Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

20:09 3.7.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары өткөргөн митингден кийинки пикирлер:

Самарбек Сыргабаев, социолог

"Митинг өткөрүү менен Атамбаев өзүнүн күчүн демонстрация кылууну көздөп жатат. “Мына менин тарапташтарым бар, бир нерсе болсо чыга турган адамдарым бар” деген ишара болду. Анын үстүнө күн сайын экс-чиновниктер кошулганын айтып жатышат. Муну менен Атамбаев топту учурдагы бийликтин дарбазасын карай тепти. Эми бийлик кандай жооп узатары белгисиз. Бирок ушундай көрүнүш улана берсе, тиреш дагы күчөй бериши мүмкүн".

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Атамбаев бийликти бир тараптуу сындаган ультрарадикал оппозиция болуп жатканын айтты. Ошондой эле андан экс-президент макамынын алынышы, андан кийинки иштер боюнча Башкы прокуратура элге маалымат берип турушу керек деп эсептейт.

"Саясий кризис дегенге кошулам, - деди ал. - Саясий тирешүүнү көрмөксөн-билмексен болуп коюу мүмкүн эмес. Чынында эле эл арасында бөлүнүү бар, пикирлер бирдей эмес. Бүгүн саясий кризистин босогосунда турабыз. Парламент кол тийбестикти алды. Эми күч органдарында жоопкерчилик бар. Ошондуктан тез аранын ичинде кылмышы барбы-жокпу, элге айтып, тынчытыш керек. Мындай учурда башкы прокурор басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка эмне иш болуп жатканын айтып турушу керек эле. Азыр баары оозуна талкан салып алгандай унчукпайт".

20:06 3.7.2019

Саясий кырдаал же Мамлекеттин тагдырына ким жооптуу?

19:30 3.7.2019

19:24 3.7.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG