Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Казак аткаминери Бакиевдин качканын эстеди


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Бүгүн төрт гезит жарык көрдү. Алар негизинен 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында кызый баштаган саясий окуялар тууралуу жазды.

"Фабула" гезити бүгүнкү чыгарылышында "Асылбек Жээнбековго Аскер прокуратурасы кандай чара көрөт?", "Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Ертысбаев Бакиевдин эмнеге Беларуска качканын түшүндүрдү", "Конституциялык палата Атамбаевдин кол тийбестигин алууну мыйзамдуу деп тапты..." деген сыяктуу бир нече темаларды башкы бетине алып чыкты.

Журналист Алмаз Темирбек уулу "Мыйзамдагы мыйзамсыздык!" аттуу макаласын "Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы бийликтин ортосундагы карама-каршылыктар апогейине жеткени баарына маалым. Эки тараптын ат кошчулары жана акыл кошчулары эки саясий фигуранын тирешин күчөтүп отуруп акыры ушул акыбалга алып келгенин жазган.

"Асылбек Жээнбековго Аскер прокуратурасына кандай чара көрөт?" аттуу маалыматта гезит "Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу өтүнүч менен жазылган арыз Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Буга 21-октябрда КСДПнын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирбек Султанбековдун Башкы прокуратурага кайрылган арызы себеп болду. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу документти парламентте ратификациядан өткөрүүдө Асылбек Жээнбеков мыйзам бузууга жол берген деп эсептейт" деген маалымат таратты.

"Жаңы Ордо" гезити бүгүнкү чыгарылышын "Атамбаевдин акыркы үмүтү үзүлдү" деген тема менен ачты. Аталган маалыматта Атамбаевдин акыркы үмүтү Конституциялык палатада болгонун, эми анысы таш каап, актана турган эч бир аргумент калбаганын, өзү жасаган "шектүү" ишине жооп бериши гана керектигин жазган.

Мындан сырткары гезит бул чыгарылышында Кыргызстанда Кудайлар көбөйгөнүн, депутат Жанар Акаев Ички иштер министрлиги криминалдан коркуп жатканын билдиргени жөн эмес экенин, шаардагы автобус айдоочулардын жарымынан көбү сынактан өтпөй калганын, чоң тойдо депутат Искендер Матраимов саясатчы Азимбек Бекназаровду устат тутууну чечкенин жар салганын, түрмөдө Атамбаевдин кылыгын Сапар Исаков да колдогонун жазды.

Аталган гезитте парламенттик шайлоо, талкууга түшүп жаткан тогуз пайыздык чек тууралуу бир нече макала, кайрылуулар бар. Алардын ичинен саясат талдоочу Айданбек Акматовдун "Парттизме тузагы 9 пайыз болсо... өнүккөн өлкөлөрдө кандай?" аттуу макаласы көзгө урунат. Макалада Жогорку Кеңеш 2007-жылдан бери партиялык тизме менен шайланып келгени, 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин кабыл алынган Конституцияда парттизме менен шайлоо бекемделгени, азыр босого балл 9 пайызга көтөрүлгөнү, бул парламентке келүүнү татаалдаштырып, аны өз талапкерлери менен узурпациялап алууга шарт түзгөнү айтылып, мындай реформанын максаты парламенттин ролун күчөтүп, соңунда парламенттик башкаруу системасына өтүү болгонун, тилекке каршы максаттар орундалбай, үмүттөр талкаланганын, партия лидерлери тизмедеги алдыңкы орундарды 100 миң доллардан 500 миң долларга чейин сатып, натыйжада Жогорку Кеңеш келбей жатып коррупциялашканы айтылган.

Андан ары аталган макалада өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да калкка 100 пайыз партия лидерлери тарабынан талапкерлер тизмеси таңууланбай турганы сөз болуп, Жапония, Түштүк Корея, Британия, Америка, Канада, Франция, Европа өлкөлөрүнүн шайлоо системалары мисалга тартылат.

Жыйынтыгында автор "Кыргызстанга таңууланган 100 пайыз партиялык тизме элдин шайлоо укугун бузган, кемтик система экенин, эң жогорку бийлик органы болгон Жогорку Кеңешти партия лидери эмес эл түзүшү керек" деген пикирин билдирген.

Окурмандар "Жаңы Ордо" гезитинин соңку беттеринен Эл жазуучусу Султан Раевдин сандан-санга уланып жаткан "Илегилек" пьеса-новелласын, таанымал актер Сүймөнкүл Чокморовдун агасы Сүйөркүл Чокморовдун "Сүймөнкүл Чокморовдой адамдар аз болот, мындай атактуу инсандардан эч нерсе аябашыбыз керек!" деп Сооронбай Жээнбековдун бир тууганындай күйүп-бышканы эсимде" аттуу көлөмдүү маегин окуй алышат. Анда атактуу өнөрпоздун иниси Чокморовдун атын түбөлүк калтыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу кеп салып берген.

Камчыбек Ташиев "2020-жылы парламенттик шайлоого 9 пайыздык босого чек менен күчтүү атаандаштыкта шайлоого катышалы..." деп кайрылат "Де-Факто" гезитининин башкы бетинде. Темага көз жүгүрсөк, анда Ташиев "Фейсбук" баракчасы аркылуу жалпы элге " Ооба, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген, азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес, көпчүлүгү парламентте отурушкан, эми гана айта башташты, демек ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрки жеткен эмес. Жеке мен 9% босогонун калышын каалайм, саясий атаандаштыкта күч сынашалы, эл чечсин кайсыл адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин, АЛЛАХым буюрса элдин колдоосу менен парламентке өтүп келебиз!" деп кайрылганы гезитке басылган.

"Вечерний Бишкек" гезити Бишкек шаарында маршруттук такси айдаган айым пайда болгонун, ал тажрыйбалуу айдоочу Саткын Сазаева экенин, каармандын жумуш учуру кандай өтөрү тууралуу жазды. Кийинки беттеринде кыргыз-жапон кызматташтыгы баштаган расмий маалыматтарды берип, Бишкек шаардык кеңеши муздак сууга болгон бааны көтөрүүнү колдогонун жарыялады.​


«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG