Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Элүү грамм топурак баяны


Азамат Алтай
Азамат Алтай
2003. Үчүнчү июнь күнү эле,
«Азаттыктын» угуп жаткам баянын.
АКШда жашап жүргөн агабыз,
Азаматтын алын билип аядым.
Туулган жерин куса болуп сагынып,
Туткунунда жүргөн тура санаанын.

Мурун деле угуп, билип жүрчү элем,
Мындагыдай ойлор башка келбеген.
"Түз берүүдөн" үнүн угуп аганын,
Түпсүз ойго кирип алып термелем.
Чоң бактынын даана өзү турбайбы,
Чогуу жүрсөң туулган жерде эл менен.

Ушул жолку «Азаттыктан» берүүдөн
Үнүн угуп алыс жүргөн аганын.
Атаң, көрүү... көрсө ушундай тура - деп,
Алда кандай болуп турду абалым.
Ким-ким эле биле бербес туулган жер,
Кан-жан менен бирге болуп калаарын.

Үналгыдан сүйлөп жатты агабыз,
Каргылданып кээде жатты добушу.
Эл-журтунун эсендигин бек тилеп,
Эсинде экен туулган ата-конушу.
Эңсөөсү экен карыган кезде моминтип,
Эл-журтунун арасында болушу.

Кыргызына «Азаттыктан» алыстан,
Канча жолу кайрылбаган, чыкпаган.
Узак жылдар үнүн угуп аганын,
Ушунчалык бошогонун укпагам.
Азыр деле кетким келип турат, - дейт,
Айласыз күн болбогондо кыстаган.

Ушул азыр бошоп турду байкадым,
Үнү турду каргылданып дирилдеп.
Кайда жүрсө ойлойт экен агабыз,
Кыргыз жерин өлөң-төшөк үйүм, - деп.
Алыс чыгып көрбөгөнгө каяктан,
Ата Журттун кымбаттыгы билинмек.

Алыс калды «аңга түшкөн» ал жылдар,
Агабызга катаал тагдыр буйруп.
Эми элине кызмат кылаар кезинде,
Элден-журттан ажыраган буюгуп.
Эрмек болгон агабызга ар качан,
Элди-жерди сүйө билген улуулук.

Анын баарын айтсаң узун сөз болоор,
Арбын чыгаар ансыз деле билгенин.
«Азамат Алтай» деген ат менен,
АКШда алыс жерде жүргөнүн.
Кыргыз атын көңүлүнө уюткан,
Көп жеринде жүргөн менен дүйнөнүн.

Ороналиев Сагынбай, ардагер

"Азаттыктан":
Сагынбай аксакалдын калган ырларын бул жерден окуңуз:

2-бөлүк жана 3-бөлүк
XS
SM
MD
LG