Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Жаркын актердун акыркы керээзи


Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилди.
Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилди.

Кыргыз эл артисти, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына президенттик аппараттын, Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, депутаттар, чыгармачыл адамдар катышты.

Коштошуу зыйнатына келген айылдаштары Дүйшөн Байдөбөтовду актер катары эле эмес, мыкты спортчу, демилгечи, бир да адамдын көңүлүн калтырбаган жаркын инсан катары эскеришти.

- Так ушу коктуга биринчи жолу Дүйшөнбектин демилгеси менен волейбол ойной турган аянт жасаганбыз. Казыктарды бир жактан таап келип, торду зым менен токуган элек. Дүйшөнбек волейболду аябай жакшы ойной турган. Алыска түшө турган топту жүгүрүп барып жата калып алганда кээде төшү менен сүрүлүп жыгылчу. Ылай, топурак болгонуна карабай, спортко жанын үрөп койчу. Экөөбүз Маевка мектебинде окудук. Биздин айыл менен мектептин ортосу үч чакырым. Дүйшөн тээтиги көчө менен келип мени чакырып, анан экөөбүз чогуу жөнөйбүз. Ал мектепти аябай жакшы окуду. Дүйшөндүн бардык иште лидерлик сапаты бар эле, - деди Байдөбөтовдун классташы Кыдырбек Энтибаев.

Энтибаев кезинде Дүйшөн Байдөбөтов түптөгөн, машыктырган ошол айылдык волейболчулар актер Сүймөнкул Чокморов өткөргөн мелдештерге катышып, бир нече жолу ийгиликтерге жетишкенин айтты. Мындан улам аталган айылдын жаштары Дүйшөнгө шыктанып спортко тартылса, улуу муундагылар алардын аяттагы мелдешин атайын келип көрүп отурушчу экен.

Айылдаш курбусу буга улай болочок актердун искусствого койгон алгачкы кадамына да күбө болгонун кеп салды:

- Дүйшөндүн агасы тээтиги үйдө турат. Мыкты чабан. Менин байкем анын этегиндеги үйдө. Агаларыбыз жайкы каникул учурунда жардамчы койчуларын эс алууга чыгарып, бизди "кой кайтаргыла" деп калды. Мен агаларыбызга эркелеп, Дүйшөндү көндүрүп "мандолин сатып берсеңер кой кайтарабыз, болбосо жок" деген талап койдум. Мандолинди цирктин үстүндө жайгашкан "Мелодия" деген дүкөндөн көрүп, кызыгып калгам. Беш рубль турат экен. Аны алып беришти. Канжыгага байлап алышыптыр. Тээтиги жол менен бастырып, бери бурулганда бизге Аксай деген тоонун башынан мандолиндин жаркыраган боору көрүндү. "Келатат" деп кубанган бойдон атты чаап жетип келдик. Ал мандолин азыр да үйдө турат.

Эки дос ошентип мандолиндүү болгону менен, бир топко чейин аны чертүүнү билбей жүрөт. Кийинчерээк айылга устачылыкка келген уйгур жигиттин мандолин чертерин билип, аны ээрчип жүрүп бир-эки ыр үйрөнүп алышат. Маектешибиз ошондон тартып өнөргө кызыккан жаштарды чогултуп алып айыл кыдырып, бекер концерт коюп жүрүшкөнүн жылмая эскерди.

Кыргыз эл артисти, режиссер Акылбек Абдыкалыков менен Дүйшөн Байдөбөтов Москвадагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда бирге билим алышкан. Кесиптешин студенттик күндөрдөн бери жакшы билген Абдыкалыков теңтушу таланты да, адамкерчилиги да бийик инсан болгонун кеп кылды:

- Дүйшөн Байдөбөтов чыгармачылык жолунда чоң-чоң ролдорду ойноду. Айсулуунун талаасы” тасмасында - Сабырдын, "Каныбекте" - Түлкүбектин, “Саманчынын жолунда" – Субанкулдун, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" тасмасында айдоочунун образын жараткан. Театр актеру катары “Курманбек”, “Барпы ырчы”, “Коммунист Танабай", “Отелло" баштаган жүздөгөн спектаклдерде башкы ролдорду ойногон. Адам катары ал абдан боорукер, адамдар менен жакшы мамиле күтө билген, бирөөгө катуу айтпаган, муктаждарга жардам берүүгө аракет кылган, жамандык-жакшылыкка чуркап, баарыбызды уюштуруп турган адамкерчиликтүү жигит эле. Мындай адамдарды "чоң инсан" деп айтсак болот.

Дүйшөн Байдөбөтовду акыркы сапарга узатуу.
Дүйшөн Байдөбөтовду акыркы сапарга узатуу.

Байдөбөтов калың элге Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган "Мен - Тянь-Шань" тасмасындагы Илиястын образы аркылуу таанылган.

69 жаш курагында дүйнөдөн өткөн актер акыркы жылдары ооруп жүргөн. Сөөгү өзүнүн керээзи боюнча кичи мекенине коюлду. Бул тууралуу Байдөбөтовдун иниси Жаныш Молдокматов айтты:

- Ушул биз турган жер Байток деп аталат. Агам "баарыбыз ушул Байтокко барабыз" деп айтып жүрчү. Коштошуу зыйнатын өзү иштеген театрдан өткөрсөкпү деп ойлогонбуз. Бирок туугандар кеңешип, ысыктын күнүндө сөөктү кыйнабайлы деп чечтик. Президент биринчилерден болуп өз фондунан акча бөлүп берди. Албетте, Дүйшөкени "Ала-Арча" көрүстөнүнө койсок деле болмок. Бирок өзүнүн керээзи боюнча туугандардын арасына койдук.

Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөлгөн. Ал үйрөнчүк актер катары эмгек жолун 1966-жылы Алай элдик театрынан баштап, 1972-жылы ГИТИСти бүтүп келгенден кийин Ош драма театрында, 1989-жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында, 1991-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген.

Актердун артында бир уул, бир кызы, алты небере, бир чөбөрөсү калды.

Байдөбөтовду өксүткөн өткөөл жылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:19 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG