Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Прокурордун өлүмү: митингдеги талап


Баткендеги митинг.

Баткен шаарында облус прокурорунун өлүмүнө шектүүнүн жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар президентке, Жогорку Кеңешке, укук коргоо органдарына кайрылып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү камсыздап берүүнү талап кылышты.

Облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын 40 жаштагы жетекчиси Мелис Калыков кармалган.

Жүзгө жакын адам катышкан нааразылык акциясына Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрдү деген шек менен кармалган Мелис Калыковдун ата-энеси, жакындары чыгышты. Алар прокурордун өлүмүнө жана аны өлтүрдү деп шек саналып жаткан облустук капиталдык курулуш мекемесинин жетекчисине байланышкан тергөө ишин акыйкат жүргүзүүнү, аңчылыкка чогуу чыккан прокуратура кызматкерлери да суракка алынышын талап кылышты.

Прокурордун өлүмү: шектүүнүн тарапташтары митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Шектүүнүн бир тууган эжеси Дарика Калыкова “иним кыйноого кабылды” деп, муну териштирүүгө көмөк көрсөтүүнү сурап эл аралык уюмдарга да кайрылууну көздөп жатышканын билдирди:

- Иним кыйноого кабылганы тууралуу арыз менен кайрылды. Биз азыр ЕККУга кайрылуу бердик. БУУга да кайрылуу даярдап жатабыз.

Дарика Калыкова акция учурунда териштире турган көптөгөн күмөндүү жагдайлар бар экенин кошумчалады:

- Кызматынан убактылуу четтетилген прокуратура кызматкерлери да мыйзамсыз аң уулоого чыгышканы үчүн, инимди “ошол эс алууну уюштуруп бер” деп кызмат абалынан пайдаланып мажбурлашканы үчүн, кызматтык унаасын дем алыш күнү жеке кызыкчылыктарына пайдаланышканы, жетекчилерин коргой албаганы, кылмыштын алдын албаганы үчүн жооп бериши керек деп эсептейбиз.

Митингдин катышуучулары талаптарын президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага жиберүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Укук коргоочу Хаит Айкынов кайрылууда "бул окуяга байланышкан тергөөнү Ички иштер министрлиги гана жүргүзбөстөн, атайын биргелешкен мекеме аралык топ түзүлсө" деген өтүнүч камтылганын айтты:

- Акциянын катышуучулары атайын кайрылуу кабыл алышты. Ал жерде негизгинен "адилет, ачык тергөө жүрсүн, президент жеке көзөмөлүнө алсын, тийиштүү бир канча мекеме аралык тергөө тобу түзүлсүн" деген талаптар коюлду.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарындагы тергөө абагында кармалып турган Мелис Калыковдун кыйноого кабылганы тууралуу Кыйноого каршы борбор маалымат тараткан. Шектүүнүн жакындары болсо аны менен жолугушууга кире албай, абалы менен тааныша албай турушат. “Арыз менен кайрылгандан кийин шектүүнүн коопсуздугу үчүн улам-улам кабар алабыз” дейт Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов.

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

- Айыпталуучу "кыйноого кабылдым" деп өзү айтып, арыз жазып берди, - деди борбордун жетекчиси. - Арызында ал “мени кармагандан кийин Баткен облустук милиция башкармалыгына алып келип, прокурорлор жана милиция кызматкерлери кыйнашты” деп жазып жатат. Биздин кызматкерлер аны текшерүү учурунда денесинде көгаласы, сабалган жерлери бар экенин көрүп, сүрөткө тартып алышты. Бул боюнча биз Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кыйноого алган кызматкерлерге чара көрүүнү талап кылдык. Мындан сырткары бул иштин иликтенишине президенттин да көз салып турушун суранып жатабыз. Эми биздин кызматкерлер да тез-тез барып, кармалган жаранды көрүп, кабар алып турушат.

Ички иштер министрлиги кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Калыковду милиция кызматкерлери кыйнаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Дамира Юсупова денедеги көгалалар кармалганга чейин эле болгону тууралуу аныктамалар бар экенин айтты:

- Прокурордун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштеринин негизинде шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун денесинде суракка чейин эле ар түрдүү жарааттар болгон. Бул боюнча шектүүгө медициналык экспертиза жүргүзүлүп, бул документтер кылмыш ишине тиркелген. Милиция кызматкерлери шектүүнү кыйнаган эмес.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG