наамы үчүн күч сынашууда өлкө намысын эл аралык спорт чебери Алексей Федосеев коргойт.
XS
SM
MD
LG