Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Табыптын "дарысы" ажалдан куткарбады


Ашим Зайналиев
Ашим Зайналиев

Элдик табып Ашым Зайналиевге кайрылган дагы бир адамдын каза тапканы коомдо кызуу талкуу жаратууда. Эмчек рагы өтүшүп кеткен 40 жаштагы нарындык аял андан укол алган соң абалы оорлоп каза тапканын «Ракка бирге каршы турабыз» деп аталган коомдук фонд айтып чыкты.

Зайналиев элге былтыр рактан жабыркаган 56 жаштагы аялдын өлүмүнөн кийин таанымал болгон. Окуядан кийин табыпка “мыйзамсыз дарылоо” боюнча кылмыш иши козголгон. Саламаттык сактоо министрлиги “уруксатсыз иш жүргүзөт, элди туура эмес, мыйзамсыз дарылайт” деген негизде анын клиникасын жабууга аракеттенип, эч кандай натыйжа чыккан эмес. Зайналиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып келет. Коомчулукта аны сындагандар да, колдогондор да бир топ.

«Ракка каршы бирге каршы турабыз» коомдук фондунун жетекчиси Гүлмира Абдыразакованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Зайналиевге кайрылып, андан дары алгандан кийин саламаттыгы ого бетер оорлоп каза тапкан аялдын туугандары укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тарткан. Буга анын “эч кимге доом жок" деген керээз калтырганын жүйө келтиришкен. Маркум эмчек рагынан жабыркап, элдик табып Ашым Зайналиевге шыпаа издеп кайрылган экен:

Ашым Зайналиевге барыптыр, ал ооруган көкүрөгүнө ийне сайган экен, ошондон кийин оңоло албай, дарты күчөп, ал жерден да үйүнө чыгып кеткен. Шишик колуна чейин чапкан.
Гүлмира Абдразакова

- Анын туугандары жардам сурап, мага алып келишти. Андан кийин маммолог дарыгерге алып барган учурда колун көрүп жүрөгүм түштү. Шишик, көгала болуп калыптыр. Эмне себептен ушул абалга жеттиң, дарыгерге барбадың деп сурасам, "онкологияга барып, бирок химия терапия алууну сунуштаганда, коркуп кетип калгам" деп жооп берди. Андан соң Ашым Зайналиевге барыптыр, ал ооруган көкүрөгүнө ийне сайган экен, ошондон кийин оңоло албай, дарты күчөп, ал жерден да үйүнө чыгып кеткен. Шишик колуна чейин чапкан. Ошентип, оору чыдатпай, жаны кыйналганда айласы кеткен туугандары мага кайрылган экен. Аны бейтапканага алып барган кез жаңы жыл майрамдарына, дем алышка туш келип калды. Кан басымы да түшүп кеткен экен. Ушул жерден чыкпа, дарылоону баштоо керек деп сүйлөшүп кеткем. Эки-үч күндөн кийин байланышсам, ооруканадан кетип калыптыр. Рактын 4-стадиясы, дарыгерлердин деле колунан эч нерсе келбей турганын түшүнгөн окшойт. Анан абдан катуу ооруп, "Тез жардам" менен Онкологияга келсе, алар кабыл алуудан баш тартып, үйүнө жеткенде каза болуп калган.

Гүлмира Абдразакова Ашым Зайналиевдин маркумга кандай дары сайганы белгисиз экенин айтып, муну тиешелүү мекемелер көзөмөлдөбөй жатат деп нааразы. Мындан тышкары табып дары берүү менен бейтаптын абалын оорлотуп салганын, маркумдун туугандары ага кызматы үчүн 40 миң сомдой акча бергенин айтууда:

- Эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлиги кандай дары сайып жатканын изилдебейт? Мейли, соттобой эле койсун, бирок эмне менен дарылап жатканын, анын курамында кандай заттар бар экенин билиши керек да. Негизи онкологияда шишикке бычак жана башка нерсе тийгизсе, ал өрчүп кетет.

Рактан каза тапкан аялдын туугандары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Өткөн жылдын июль айында Зайналиевдин клиникасында 56 жаштагы аял көкүрөгүн кестирип каза таап, анын кызы табыпты айыптап чыккан. Ошол окуя Зайналиевдин ысымын жалпы журтка таанытып, милиция кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев тергөө аягына чыга электигин кабарлады:

- Экинчи аялдын өлүмү боюнча эч кандай арыз түшкөн жок. Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча териштирип жаткан болсо керек. Бизде өткөн жылы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Табып тапкан миллион

Адам өмүрүн алган чуулгандуу окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевдин ишине байланыштуу атайын комиссия түзгөн, анын менчик клиникасын жабууну көздөп, бирок дарыланып жаткан бейтаптар буга жол берген эмес. Министрлик анын эл дарылоо менен алектенгени "мыйзамсыз жана акча табуу максатын көздөйт" деп билдирүүдө.

Мекеменин Лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулованын айтымында, элдик табып былтыр үч ай ичинде миллион сомго жакын киреше тапкан:

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын сунушу менен биздин ички аудит бөлүмү эсептеп чыккан. 2016-жылдын июль-сентябрь айларында 996 миң 590 сом киреше тапканы аныкталган.

Коомчулукта болсо Зайналиевдин ишин сындагандар да, колдогондор да чыгат. Акыркы кезде аны жактагандар арасында журналисттер да пайда боло баштады. Алардын бири Бейшенбек Бекешов аталган клиникадан сакайып чыкканын жана табыпты негизсиз жаманатты кылуу, каралоо аракеттери жүрүп жатканын белгиледи:

- Зайналиев рактын баарын айыктырам дебейт. Ал Кудай эмес экен. Бирок бул жаман илдеттин белгилүү бир түрлөрүн айыктырып жатат. Мындай нерсе эч жерде жок да. Онкологдор жана онкологиялык дарттарга каршы дарыларды сатууга кызыкдар тараптар Саламаттык сактоо министрлиги менен биригип алып каралап жатышат. Бул адам мени жүрөк илдетинен айыктырып, азыр чуркап жүрөм. Бул жерде догдур "барып боз үйүңдү тигип, өлүк камын көрө бер" деп ооруканадан чыгарып койгон, рактын акыркы стадиясына чалдыккандарды айыктырып жатпайбы. Ал эми такыр өтүшүп кеткендери каза болуп калууда, анда да эгер үмүтү өчпөй, акырына чейин дарыланса, жакшы болуп кетишмек. Мындайлар арасында сакайып чыккандар деле жок эмес.

Ашым Зайналиевдин тийиштүү лицензиясы жана медициналык билими жок. Анткен менен рактын соңку стадияларына жетип, онкологиялык ооруканадан “киши болбойт” деп чыгарылган бейтаптарды дарылап жатканын жана алардын көбү айыкканын айтууда:

- Ракты дарылоо үчүн он күн жетишсиз. Менде дарылангандар үч-төрт айлап жүрүшөт. Мисалы, үч-төрт айда 20 адам дарыланса, алардын жок дегенде он бири айыгып кетүүдө. Журналисттерге да, дарыгерлерге да таң калам. Эмнеге терс маанайдагы жаңылыктардын артынан түшөсүңөр дагы, дүйнөгө сенсация боло турган кабарларды көз жаздымда калтырасыңар? Мына Алла шыпаа берип, айыгып кеткендер өз пикирлерин интернетте деле толтура билдирип жүрүшөт. Бирок, бир дагы кабарчы мага келип, эмне менен дарылап, кантип сакайттың деп сурабайт. Интернетте мындай жаман кабарлар чыкса, ушул суроо менен гана кайрылып жатышат. Биз эч кимди мажбурлап акча бер дебейбиз. Колунда жокторго акыбызды кечип койгон учурлар деле бар.

Бишкектин Көк-Жар конушунда жайгашкан Зайналиевдин клиникасы төрт жылдан бери иштейт. Чырлуу окуялардан кийин деле ага кайрылгандардын аягы сууй элек. Азыр 20дан ашык адам дарыланууда.

"Азаттыктын" архиви: 17-ноябрь, 2016-жыл
Эки баштуу медицина
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:01 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG