Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Баткенде эл аралык альпиниада өтүүдө


Баткенде өтчү альпиниаданын катышуучулары.
Баткенде өтчү альпиниаданын катышуучулары.

Баткенде 4-августтан бери альпинисттердин эл аралык альпиниадасы өтүүдө. 15 күнгө созулчу бул иш-чара эгемендик алгандан бери биринчи жолу уюштурулууда.

Тоолуу аймакта альпинизмди кирешелүү тармакка айлантса болот, бирок бул багыт менен алектенгендер аз, кала берсе бул жолку мелдешке Кыргызстандан бир да альпинист катышкан жок.

Баткендин Геревшин тоосунда 7 б категориясына чейинки аскалар бар. Кыргызстандын аймагында эң кыйын аскалары бар тоо катары альпиниаданы ушул жерде өткөрүү тандалган. Мелдешке алыскы чет өлкөлөрдөн 70тей альпинист жана 30 калыс келген. Бирок шарты татаал категорияга кирген тоолорду кыдырып жүргөн альпинисттерди мерчемдүү жерлерге жеткирүү, кайра алып келүү иши тик учак маселесине байналыштуу кыйла түйшүк жаратты. Орусиянын Екатеринбург шаарынан өз командасын алып келген Анатолий Ярунов Кыргызстанда альпинизмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар, бирок эмнегедир жакшы маани берилбей жатат дейт. Ал бул тоолорго жыл сайын келип-кетип турат экен.

- Биздин команда мелдеш өтчү тоолорго жетүү үчүн тик учакка акчасын төлөп койдук, бирок тик учак менен камсыздап бере алышпады. Альпинисттерибиз эшектер менен жөө 2-3 күндөп тоого чыгууга туура келди. Тийиштүү шарттарды түзүп берип, альпинизмди өнүктүрсө жакшы болот. Бирок эмнегедир бул жактан аталган тармакка жакшы маани берилбей жаткандай.

Иш чара 31-июлдан 14-августка чейин уланат. Уюштуруу иштерин аткарып жүргөн Batken Travel Service туристтик компаниясынын жетекчиси Жунусбек Каразаков Баткенде туризмди өнүктүрүү деген бул - альпинизм менен эле байланыштуу дейт.

- Баткенде туризм дегенди альпинизмсиз элестетүү мүмкүн эмес. Чет өлкөдөн келгендердин дээрлик бардыгы альпинисттер. Бирок бизде альпинисттер үчүн тийиштүү шарттарды түзүп бере албай жатабыз. Аскаларга жеткирүү, кайра алып келүү, учак жана коопсуздук маселеси. Бизде альпинизмди жакшы өнүктүрүүгө шарттар бар. Бирок аракет аз. Бул жолку альпиниада эгемендик алгандан бери биринчи жолу уюшулуп жатат. Жакшы өткөрүп алсак, альпинисттерди чакырууга дагы бир кадам болот.

Баткендин Геревшин тоосунда альпинисттердин альпиниадасын Орусиянын альпинисттер федерациясы уюштурууда. Ар бир альпинист Кыргызстанга келээрде 30 миң АКШ долларына камсыздандырылат. Бул милдеттүү. Анткени тоолуу шартта кокустук жаралган учурда Кыргызстанда тик учак маселеси, алгачкы жардам көрсөтүү кымбат. Ушундай маселелерди ыңгайлуу кылып чечсе, аймакка экстремалдык туризм сүйүүчүлөр көп келет эле дейт орусиялык альпинист Анатолий.

- Бүгүнкү күндө тилекке каршы альпинисттердин коопсуздук маселесин камсыздоо негизги көйгөй болуп турат. Кабыл алып жаткан кыргыз тарап биздин ар бирибизди 30 миң АКШ долларына камсыздандырууга милдеттендирип жатат. Бул албетте кымбат. Кокустук болуп кетсе, тик учак менен алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсүн деп ушундай баа болуп жатат.

Облус аймагында туристтик кирешени, тармакты тейлеп, баш-көз болчу деле киши жоктой. Облустук акимчиликтин туризм тармагын тейлеген адистерде аймакка канча турист келди, кандай көйгөйлөрү бар же кандай шарттар жаралып жатканы, ал турсун Геревшин тоосунда өтүп жактан Эл аралык альпиниада тууралуу маалыматы деле жок экен.

Геревшинде альпинисттердин эл аралык мелдеши 15 күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG