Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Атамбаев: сакурадай баксак, өлкөбүз гүлдөйт


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда туруктуулук болсо, мамлекет беш жылда сакурадай гүлдөй турганын Бишкекте өткөн ишембиликте айтты.

Эл арасында Атамбаевдин сөзүнө ишенгендер да, күмөн санагандар да бар. Ал эми серепчилер мамлекеттин өнүгүшүнө бардык шарттар түзүлгөнүн, бирок чиновниктер ичпей-жебей иштесе гана майнап чыгаарын белгилешет. 3 жыл мурда элдик козголоңдун арты менен мурдагы бийлик кулатылып, жаңы бийлик журт башына келген.

Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Жеңиш паркында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев сакура көчөтүн отургузуп жатып, өлкөнү сакурага салыштырды.

- Эгер биз азыр Кыргызстанды сактасак, өлкө мага эмне бере алат дегендин ордуна мен өлкөмө кантип жардам бере алам деп жашап, чоң эмгек менен келген стабилдүүлүктү бааласак, беш жылдан кийин биз башка Кыргызстанды көрөбүз. Төрт-беш жылдан кийин биз алгачкы натыйжаларды көрө баштайбыз. Мен муну абдан каалайт элем. Бул - менин максатым. Менимче, бул ар бир кыргызстандыктын максаты.

Ал ошондой эле Кыргызстан башка өлкөлөрдөн жардам суроо адатынан баш тартып, "маңдай тер төгүп, өзүбүздү өзүбүз багып, атүгүл башкаларга жардам бергендей мамлекет болушубуз керек" деп айтты.

Кыргызстандыктар өлкө башчысынын илгери үмүтүн бөлүшөбү? Бул суроо менен Бишкектин көчөлөрүндө туш келди жарандарга микрофон узаттык.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү Атамбаевге тилектеш чыгып, Кыргызстан беш жылдан кийин сакурадай гүлдөй баштайт деген ойго кошулуп жатты.

- Мен беш жылдан кийин Кыргызстан өнүгүп кетүүсүнө ишенем, анткени Атамбаев жакшы иштеп атпайбы. Келечекке ишенип жашаш керек.

Ошону менен катар эле айрым мекендештер өлкөнүн гүлдөшүнөн күмөн санап, азыркы абалдан чыгаарына ишенбейт.

- 20 жыл өнүкпөгөн Кыргызстан беш жылдын ичинде өнүгүп кетеби? Жок, өлкөнүн бүгүнкү абалын карап, өнүгүп кетет дегенден алысмын.

Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин пикиринде, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн саясий туруктуулук керек эле, ал азыр бар. Анткени оппозиция мурдагыдай туш-туштан чаң-тополоң чыгарбастан, нааразылык жыйынын өткөрсө да мыйзам алкагынан чыкпай, мамлекеттин ишине тоскоолдук кылган жок. Эми мамлекеттик чиновниктер, аппарат өздөрү иш үзүрүн көргөзүшү керек, – деди Казакпаев.

- Өлкө өнүгүү үчүн стабилдүүлүк аз. Президенттин стратегиясы бар, ал азыр иштей башташ керек эле. Бизде болсо көбүнчө убада берип атышат. 20 жылдан кийин тиги же бул долбоор ишке ашат деп айтылып келатат, бирок аны көпчүлүк кабыл албай, ишенбей жатат. Ошол үчүн азыр иштеш керек. Ошол долбоордун көбүн мына азыр аткарса болмок.

Сакуранын 140 көчөтүн Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коике алып келген экен. Аны отургузууга Алмазбек Атамбаевден тышкары өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, башка мамлекеттик чиновниктер катышты.

Жапония Кыргызстанга сакуранын 140 көчөтүн белек кылды.
Жапония Кыргызстанга сакуранын 140 көчөтүн белек кылды.
Коике мырза Жапония менен Кыргызстан ортосунда мамиле өнүгүп баратканын, 2011-жылы Жапониядагы зилзаладан кийин өзү кыйналып турса да Кыргызстан жардам катары бир учак таза суу жибергенин мекендештери унутпай турганын билдирди.

Айтмакчы, Жапониянын сакура багы кыргыз багбандары арасында азыр баасы өсүп, аны короо-жайына отургузууну каалагандар арбып барат.

Президент сакура тикти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

XS
SM
MD
LG