Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Баткен: кошумча күчтөр кетти, кооптонуу күч


Кыргыз-тажик чек арасы. 5-февраль, 2014-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 5-февраль, 2014-жыл.

Баткендин Тажикстан менен чектеш аймагына кошумча тартылган күчтөр чыгарылып бүттү. Учурда чек аралаш айылдардагы ички коопсуздукту аймактык милиция көзөмөлдөп жатат.

Кошумча аскерлер кеткени менен жергиликтүү тургундар арасындагы кооптонуу сезими кеткен жок. Чек арага жакын жашагандар айылдарды өздөрү кайтарып жатканын айтышат. .

Айымбасар Жапарова Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде Жака-Өрүк деген жерде жашайт. Кыргыз-тажик чегинде жаңжал чыкты дегенде эле эки тараптын кишилери ушул аймакка чогулат. Анткени үйдүн жанынан Ош-Исфана жолу менен Тажикстандын Исфара-Ворух жолу кесилишип өтөт. Бир тарап жолду бууганга, экинчи тарап жолду тостурбаганга аракеттенет.

11-январда эки өлкөнүн чек арачылары ок атышкандагы жаңжалдан бери кошумча тартылган күчтөрдүн бир бөлүгү Айымбасар Жапарованын үйүнө түнөп турушкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң чек аралаш аймактан эки өлкө кошумча тартылган күчтөрүн чыгарып кетти. Айымбасар Жапарова кооптонуу дагы деле бардыгын, бирок айла жок жашоону уланта берээрин кошумчалады:

- Түн ичинде шырп эткен дабыш чыкса уйкубуз бузулат. Бийликтен биздин коопсуздугубузга чыр чыккан учурда гана эмес, дайыма көңүл буруп турушун суранат элек. Биздикилер кошумча күчтөрдү эрте чыгарып кетти да. Болбосо оттун деми кайта элек, элде кооптонуу күч. Эми тынчтык болуп кетсин, ошону тилеп отурабыз.

Кыргызстан-Тажикстан ортосунда чек ара жабылган бойдон ачыла элек. Кошумча күчтөр аймактан чыгарылганы менен жай тургундар дагы бир чагымчыл аракеттер болуп кетпесин деген таризде күзөттөрдү уюштуруп жатканын Орто- Боз айылынын башчысы Абдилахат Курашов айтты:

- Биздикилер чыкты деп жатышат. Биз анчейин ишенбей турабыз. Биз азыр Тажикстандын аймагына барбай жатабыз, алар бизге келүүдөн чочулап турат. Элде кооптонуу бар да.

Чек арадагы тургундар кошумча тартылган күчтөр кеткенден бери "эми кандай болот" деп санааркап турушканын жашырган жок. "Кыргыз тарап бул аракетти ишке ашырды, кошуналар аны аткараарына көзүбүз жетпейт, анткени буга чейин бир топ макулдашууларды бузушпады беле",- дешет. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова "Тажик тарап кошумча күчтөрүн бир жума мурда чыгарды дегени менен айрым жерлерде Тажикстандын күч кызматтары калды" деди:

- Биздин чек арачыларды алып чыгып кетишкен. Милициялар жер-жерлерде абалды көзөмөлдөп турат. Тажик чек арачылары кеткен жок. Кыргызбай дегендин жеринин тушунда палаткалары да, контейнерлери да турат. Жоокерлери жол боюнда от жагып отурушат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Каныбек Кудайбердиев болсо “чек аралаш аймакта эки өлкөнүн милиция кызматкерлери коопсуздук үчүн биргелешип иштеп жатабыз, абал көзөмөлдө” деп билдирди:

- Азыр абал тынч. Кошумча тартылган ички аскерлер да, чек арачылар да чыгып кетишкен. Биз азыр тажик кесиптештер менен чек арадагы абалга биргелешип көз салуудабыз.

11-январда Көк-Таш-Ак-Сай айланма жолунун курулушуна тажик тарап каршы болуп эки өлкө чек арачылары ок атышкандан бери чек аралар жабылган. Бир нече жолу жолу облустук, андан кийин өкмөттүк деңгээлде да эки тараптуу расмий жолугушуулар өткөн. Бирок азырынча натыйжалуу жыйынтык боло элек.

XS
SM
MD
LG